КЫЯНАТТЫКТАН ЖАРАЛГАН "АРЗУУ" ЫРЫ

Ырды укканда кыз-жигиттин эмес, күйөө менен аялдын кусалыгы, жан кейиткен азабы камтылгандай сезилчү. Тарыхын билгенден кийин андан да терең маселе жатканын билдик. Күйөө менен курбунун кыянаттыгы, түн ичинде жаралганы жана башка кызыктарды ырды жаратуучулар айтып беришет.


Бакыт Мамаев, обончу: «БОЛГОН ОКУЯДАН ЖАРАЛГАН ЫР»

– “Арзуу” болгон окуядан жаралган. Негизи төрт сериядан турган ыр. “Арзуу”, экинчиси “Миң бир түн”, үчүнчүсү “Уурдалган махабат”, төртүнчүсү “Сагынып келдим айылыңа” деп аталат. Бир келиндин тагдырын ушундай бөлүккө бөлүп ыр жазгам. Элге кеңири таанылганы “Арзуу”, калганы дагы чыгат деп ойлойм.

Окуя Ат-Башы районунда болгон. Эки айылдын тургундары курбу болуп бири-бирине келип кетип жүрүшөт. Бир күнү Жаңы жылды үй-бүлөлөрү менен чогуу тосмой болуп, чогулуп калышат. Кече бүтүп, балдарын жаткырып коюп менин каарманым күйөөсү жок экенин байкайт. Курбусунун күйөөсү келген коноктор менен кетип калган болот. “Бул кайда кетти?” деп сарайларды карап чыгып таппайт. Эшикти карайт, жок. Үйүнө кирип караса бөлмөлөрдүн биринде күйөөсү менен жакшы көргөн курбусу көзүнө чөп салып жаткан болот. Көргөнү менен эч нерсе дей албай, ыйлап, балдарын кучактап таң атырат. Эртең менен билмексен болуп “балким, мастык же жаштык, уяттары болсо токтотушса керек” деп курбусун узатат. Күйөөсүнө да үн катпайт. Ичтен сызып жүргөндө тигилер ачыкка чыгып кетишет. Айласы жок, балдарын алып борборго баса берет.

Ал менин айылдашым. Өзү да чыгармачылыкка жакын, жакшы ырдаган кыз эле. Бир жолу үйүбүзгө келип, келинчегиме ыйлап сырын айтып жатканда угуп калдым. “Мен бул экөөнүн кыянаттыгын кантип көтөрөм?” деп ыйлап, жолдошун сагынганын айтып жатканы жүрөгүмө тийди.

Студияма барып ушул обонду жаздым. Тез чыкты. Өзүм бир куплет кайырмасын жаздым, бирок жакшы обонго акындын сөзү керек болду. Акын Жыпара Исабаева оюма келди. Ал кезде чөнтөк телефон жок эле, пейджер бар болчу. Үйдөгү телефонду кыркып кетиптир. Камокто отурган аялга 5 сом берип телефон чалсам улам эле жолдошу алат (күлүп). “Эй, Жыпарага берчи” десем эле кыйкырат. Ал телефонду коюп салган сайын 5 сом берем. Акчам да кетип жатат, ызаланганымдан жолдошуна да кыйкырып алдым окшойт. Туура эмес кылып жатканымды кийин түшүндүм. Бирок ошол учурда эч нерсени ойлоно албаган абалда элем. Эми элестет, түнкү саат 4тө эле бир эркек чалып алып аялын сурап жатса ким болсо да урушат эмеспи. Экөө эмне болгонун билбейм, кийин концертимде элдин алдынан Жыпаранын жолдошунан кечирим сурагам.

Ырды көңүлдөгүдөй чыгарыш үчүн 13-14 жолу аранжировкасын жасаткам. Алгач Гүлзат Байзакова экөөбүз ырдап чыкканбыз. Кийин Эркинай деген ырчы кыз менен ырдап, эмнегедир ошол кыз экөөбүздүкү элге алынып кетти. Ыр тарап кеткенден кийин Гүлбү Ороскул кызы ырдап чыкты. Ал ырды сураганда “бул ырга сенин үнүң отурбайт, бербейм” десем кайра-кайра сурап туруп алды. Ортодон бир ай өтүп, бир кечеде чогуу болуп калдык. Ошол жерде Гүлбү “Бакыт байке, сизди жеткирип коёюн, машинем бар” деп калды. Жолдо баягы ырды кайра сурады. Ошол учурда Гүлбү да Элмирбек менен (ред.: төкмө акын Элмирбек Иманалиев) өйдө-төмөн болуп жүрүшкөн. “Макул” деп берип койдум. Кызыгы ушул жерде болуп жатпайбы (күлүп). Үйгө келип, радиону күйгүзүп коюп чай ичип жатсак эле бул ырды Гүлбүнүн аткаруусунда берип жатпайбы. Бергениме 10 мүнөт боло элек. “Кандай болуп кетти?” деп таң калып телефон чалдым. Көрсө, Гүлбү аны эбак эле жаздырып, радиого тыкыйтып алып барып коюптур. Болгону менин уруксатым жок ырды бербей турушуптур. Гүлбү тигилерге чалып “коё бергиле” десе дароо беришкен окшойт. Карачы, Гүлбүнүн ыймандуулугун. Менин бир сөзүм үчүн күтүп, чыгарбай жүрүптүр. Бул биринчиден. Экинчиден, ар бир ырдын артында тарыхы бар. Азыркы ырчыларга жаратуучулардан уруксат алыш керек деп айтар элем. Силердин гезит ырдын тарыхын изилдеп берип жакшы иш кылып жатасыңар.

Кийинки ырлар да ошол келиндин тагдырына байланыштуу. Ал күйөөсү менен жараштыбы же жокпу, окурман үчүн табышмак боюнча калсын. Аны тиги ырлардын тарыхында сөз кылалы. Баса, экинчиси “Миң бир түн” деген ыр эл арасында жайылып кетти. Бирок бир сабы үчүн комиссия радиолордон бердиртпей койгон. Ошондо ызаланып айтканым бар, “баркыңа жетпеске кор болгуча, уурданып өткөргөн бир түн жакшы”  деп жашоодогу боло турган нерсени айтып жатам. “Кумарым канмайынча жөн койбосом” деген ишке ашпай калган кумар тууралуу ырларды деле кетирип жатасыңар го радиодон” деген элем. "Тиги эски ыр" деп кутулуп кетишкен.

Окуянын каарманы бул ыр өзү тууралуу экенин билчү, өзү да тар чөйрөдө ырдап калчу. Кийин кабарлашпай кеттик.

Жыпар Исабаева, акын: “ТҮНДӨ ЖАРАЛГАН ЫР”

– Кайсы жыл экени так эсимде жок, болжол менен 2000-жылдардан кийин чыккан ыр. Обончу Бакыт Мамаевдин чыгармачылыгы жанып турган жылдар болчу. Дегеним, ага жаңы чыккан “Сүйүү көргүм келет сенин көзүңдөн” деген ыр китебимди белек кылгам. Ошол китептеги ырлардын жарымынан көбүнө обон чыгарган. Азыр көбү ырдалып жүрөт. Бир күнү түнкү саат 4тө телефон чалды. Уктап жатканбыз, үй телефону жан-алы калбай чырылдап калды. Чочуп кетип алсам Бакыт экен. “Ай, эмне болду жети түндө?” десем, “Жыпара, сонун обон жаздым, ошого сөз керек болуп жатат” деди. “Макул, эртең менен жазып берейин” десем болбойт. “Жок, азыр мага сөз жазып бербесең, илхомумду өлтүрөсүң, мага азыр керек” дейт. Чыгармачыл адам болгондон кийин илхом келгенде кармап калыш керек экенин түшүнөм да. Акын, жазуучулар, обончулар бир келген сапты, обонду кармап калбасак, өтүп кетет. “Эмне жөнүндө болсун?” десем, “аялдын арзуусу, жан дүйнөдө жашынып жаткан кусалыгы тууралуу болсун” деди. Уйкум ачылып колума кагаз, калемимди алып отурдум. Жолдошум чыгармачылыгымды түшүнчү, уктап калды.

