18-январда футбол боюнча Испания Суперкубогунун финалдык беттеши “Севилия” футболдук клубунун “Олимпико де Севилья” стадионунда орун алды.
Беттеш каталондук “Барселона” менен “Атлетик Бильбаонун” ортосунда өтүп, оюн 2:3 эсебинде “Атлетик Бильбаонун” жеңиши менен аяктады.
Аргентиналык чабуулчу Лионель Месси кошумча таймдын бүтөрүнө бир мүнөт калганда “Барселонадагы” карьерасында алгачки ирет оюндан четтетилди. Ал “Атлетиктин” оюнчусуна карата орой ойноп, башына чаап жиберген. Бул Мессинин “Барселонада” өткөргөн 753 оюнда алган биринчи кызыл айып кагазы.
“Барселонанын” капитаны “Атлетик Бильбао” клубунун оюнчусун башка чапкандыгы үчүн 12 оюнга чейин беттештерден четтетилиши мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, эгер Испан футбол федерациясынын мелдеш өткөрүү комитети Мессинин жүрүм-турумун агрессивдүү деп тааныса, анда ал 4 оюндан 12 оюнга чейинки беттештен четтетилет.
Жумабай Акимов