Кыздардан турган хоккей командасы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Отрадное айылында мындан 3 жыл мурун түптөлгөн. Команданын машыктыруучусу Саламат Абдрахманов алгач эркек балдарды машыктырып жүргөнүн айтат. Ал хоккейчи кыздардын тайпасы кантип түптөлгөнүн жана алардын ийгилиги тууралуу айтып берди.
“БИЗНЕС КЫЛУУ МАКСАТЫНДА МУЗ АЯНТЧАСЫН АЧКАНБЫЗ”
– Мен 2015-жылы муз аянтчасын даярдап, коньки ижарага берип бизнес кылуу максатында баштагам. Бирок айыл жергесинде мындай кызмат көрсөтүүдөн ойдогудай киреше түшпөйт экен. Кээ бир учурда электр энергиясына короткон каражатыбыз да акталчу эмес. Ал кезде эч ким коньки тепкенди билчү эмес. 1 жылдан кийин балдар коньки тепкенди үйрөнүп, хоккей ойной башташты. Биз акырындык менен хоккейге тартыла баштадык. 2016-жылы Ысык-Көл облусунун Кубогун жеңип алдык. Андан кийин облус тарабынан Каракол шаарында муз үстүндө бийлөө боюнча мелдеш өтүп, Отрадное айылынан барып, болгон орундардын баарын биздин балдар-кыздарыбыз артынып келишкен. Кыздарыбыз жалаң муз үстүндө жүргөндүктөн балдарга аралашып, алар менен хоккей ойноп башташты. Бир жолу Чолпон-Ата шаарында достук оюну өтмөй болуп, кээ бир балдарыбыз ага бара албай калышты. Ал эми 5 кыз жөн эле оюн көргөнү барышкан. Менин командамдын курамы жок болчу. Чолпон-Атадагы балдардын деңгээлин байкап туруп, 5 кызды алар менен чогуу ойнотуп көрдүм. Анда алар эркек балдардан кем калышпай мыкты оюн көрсөтүшкөн. Ал жакта Кыргызстандын хоккей боюнча курамасында ойногон эки жигит мага “силерде 5 кишиден турган курама бар экен, жаңы хоккей боюнча кыздар командасын түзбөйсүңөрбү” деген сунушун айтып калды. Ошондон кийин биз кыздарды чогултуп баштадык.“БИЗДИН АТААНДАШТАР ЖАЛАҢ ЭРКЕК БАЛДАР”
– 2016-жылы айылыбызда хоккей боюнча мелдеш өткөрдүк. Ошондо өлкөнүн Хоккей федерациясынан мага чалып, чогуу иштешүүнү сунуш кылышты. Ошентип республикалык деңгээлдеги мелдештерге аралаша баштадык. Орусиядан 4 машыктыруучу келип, 10 күндүк семинар өтүп, ага катыштым. Ал жактан машыктыруучулуктун теорияларын үйрөнүп сертификат алып, толук кандуу машыктыруучу катары иштеп баштадым. Биздин жетишкендик катары 2 жигитибиз эл аралык деңгээлде 2-категориядагы калыс болушканын айтсак болот. Алар Малайзияга барып окуп келишкен. Учурда өлкө ичиндеги оюндарда калыс катары иш алып барышат. Андан сырткары 2 балабыз Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курамасында ойнойт.
Кыздардын командасын биринчи жолу 2017-жылы Нарын облусунун Жумгал районунда өткөн Кубокко алып баргам. Бирок ал жакта бүт эркектер болгондуктан, достук оюн өткөргөнбүз. Ошондон бери бир да мелдешти колдон чыгарбаганга аракет кылып келебиз. Нарынга, Жумгалга барабыз. Бишкекке такай барып мелдештерге катышып турабыз. Азыркы учурда өлкө боюнча кыздардын командасы жок. Атаандаштарыбыз жалаң эркек балдар болуп жатат. Кыздар үчүн эркек балдар менен ойноо оор. Эркек балдар күчтүү, шамдагай, анан орой келишет. Ал эми кыздар өзүн этияттайт, муз үстүндө кылдаттык менен жүрүшөт. Тилекке каршы, өлкөбүздө бизге атаандашчу башка кыздардын командасы жок. “ХОККЕЙСИЗ ЖАШООМДУ ЭЛЕСТЕТЕ АЛБАЙМ ДЕГЕН ГАНА КЫЗДАР КАЛДЫ”
– Ушул тапта машыгууларыбыз өтүп, күн сайын кечки саат 19:00дө башталып, 2 саатка созулуп жатат. Эркек балдардан сырткары командада 14 кыз бар, алардын арасында студенттер да бар. Эң кичинекей хоккейчи кызыбыз 12 жашта. Жалпы эркек балдар, кыздар болуп 39 хоккейчи бар. Күндүзү машыгууга мүмкүнчүлүк жок. Дем алыш күндөрү эле күндүз машыга алабыз. Анткени балдардын көбү окууда болот. Кыштан башка мезгилдерде болсо талаада көк шибердин үстүндө машыгабыз. Спорттун бул түрүнүн шаймандары өтө кымбат. Хоккей таягы, формасы, айтор, бүт нерсеси менен толук жабдылыш үчүн көп каражат керек. Пандемияга байланыштуу жаңы келип баштаган кыздардын көбү кете баштады. Ар түрдүү шарттар, анын ичинен каржылык жактан маселелер болуп калат. Бир үй-бүлөдөн 2 кыз катышып, башка райондорго, шаарга оюнга барганда жол киреси, жатакана бүт баары өз чөнтөгүбүздөн болуп, көп ата-энелер балдарын жибербей калган учурлар да болуп жатат. Азыр “хоккейсиз жашоомду элестете албайм” деген гана кыздар калды. Алар хоккейге аябай берилип алышкан. Ал тургай таштап коюп, “жок, хоккейсиз жашай албайт экенмин” деп кайра келген кыздар бар.
Кыздарыбыз бүт эмгегин хоккейге жумшады. Ушул бойдон калып калбай чет өлкөгө чыгып, мелдештерге катышып, күч сынашса деген тилегибиз бар. Алардын чет жакка чыгуусуна мамлекет тарабынан көңүл бурулуп мүмкүнчүлүк түзүлсө, аталган спорттун түрүн өнүктүрсөк деген ой-максаттарыбыз бар.
“ЭЛ АРАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕГИ МАШЫКТЫРУУЧУ БОЛСОМ ДЕЙМ”
Хоккей боюнча кыздар командасынын чабуулчусу Маанай Бектурганова:
– Мен азыркы учурда 18 жаштамын. Хоккей ойноону 2017-жылы баштагам. Башында муз тебүү үчүн эле келип жүрдүм. Анда хоккейди балдар ойночу, биз алардын ойногонун көрчүбүз. Кийин машыктыруучубуз “кыздардын командасын түзсөк кандай болот?” деп айтып калды. Ошол убакта команда чогулуп, мен да кошулуп ойноп калдым. 3 жылдан бери хоккей ойноп келем. Башында алгачкы бештикте коргоочу болуп ойноп жүрдүм. Азыр болсо чабуулчумун. Келечекте хоккей боюнча эл аралык деңгээлдеги машыктыруучу болсом дейм.
Алдыда Хоккей федерациясынын жардамы менен өлкөбүздүн хоккей боюнча кыздар курамасы түзүлсө деген үмүтүбүз чоң.
Жумабай Акимов