САМАРА КАРИМОВА АПТАНЫН “ЖЫЛДЫЗЫ” БОЛДУ

Айрым ырчылардын ийгиликсиз хайпынан кийинки аптанын темасы ырчы Самара Каримованын жетекчилик кызматка барганы болду. 13-январда Самара айым Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына кайрадан директор болору жарыяланды. Ырчы Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен соттошуп, утуп алган.

ЭМГЕК ЖАМААТ КАЙРА КАБЫЛ АЛГАН ЖОК

“Чубактын чуусундай” чубалган бул иш 2018-жылы башталган. Ырчы аталган окуу жайга директорлук кызматка дайындалып, бирок эмгек жамаат кабыл албай койгондуктан 1 күндөн кийин кызматтан алынган. Каримованы кызматка дайындоо боюнча буйрук Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан жокко чыгарылган.

Арадан 3 жыл өтүп, Бишкектин Биринчи Май райондук соту Каримованын пайдасына чечим чыгарды. Бул чечимдин негизинде ырчы айым кайрадан директорлук кызматка дайындалганы жарыяланары менен аталган окуу жайдын эмгек жамааты кайрадан каршы чыгышты:

– 2018-жылы Самара Каримова окуу жайдын директорлук кызматына кандай критерийдин негизинде дайындалганын билбейбиз. Ошол кездеги министр Азамат Жаманкулов иштен кеткенге чейин эч нерсе дебей, ал кетери менен сотко кайрылып жатат. Биз жетекчилик алмашат дегенин угуп нес болдук. Эмгек жамаат эмнеге каршыбыз? Биздин ишибизди түшүнбөгөн ырчыны алып келип, тажрыйбалуу адамды кетиргенине каршыбыз.

Нааразы болгон кызматкерлер менен жолугушууда Самара Каримова буларды билдирди:

– Соттор мыйзамдуу чечим чыгарды. Мындан 3 жыл мурда бул окуу жайга директор болуп дайындалып, 1 күндөн кийин ошол кездеги маданият министри Азамат Жаманкулов буйрук негизсиз деп, арыз жаздыртпай кызматтан мени алып койгон. Менин аброюмду, адамдык укугумду тебелеп жумуштан алган. Мен бул иш боюнча арыз жазып, сотко кайрылып, жарым жылдан бери сот иштерине катышып жүрөм. Сот министрликтин кылганы туура эмес деген чечим чыгарып берди. Мен сотко же тууганыма таянган жокмун. Жамаат “бул тууралуу маалыматыбыз жок болчу” деп жатышат. Азыркы директор соттук иштер тууралуу билчү. Жакында министрликке чейин чогуу барганбыз.

"ЭЧ КИМГЕ АРЫЗДАНБАЙМ, КЫЗМАТЫМДЫ ТАПШЫРЫП БЕРЕМ"

Ал эми аталган музыкалык окуу жайдын учурдагы директору Нурлан Каримов креслого жармашпай турганын, кызматын тапшырып берерин айтты.

– Буйрукту алып келип мага көрсөтүштү. Анда 15-январдан баштап Самара Каримова иштеп баштаары тууралуу жазылыптыр. Мен аны менен тааныштым. Бул жерде 2 жылдан бери иштеп келем. Кызматкерлерге мыйзам чегинде иш алып барарымды түшүндүрүп, эч жакка чыкпагыла деп билдиргем. Мен кызматымды тапшырып берем жана эч кимге арызданбайм. Негативди жаман көрөм, креслого жармашпайм. Кечээ министрликке барып сүйлөшкөндө да айткам, жөнөкөй кызматкер болсом да иштей берем. Маданият тармагында 20 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келем, эч кимден эч нерсе талашпайм,- деп билдирди.

Социалдык тармактарда Самараны колдогондор да, колдобогондор да болуп кызуу талкуу жүрүп жатат. 19-январда ырчы окуу жайдагы иш бөлмөсүнөн журналисттердин суроолоруна жооп берди.

"Мындай түшүнбөстүктөр башында ар бир жерде болот. Мен ишенем жана кепилдик берем, эмгек жамаат менен тил табышып, буюрса, баары менен иштешип кетем",- деди ал.

Ошол эле күнү ырчы Самара Каримованы музыкалык окуу жайга директор кылып кайтарууга негиз болгон соттун чечими күчүн жоготкону белгилүү болду. Буга Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Бишкек шаардык сотуна кайрылганы себеп болду. Министрлик Биринчи Май райондук сотунун чечимине макул болбой, соттогу ишенимдүү өкүл мурдагы министр тарабынан бекитилгени жана иштин эки жылдан кийин каралганы мыйзамсыз болгон деп жатат. Апелляциялык даттануу түшкөндүгүнө байланыштуу райондук соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кире электиги белгиленет. Мындан улам Самара Каримова жетекчилик орунунда калабы же жокпу, ачык маселе боюнча калды.

Эске салсак, бул окуя биринчи жолкусу эмес. 2017-жылы Самара Каримова Оштогу "Сулайман-Тоо" музей комплексине башкы директор болуп дайындалып, коомчулуктун сын-пикиринен кийин өз каалоосу менен кызматты тапшырган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Nurzada_0111
2021-01-25 14:21:43
Жыгылган курошко тойбойт деген ушул экен
+5
Malyusi
2021-01-25 23:05:07
Озун 91инчи жылкы болсон кайдан 20 жыл иштейсин маданият тармагында
0
gafurova01
2021-01-26 23:36:19
Malyusi, Нурлан Каримов иштеп келе жатат экен 20 жылдан бери
0
arimaz89
2021-01-26 05:45:39
Түшүнбөйм эч, ушул аялдын креслого конгону да учканы да кызык. 2018-жылы ким буйрук чыгарган директор деп?
+1
№ 946, 21-27-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан