Австрияда жашаган мекендеш: «КЫРГЫЗДЫН АЯЛДАРЫ УШУНДАЙБЫ ДЕП ЕВРОПАЛЫКТАР БИЗГЕ СУКТАНЫШАТ»

Өздөрү туулуп-өскөн жеринен алыс жүрсө да, жүрөгү Кыргызстан деп соккон мекендештерибиз миңдеп саналат. Алардын арасында өз билимине, күчүнө таянып чоң ийгиликтерге жетишкендер бар. Австрияда жашаган кыргыздын кыраан кыздарынын бири Гүлнур Тоялиева менен маектештик. Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошкум келет деген Гүлнур айым кызыктуу маек куруп берди.

– Саламатсызбы? Алгач өзүңүз тууралуу кыскача маалымат берип өтсөңүз?

– Саламатчылык! Мен Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Масы айылында туулуп өскөм. Орто мектепти бүтүрөрдө атам кайтыш болуп, апам жети бала менен жалгыз калды. Мектепти бүткөн соң ЖОЖго чет тилдер факультетинин англис тили бөлүмүнө тапшырдым. Карьерамды биринчи курсту бүтүргөндө эле баштагам, зериккенден эмес, мажбур болгон үчүн. Студент кезден эле апама, сиңдилериме жардам бердим. Тил үйрөнүүнү жакшы көргөндүктөн кайсы жерде кандай котормочулук же англис тилинде иш болсо, биринчи болуп жетип барар элем. Төрт жылдын ичинде ар кандай чет элдик долбоорлор менен иштеп, убакытты туура пайдаланууну үйрөндүм. Окууну кызыл диплом менен бүтүргөм. Ошол аракеттеримдин негизинде Европага барууга мүмкүнчүлүк жаралды. Европада жашаганыма 22 жылдай болуп калды. 13 жылдан бери Австриядагы БУУнун тутумундагы Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) штаб-квартирасында Европа жана Борбордук Азия бөлүмүндө долбоорлор боюнча жардам көрсөтөм.

– Кантип чет өлкөгө барып калдыңыз? Ал жактагы шарттарга көнүү жеңил болдубу?

– Жалал-Абадда чет өлкөлүк фирмада иштеп жүргөндө бир швейцариялык жигитти жолуктурдум, ал аркамдан аябай чуркады. Мен чет элдиктер менен иштешкеним менен, Кыргызстандан кетем деген оюм да, каалоом да жок болчу. Бир күнү мен ага айтпай швейцариялык долбоордон кетип калдым. Ал мени достору менен бир ай издептир. Кийин ата-энесин Кыргызстанга чакырып, мени тааныштырды. Бир жылдан кийин Швейцарияга чакырып, анан үйлөндүк. Башында Швейцарияда жашап, кийин Австрияга көчүп келгенбиз. Бирок адамдын ички дүйнөсүн жашап көргөндө гана билет экенсиң. Башында мамилебиз, жашообуз мага жомоктогудай болгон. Бирок турмуш башталганда ал бардык нерсени көзөмөлдөп, жалаң анын айтканындай болуусун талап кылчу. Иштейм, окуйм десем, «сен үйдө эле бол, мен карьера кылам» деп мага окуу же карьера тургай, кол өнөрчүлүгүм менен алектенүүгө да жол берген жок. Келечегимди алтын капаста өткөргүм келген жок. Ошондуктан аны менен ажырашып, кийин бардык каалаган ойлорумду, максаттарымды ишке ашырдым. Эч нерсеге өкүнбөйм. Ортодо бир уулубуз бар, азыр 17 жашта. Адам өз бактысы үчүн күрөшпөсө, аны эч ким бактылуу кыла албайт.

– Европада билим алуу жана ийгиликке жетүү кыйын болдубу?

– Швейцарияга биринчи келгенде немис тилин үйрөнө баштадым. Кийин Германиядагы Гёте институтунда немис тилинен билим алдым. Анан Австриядагы Вена университетинин лингвистика факультетине докторантурага тапшырып, немис тилинде балдардын көп тилдүүлүгү жөнүндө эмпирикалык изилдөө жүргүздүм. Ошол эле учурда Австрияда ар кандай эл аралык фирмаларда иштедим. МАГАТЭде иштеп жүрүп Австрияда GULNUR Fashion деген мода брендин чыгардым. Иштен сырткары ар кандай көйнөктөрдүн моделдерин ойлоп чыгарып, Венада үч жолу көргөзмө өткөрүп, кийинчерээк Бишкекте да мода үйүн ачтым. Коллекцияларым беш өлкөдө сатылды. Окуу, карьера, өз жашоомдо көргөн-үйрөнгөнүмдү, мага жардам берген тажрыйбаларым жөнүндө жазгым келет, аны биздин жаш муундарыбыз менен бөлүшкүм келет. Мени эч ким мындай жашоого үйрөткөн эмес. Кыргызстанда эле эмес, Европада да көп кыйынчылыктар башымдан өттү. Алар жөнүндө өзүнчө бир китеп жазып жатам. Мүмкүн, айрым жаштарыбызга сабак болор.

– Австрияда жашоо-шарт кандай?

– Австрия дүйнөнүн эң өнүккөн мамлекеттеринин бири. Менимче, Венада жашап көргөн адам көбүнчө бул жерден кайра кеткиси келбейт, бул жерде жашап жаткан жердештерибиздин көпчүлүгү биротоло калууга аракет кылышат. Бирок биз кайсы жерде жакшы жашоо болсо, ошол жакка кетип кала бербей, алардан тажрыйба алып, өлкөбүздү ар тармакта өнүктүрүү жолдорун издешибиз керек. Биз мекенибизге азыр кайтып бара албасак да, колубуздан келген салымыбызды кошобуз.

– Сизди астрономия илими менен эмне байланыштырат?

– Жылдыздарды байкаганды жана алар жөнүндө окуганды жакшы көрөм. Жылдыздарды карасам, эмнегедир кусалыкты сезем. Мен башка жылдыздарда да биздикиндей жашоо бар экенине ишенем.

– Кыргыздын баалуулуктары тууралуу көп жазып келесиз. Кыргыз эли дүйнөгө эмнеси менен мактана алат?

– Азыркы учурда көп кыргыздар коомдук чарбачылык жана саясий шарттардан улам Кыргызстанга болгон ишенимдерин жоготушуп, жадакалса өздөрүнө кыргыз катары баа берүүсү да төмөндөп, көбү «мен кыргызмын» деп сыймыктана албай калган көрүнөт. Ачыгын айтсам, мен да бир убактарда бардыгынан көңүлүм калган, өкмөттөн баштап жакындарыма чейин. Бирок сен алардан алыстасаң өзүң менен өзүң бактылуу болуп кетпейт экенсиң. Мекендин ордун эч нерсе толуктай албайт тура. Тескерисинче, мен кыргыздын жакшы сапаттарын, маданиятын жүрүм-турумумда көрсөтсөм, «Кыргыздын аялдары ушундайбы?» деп европалыктар мага урмат көрсөтүшөт.

Биздин экономика өнүккөн мамлекеттердей болбосо да, аларда жок жакшы сапаттарыбыз бар. Адам материалдык байлыгы менен эмес, адамгерчилик сапаттары менен адам. Мисалы, Австрияда ата-энелери балдарынан «карыганда жакшы карылар үйүнө алып барсаң экен» деп тиленишет. Өнүккөн мамлекеттер машина куруп, ракеталарды асманга учурса, биз жароокерлигибиз менен, духубуздун күчтүүлүгү, бири-бирибизге болгон, атa-энебизге болгон мамилебиз менен, улууларга көрсөткөн урмат-сый менен жогоруда турабыз.

– Сиздин оюңузча Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн кандай иш-аракеттерди жасоо керек?

– Өлкөнү өнүктүрүү үчүн ар бир жаран, биринчиден, өзүнөн башташы керек – өз ой жүгүртүүсүнөн, көз карашынан, сүйлөгөн сөзүнөн, жүрүм-турумунан.

Экинчиден, ар бири өзүнө жоопкерчилик алууну үйрөнүшү кажет. Кыргызстанда иштетилбеген жерлер көп. Кудай баарыбызга бирдей эки кол, эки бут берген. Адам чындап аракет кылса, бардык ресурстарды туура пайдаланса өзүн-өзү бага алат. Австрияда ыңгайлуу жайгашып алып мындай сунуштарды жазыш буга оңой дегендер бар болушу мүмкүн. Бирок мен бала кезден үйдөгү бардык нерсени өз колум менен жасап көнгөм. Жаным тынчу эмес. Мага мектеп эс алуучу жер болчу, бирок мен азыр көп нерсе үйрөнгөнүмө ыраазымын. Мисалы, Европада жаштар университеттин ордуна ар кандай кол өнөрчүлүктү үйрөткөн колледждерди бүтүрүшөт. Кыргызстанда эле эмнегедир сөзсүз ЖОЖду бүтүрүш керек деген түшүнүк бар, анан ал дипломдорду чаң басып жатат.

Бардык мекендештер кайтып барышса эле Кыргызстан өнүгүп кетпейт, бирок баарыбыз колубуздан келген салымыбызды өлкөбүз үчүн кошуп турушубуз керек. Мен сыртта болсом да, ар дайым мекениме материалдык колдоо көрсөтүп турам.

– Жаштарга берчү кеңешиңиз, каалооңуз кандай?

– Жаштарга айтып кетерим – кийин башкаларга көз каранды болбош үчүн азыртадан эле өзүңөргө жоопкерчиликти алганды үйрөнгүлө. Ошондой эле азыртадан аракетчил, эмгекчил болгула. Кийин ошол азыркы жасаган аракетиңерге сүйүнөсүңөр. Силер биздин чоң үмүтүбүзсүңөр. Терең ойлонуп, чоң иштерди жасагыла. Чет өлкөдөгү жашоо жакшы жана оңой деген туура эмес, ал көбүнчө иллюзия. Чет өлкөдө аябай көп кыйынчылыктар болот. Австрияга негизи мекендештерибиз окуганы келишет. Жумуш табуу кыйын, себеби австриялыктар биринчи өздөрүнүн жарандарын иш менен камсыздайт. Азыр жумушсуздук өздөрүндө көп. Окууга кирүү акы төлөө аркылуу болуп калган, бирок азыр Венгрияда конкурс аркылуу акысыз окуу программасы түзүлдү деп уктум.

– Качан өлкөгө кайтып келүү пландарыңыз бар?

– Азырынча Кыргызстанга кайтып баруу планымда жок, себеби уулумдан өтө алыс болгум келбейт. Ал бул жердик болуп калган, колледжде информатика адистиги боюнча окуйт. Бирок, жогоруда айтып кеткендей, мен салымымды алыста жашап деле кошо берем.

– Маегиңиз үчүн чоң рахмат! Сизге ийгилик каалайбыз!

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
radostmoya
2021-01-25 23:35:12
Кыйын эже экен. Аман жүрүңүз!
+4
Mister-XXX
2021-01-26 01:35:01
Башка улутка турмущка чыкпагыла деп да айтып кенеш берип койчу.Улуттун баалуулугун билет экенсин,кыргыз жигитинен отоору жок
+2
karabet
2021-01-31 16:04:53
Mister-XXX, кыргыздын эмнеси отоору ?? Урганыбы ?? Акча таппаганыбы ?? Кайненесине кордотконубу ?? Сулуулугунун жоктугубу ?? Вообщем кайсы жери отоору кыргыз жигиттердин ????

Коп кыргыз аялдардын угам, кыргыздарга тийбегиле ни за что деген. Озунордун кыздарынар силерди чанып жатат. Эмнеге ??
+3
arimaz89
2021-01-26 06:16:51
Ушундай айымдарды сүйөм. Азаматсыз! Жаштарга кеп кеңешиңизди айтып, аман жүрүңүз.
+4
kkkk3259780
2021-01-28 06:38:11
Демек келбейсин...
0
Raihan0602
2021-01-31 10:48:12
Азамат кыз экенсиң кайда жүрсөң да аман бол ийгиликтериң арта берсин уулуң дагы акылдуу болсун
+2
№ 946, 21-27-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан