КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ: УКМКнын КЫЛТАГЫНА КИМДЕР ИЛИНҮҮДӨ?

18-январда Финполдун ички иликтөөлөр жана коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Т.А.Р. мыйзамсыз баюуга шектелип кармалды. УКМКнын маалыматына таянсак, аталган адам Финполдо жетекчилик кызматтарда иштеп турганда Ош жана Бишкек шаарларынан 15 кыймылсыз мүлк сатып алынып, анын жакындарына катталганы аныкталды. Ошондой эле чиновник Ош шаарында 13 кабаттуу үйдүн, бир катар дүкөн, ресторандардын жана автоунаага май куюучу жайлардын курулушунун көпчүлүк бөлүгүн каржылаган деп айтылат маалыматта. Алдын ала эсептөөлөрдө кармалган шектүүнүн мүлктөрүнүн жалпы суммасы 4 миллион доллардан ашык экени айтылды. Учурда Т.А.Р. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пара алууга шектелип “Жалал-Абад электр” ишканасынын бөлүм башчысы кармалганын 19-январда УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Анын үстүнөн ишкерлер арызданып, шектүү талап кылган 90 миң сомдун 40 миңин алып жаткан жеринен кармалганы айтылат маалыматта.

Коопсуздук комитети тарабынан Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын мурдагы башчысы Калысбек Жумаканов кайрадан кармалды. Ал инспекцияда дары-дармектерди жогорулатылган баада сатып алууга катышкан, кызматкерлеринен пара талап кылган деп шектелип жатат. Экс-чиновник былтыр октябрь айында да кармалып, көп өтпөй үй камагына чыгарылган эле.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалып, УКМКнын тергөө абагына 2 айга камакка алынган. Расмий маалыматка таянсак, Төрөкулов бийлик өкүлдөрү жана жеке адамдар менен Ош шаарындагы тери иштетүүчү заводду рейдерлик жол менен басып алууга шектелүүдө.

Бул арада коррупцияга шектелип өткөн жумаларда кармалган жарандык активист Мелис Аспеков көрсөтмө берүүдөн баш тартканы жарыяланды. Аспековдун жактоочусу Назира Абышкаева кардарынын көрсөтмө берүүдөн баш тартуусун “аны шектүү катары кармоого негиз көрсөтүлгөн жок” деп түшүндүрдү.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 946, 21-27-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан