ТАБИТИҢИЗ КАНДАЙ, УРМАТТУУ ЫРЧЫ?

Жылдыздар турмушунан

Сабаттуу кийинүү, боёнуу ар бир адамдын эле колунан келе берчү иш эмес. Кээде бул багытта өз ишин мыкты билген адистен кеңеш алууга туура келет. Айрыкча жаштар кызыккан, окшошкусу келген адам болсоң. Дал ушул негизде акыркы жылдары кыргыздын көптөгөн жаштарын чыгармачылыгы менен кызыктырып, таанылып келе жаткан жаш ырчыларды буга чейин саясатчылардын кийингенин сындап келген Гуля Алмамбетованын сынынан өткөрдүк. Алар жаштарга сабак боло алышабы?

ДОБР
Бул жигит рэперге абдан жарашкан псевдоним ойлоп тапкан. Бирок кийинүү стили боюнча мындай баа бере албайм. Албетте, рэп – жөн гана музыка эмес, ал – жаштардын маданияты, абдан демократташкан эркин стиль. Ошентсе да өзүнүн мыйзамдары бар!
Сыягы, Добр абдан жаш, азырынча такшала элек рэпер көрүнөт. Биздин жаш ырчылар бат эле элге көрүнүп, популярдуу болуп кетүүнү самашат. Бирок жеке өзүнө тиешелүү өзгөчөлүк керек экенин анча ойго алышпайт. Өзгөчөлүк ырда же бийде эле эмес, кийинүү стилинде да болушу керек.
Бул сүрөт боюнча так айтсам, спорттук костюм жакшы дечи, бирок улуттук колориттеги спорттук костюмга кара футболка такыр туу­ра келбейт.
Экинчи сүрөт боюнча, жөн гана катардагы сүрөт деп айтар элем. Бул жерде анын рэп айтары да, атүгүл ырчы экени да билинбейт.
Сахнадан жакынкы аралыкта кетүү ою жок болсо, өзүнүн стилин табышы керек.

АЙПЕРИ КУБИК кызы
Татына кыз. Бирок кашын бир аз жазы формага келтириши керек. Ачык түстүү кийимдер бул кызга жакшы жарашчудай. Биринчи сүрөттө кайсы бир жерлери Анжелина Жолиге окшошуп кетет экен. Ошентсе да бермет билерикти кечелерде, ошого ылайык көйнөк менен тагынганы оң. Жынсы шым, көйнөк, футболкага бермет ылайык келбейт. Кийимине чач жасалга жакшы жарашкан.
Экинчи сүрөттөгү көйнөгү сахнага ылайыкталып тигилген экен. Бирок бул түскө бутундагы күлгүн түстүү туфлиси дал келбейт. Мен алгач сүрөт боюнча Айперинин чач жасалгасын оңдомокмун. Дегеле, Айпери татынакай, келишимдүү кыз экен. Эгер мыкты стилист менен иштешсе, көз талдырган сулуу болуп чыга келет.

КАНЫКЕЙ
Каныкей өзүнчө эле кызык дүйнө. Анын музыкасында, ырында абдан чечкиндүү өзгөчөлүктөр бар. Ошондой эле көрүнүштөр кийинүү стилинде да байкалат. Кыргыздын Жанна Агузаровасы десе болчудай. Чынында, рок ырчылар көбүнесе ырынын маанисине, маанайына жараша кийинишет. Өзүнө ылайык стилди издөө – алар үчүн жан дүйнөсүн, өзүн издөө менен барабар. Кечелерге кийчү көйнөк менен кышында тагынуучу калың моюн орогучту колдонуптур. Жөнөкөй адамга минтип кийимдерди аралаштыруу жарашпайт. Бирок рок ырчысы үчүн кечиримдүү.
Экинчи сүрөттө көзгө байкалчу дагы бир нерсе, Каныкей минтип боёнуу менен көзүнүн ашыкча бүтүк экенин жашырат. Чын эле көздөрү кадимкидей чоңоё түшөт.

ГҮЛЖИГИТ САТЫБЕКОВ
Бул жөн гана көчөдө сейилдеп жүрүп фотосалонго кире калып түшкөн адамдын сүрөтү, артисттики эмес. Анткени өзүн сыйлаган ырчы фотосессияда жок дегенде жүзүн бир аз сулуулайт. Бул биринчиден. Экинчиден, бул жигиттин кара тору өңүнө күңүрт түстөр такыр жарашпайт. Ачык түстөргө басым жасаганы дурус. Негизи, сүрөт түшүнүксүз. Жакшынакай, жарашыктуу костюм, анан спорттук стилдеги узун жеңдүү футболка. Ал мындай костюмга туура келбейт.
Экинчи сүрөттө ырчы ачык түстөргө басым жасаптыр. Мунусунда жылыш бар. Бирок чач жасалгасын өзгөртүшү керек. Менимче, кулактарын жакшынакай, тыкан чач жасалга менен жаап коюу абзел. Ырчы жигит көбүнчөсү кайгылуу ырларды ырдап, ошондой маанайга көнүп алган көрүнөт. Күйөрмандары үчүн сүрөткө түшөрдө чын дилден жылмайганды да үйрөнүшү керек экен.

Айбек Нурадилов
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
lolo
2010-11-19 01:59:38
Gulay ejebiz, Kubikova Aiperini Anjelina Jolige okwowturup menin kozumdu bir ele toktottu ppppphhhhh
0
№ 415, 15-21-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан