"Бунёдкор" Өзбекстандын 5 жолку чемпиону, өткөн сезондо 4-орунду ээлеген. Абдурахманов 16-январда экинчи дивизиондун “Ок-Тепа” клубуна каршы оюнга катышып, беттеш 3:2 эсебинде "Бунёдкордун" жеңиши менен аяктаган. Кыргызстандык футболчу оюн талаасына негизги курамда чыкты.
Айта кетсек, Одилжон Абдурахманов былтыр Оштун "Алай" клубу менен Кыргызстандын Кубогун жеңип алган.
Жумабай Акимов