УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 5-октябрдан кийинки окуялар боюнча саясатчы Өмүрбек Бабанов элге жалган маалымат таратып жатат деп чыкты. Ташиев 9-октябрда Бишкектин “Ала-Тоо” аянтындагы баш аламандыктан кийин Бабанов менен жолукпаганын билдирди.
– Бабанов жалган сүйлөп коомчулукту адаштырбасын. Биз алар менен 9-октябрдагы баш аламандыктан кийин жолуккан эмеспиз жана алардын алдында “митингди уюштурган жокпуз” деп актанган эмеспиз. Руслан Казакбаев Бабанов менен 9-октябрга чейин жолукканыбызды тастыктап бере алат. Бабанов Атамбаев (ред.: мурдагы президент) жана башкалар менен бирге элдин бийлигин тартып алуу үчүн аянтка келген. Биз 9-октябрдагы митингде чагымчылдык жасагандар боюнча иликтөө жүргүзүп, жоопко тартабыз,- деп жазды Ташиев өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына.
Буга чейин Бабанов 13-октябрда Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен жолукканын, ага Руслан Казакбаев да барганын маектеринин биринде айткан эле.
Жумабай Акимов