“Көңүлгө көңүл тушалып, көрүшпөс болуп узадык,

Көңүлдө калды а бирок, көксөткөн санаа, кусалык.

Алгач ушул саптар келди, көңүлүм ачылып, өзүмө да жага түштү. Ашып кетсе 20 мүнөттө жазып бүттүм. Кайра телефон чалып ырды окуп бердим. Ал жазып алды. Жонумдан жүктү алгандай жеңилдеп жатып алдым. Уктап баратсам кайра телефон чалат. “Текст туура келбей калды, же жакпай калды” деп ойлодум. “Эмне болду эми?” десем, “досум, эми ук” деп комуз менен ырдап берди. Мага аябай жакты, сүйүндүм. Ырларыңа жакшы обон чыкса балалуу болгондой сүйүнөсүң. Журналисттик сапарларга барганда жер-жерлерден ушул ырды көп угуп сүйүнүп калам. Ырды Бакыт өзү ырдап жүрдү, кийин Гүлзат Байзакова менен ырдады, дагы башка ырчылар да ырдап жүрүштү. Кийин Гүлбү Ороскул кызы ырдады. Бир жолу жолугуп калып “эже, сиздин керемет бир ырыңыз бар экен, мен ырдап жүрөм, клип да тарттым” деп калды. Сүйүндүм, Гүлбүнүн чыгармачылыгын, үнүн баалачу элем. Ыр дагы да болсо көп аткаруучулардын бактысын ачат болуш керек деп ойлойм.

«АРЗУУ»

Сөзү: Ж.Исабаеваныкы

Обону: Б.Мамаевдики

Көңүлгө да көңүл тушалып,

Көрүшпөс болуп узадык.

Көңүлдө калды а бирок, ай,

Көксөткөн санаа, кусалык.

Байыр алып, басып наздана,

Баш ийип калдың башкага.

Бактылуу кылып башканы сен,

Бактылуу болдуң аз гана.

Сагындым, мынча сезбейсиң?

Сезесиң, сен да эстейсиң.

Томогоңду үзүп бир ирет

Анда неге келип кетпейсиң?

Агарып таңдын атканы,

Кызарып күндүн батканы.

Кызыксыз мага өмүрдүн

Өзүңсүз өтүп жатканы.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
ainura220888
2021-01-25 12:19:17
2004-2005-жылдары пахта чаап атып созот элекго чиркин. Соонун ыр
+5
Alia82
2021-01-25 13:42:53
Эн сонун макаланар ушул болуптур суперчилер, мен учун ары тан калыштуу, ары кызыктуу болду,рахмат!
+10
Adelya4366
2021-01-25 23:36:56
+ басам деп - басылып кетти.
+3
Adelya4366
2021-01-25 23:35:45
Чынында сонун чыгарма, мен дайыма жалгыз олтуруп алып ырдайм. Кичинекей кезимде эле жакшы корчумун.
+3
erkekyz1
2021-01-26 11:25:03
Эң жакшы чыгарма. Гүлбү эже да жакшы жеткире ырдаган. Уландысын эми чыдамсыздык менен күтөбүз.....
+2
AminaAli
2021-01-26 19:38:04
uwundai keremet tarihi bar ir eken da uwuntip chigarip tursanar kiziktuu bolot eken,,, Bakit agai chin ele keremet kilip irdagan ,,,chigarmachilik iygilik kaalaim!!!
0
sabyr86
2021-01-27 17:06:58
Бул ырды Гулбу Ороскул кызы ырдап чыкканда уккам, керемет ырдайт эмепи озу дагы.
+2
№ 946, 21-27-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан