ЭКИ ЖҮРӨК, БИР СҮЙҮҮ

(Сексопатолог Күлчоро Аскаровдун китебинен)

(Башталышы өткөн сандарыбызда)

АЯЛДЫН ЖЫНЫС КЫНЫ
Кээ бир аялдын жыныс кынынын оозу чаткаяктын ылдый жагында жайгашкан болот. Мында “эркек үстүндө” ыкмасын колдонуу жарабайт. Анткени эркектин “алигиси” канчалык узун болбосун, аялдын жыныс кынынын түбүнө жетпейт да, аял кумарга канбайт. Же жыныс кыны ооруп кетет.
Күндөрдүн биринде бизге эки жаш жубай келди. Жыныстык кошулууда келин оргазм ала албайт экен. Башкача айтканда, күйөөсү кандыра албайт. Бул келиндин жинин келтирип, ачуулантат. Күйөөсүнүн дене түзүлүшү жана “аспабынын” узундугу калыпта эле экен. Тактап айтканда, 12 сантиметр. Себебин изилдесек, кеп келиндин жыныс кынынын оозу чаткаягынын ылдыйында жайгашкандыгында болуп чыкты. Кошулган кезде күйөөсүнүн “аспабы” аялынын жыныс кынынын түбүнө жеткен эмес. Жигитке болсо аялынын жыныс кыны терең жана кенен сезилген. Жаш келин күйөөсүнүн “аспабын” кыска деп күнөөлөгөн. Кошулган кезде өзүнүн жыныс кынынын ичи бош, көңдөй катары сезилген.
Келин жыныс кынынын толуп турушун эңсейт. Булар үчүн төмөндөгүдөй кошулуу ыкмасын сунуштадык:
Жаш келин төшөккө тизеси, анан эки чыканагы менен таянып, белин ийип, көчүгүн өйдө көтөрүп чөгөлөйт. Жигит тизелеп, аялынын артынан кошулат. Кошулуу учурунда эркектин “аспабы” жыныс кынына терең кирип, бири-бирине кийилип, ыйкоо жакшы жүрөт. Экөө тең жыныс кумарына канышат.
Үчүнчүсү, кээ бир аялдардын жыныс кыны чаткаягынын дал ортосунан орун алат. Мындай аял менен кошулуу өтө ыңгайлуу жана жакшы жүрөт. “Эркек үстүндө” ыкмасында экөө тең жакшы кумарга бата алышат. Апта сайын секс ыкмаларын өзгөртүп кошулса боло берет.
Эркек менен аял бири-бирин өтө сүйүшүп, жыныстык катнаш болор алдындагы “сүйүү оюндарын” ойноп, делебелери козголуп, денелери ысып, кошулууну эңсөөнүн чегине жетишти дейли. Мына ушул мезгилде жыныс кыны өтө ызаттуу “конок” – “алиги” келет деп, керилип-чоюлуп жасана баштайт. “Конокко” гана жага турган өзүнүн “атырын” чачып, боюн узартып, “конок” кыйналбай кирсин деп “төрүн” кеңейтип, көрүшүүгө даяр болот.
Жыныс кынындагы нерв “зымдары” аркылуу телефон шыңгырап, жатынга да жакшы кабар жетет. Өтө ызаттуу “конок” – “алиги” келе жатат деп, жатын да кыйшайып уктап жаткан жеринен мойнун койкоңдотуп туруп, кулачын жайып күтүп алат.
Урматтуу “конок” – “алиги” да жолугушууга оңой даярданган жок. Жыты аңкыган эки “анделегин” куржунуна салып алып, денеси ысып-күйүп, “бети-башы” кызарып, вагинанын “атыр жытын” алыстан искеп, “алтын дарбазага” жакындап келди. “Босогону” аттап киргенде вагина аны кысып кучактап тосуп алды. Анан кээде бири-бирин “түртүшүп”, бири-бирин назик “өбүшүп”, эзилишип, жыргалга терең батып, кумарга мас болушту. Анан “мемиреп” уктап калышты. Бул жыныс кынынын экинчи аткарган милдети.

КУЧАКТАП ЭРКЕЛЕТҮҮНҮН ЖАНА ӨБҮШҮҮНҮН ТҮРЛӨРҮ
Эркек менен аялды бири-бирине желимдей жабыштырып, жылчыгын чыгарбай кынап, сүйүүсүн арттырып, бактылуу жашаткан жыныстык жактан шайкештик болуп саналат. Бул адамдар кааласа да, каалабаса да жаратылыштын мыйзам ченемдери.
Булардын баары “Камасутрада” мыкты түшүндүрүлгөн. “Камасутраны” билбеген аял – күйөөсүнүн “асыл тамчыларын” анын ойношу менен тең бөлүшкөн аял.

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Baizakk11
2011-02-22 05:52:08
en jakshi kenesh
-1
2012-04-03 05:14:07
12сантиметр кичине эмеспи? кыздардан жооп кутом
0
2012-04-03 05:16:44
мен интернеттен коп окуп калам 12сантиметр эн кичинекей деп
0
aruunaz-1991
2012-10-19 22:15:49
камасутра деген эмнеееее
0
fayzuldaeva
2013-10-16 08:33:03
aruunaz-1991, ал китеп .ал жактан коп секас жондо билсениз болот
0
logist
2013-09-29 21:06:32
кеп 12 см-де эмес ар турдуу ыкмаларды колдонгондо.кызды кандырам десе 8 см дагы кандырат ар кандай ыкма менен
0
Kanulya86.m
2015-03-29 15:13:26
Ой ичиим, ой борууум, ))) конок тоскон жерлерин аябай комедийный кылып жазыптыр
0
№ 415, 15-21-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан