ИЧ КӨЙНӨГҮҢ КӨРСӨТЧҮ, КИМ ЭКЕНИҢ АЙТАЙЫН

Жакын адамыңыздын мүнөзүн билгиңиз келеби? “Кантип?” дейсизби? Аны билүү кыйын эмес. Жакыныңыздын кечинде кийип жатчу кийимине көңүл буруңуз да, төмөндөгү тест аркылуу салыштырып көрүңүз. Эгер мүнөздөмө дал келбесе, анда жакыныңызды толук биле элексиз.

АЙЫМДАР

Этеги кыска көйнөкчөн уктаган аялзаты өзгөчө көңүл бөлүүнү талап кылат. Алар алаканга салып үлпүлдөтүп бакканды, дайыма эркелетүүнү, мактоону сүйгөн жана мээрими менен эркекке бүлүк түшүргөн жан. Сиз менен бейпил түн кучагында бүлбүлдөгөн шам, жагымдуу музыка астында эзилишип отурганды сүйөт. Ошондо ал эмне кааласаңыз, баарын аткарат.

Түнкү көйнөкчөн уктаган аялзаты сезимтал, назик жана кыялкеч келишет. Мүнөзү токтоо, дайыма жаркылдап турушат. Бул типтеги айымдар кайда болбосун тазалыкты жактырышат жана ар дайым сырткы келбетине көз салып жүрүшөт. Төшөктө жаңы ыкмаларды колдонууну каалашат.

Пижамачан уктаган аялзаты бекем жана стабил­дүү мамилени тандайт. Алар ууртунан күлкү, оозунан назик сөз кетпеген жандар. Көбү турмушка тың келишип, ооруңду колдон, жеңилиңди жерден алган жапакеч айымдар. Көбүнесе бак ичинде эс алганды жактырышат. Ал эми төшөктө тапкыч, бирок эмоционалдуу эмес.

Балдар пижамасын кийип уктоону баалаган айым жылуу бурч, жумшак төшөктү, бир калыптагы жакшынакай мамилени баарынан өйдө коёт.

Майка же футболкачан уктаган аялзаты эч кимден жардамын аябаган боорукер, ак көңүл, бирөөлөр менен бат тил табышкан жандар. Шайыр келишип, бир орунда тура алышпайт. Шаңдуу компанияны жактырышат. Төшөктө энергия бергенге да, алганга да жетишет.

Жылаңач уктаган аялзаты айымдардын эң мыктысы деп саналат. Алар ачык-айрым, сезимтал, ишенимдүү келишет. Алдына койгон максатына жетмейинче жаны тынбай аракеттенишет. Бирөөнүн көзүн караганды жек көрүшөт. Эркектин сезимине ошондой сезим менен жооп беришет.

МЫРЗАЛАР

Пижама. Бул кийимди кийип уктаган эркек баарын түз айткан ачык-айрым, куулук-шумдукту билбеген, кошоматты жактырбаган адам. Мындай мырзалар сөзгө бек туруп, айткан нерсесин сөзсүз аткарышат. Төшөктө өз “ишин” мыкты аткара билишет жана эл жок жерде эс алганды сүйүшөт.

Турсийчен уктаган эркек турмушунун майда-баратына чейин карап чыгып, ырааттуу тартип болушун каалаган мырза болот. Алар эч качан көңүлүңдү калтырбайт. Досторунун керегине көп жараган камкор, жапакеч жандар болушат. Туулган күнүң качан экенин сен унутсаң да, ал унутпайт.

Көйнөк же футболка. Мындай кийимдерди кийип уктаган мырзалар карьера менен иши жок немелер. Жолдон кымындай нерсе таап алса, мисалы, дат баскан мык болсо да, үйүнө ташыйт. Байлык көрсө кучактап басып жыгылган адамдар.

Момозий көйнөк-дамбалчан уктаган мырза өз турмушуна тың, өзүмчүл болот. Алар башканын пикири, көңүлү менен эсептешпей, өз кызыкчылыгын гана ойлошот. Көңүлү каалап турган нерсеге кандай жол менен болсо да жетишет. Баштаган ишинин майын чыгара жасашат. “Эркек айттыбы, демек, аны жасайт” деген принцип менен жашашат.

Жылаңач абалда көбүнчө кыялкеч, чыгармачыл адамдар укташат. Алар качан көрсөң жаңы идея издеп жүрүшөт. Жашоосунда туюк көйгөйгө кептелип калса, андан акылга салып чыгып кете алат. Бул типтеги мырзалар менен жүрсөң эч качан зерикпейсиң. Убакытты кызыктуу жана шаңдуу өткөрүшөт. Ал эми төшөктө өзүмчүл болушат.


Эротикалык кабарлардан

ЖЫЛАҢАЧ КЫЗДАРДЫ ЖАКТЫРГАН ПУТИН
Орусиянын премьер-ми­нист­ри Владимир Путин 7-октябрда 58 жаш кутман курагын белгилеп, эротикалык жана саясий багыттагы календарларды белекке алды. Ага бул белекти МГУнун журналистика факультетинин кыздары ыроолошкон. Календардан кыздардын жарым-жылаңач сүрөттөрүн жана алардын Путинге арнаган сүйүү сөздөрүн көрүүгө болот. Ал эми саясий календарда көйгөйлүү суроолор орун алган. Кызыгы, Владимир Владимировичке эротикалык календарь өзгөчө жагыптыр.

ЖЫЛАҢАЧ ЖҮРҮП КАЛБАСАК БОЛДУ
Чоң энелерибиз кийген панталондор эсиңиздеби? Мына ошол панталондордун көлөмү жылдан-жылга кичирейгенден кичирейип бараткансыйт. Учурдун дизайнерлери кездемени үнөмдөп жатышканбы, айтор, алакандай болгон стрингдерди ойлоп чыгара башташты. Жибектен тигилген бул кооз ич кийимдер учурда Улуу Британиянын дүкөндөрүндө сатылууда. Стринг кантип кармалып турат дейсизби? Ал денеге четине кошулуп тигилген силикон таякчаларынын жардамы менен карматылат экен.

“УЛУУ БРИТАНИЯ СУЛУУСУ” СОЙКУБУ?
“Улуу Британия сулуусу-2010” жана “Корнуолл сулуусу” наамдарынын ээси Лора Аннесс буга чейин калпты ышкыртып айтып жүргөнүнө байланыштуу улуттук сынакка катышуу укугунан четтетилген. “The sun” басылмасынын билдирүүсүндө, ал 16 жашынан тарта порно журналдарга сүрөткө түшүп, секс-салонунда массаж кызматын көрсөтүп келген. Мындан тышкары анын чыныгы жашы 22 эмес, 27 экени да билинип отурат. Сынактын талабы боюнча, талапкер буга чейин жылаңач сүрөткө түшпөгөн, сексуалдык кызмат көрсөтүү тармагында иштебеген жана жашы 24кө чейинки бийкеч болушу шарт эле. Лора Аннесске алданган сынактын уюштуруучулары учурда бармактарын тиштеп отурушат.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Aiperim
2011-01-14 13:57:15
шермендего !
0
J_n_a
2012-06-01 21:44:07
Ишенуу кыйын...
+1
№ 415, 15-21-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан