Мончолордун жанынан өтүп баратып “пилинг” деген жазууну көп эле көзүңүз чалса керек. Бирок ал эмне болгон кызмат көрсөтүү экенин баарыбыз эле биле бербейбиз. Бул санда атайын окуусу жок, бирок учурда суроо-талапка ээ, кирешеси жакшы кесиптердин бири тууралуу айтып беребиз.
ПИЛИНГ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Борбор калаабыздагы мончолордун бирине барып, пилинг кызматын көрсөткөн адистер менен баарлаштык. 20 жылдан ашык убакыттан бери пилингчи болуп иштеп, бирок аты-жөнүн жашыруун калтыргысы келген каарманыбыз кызматынын ар түрдүү кырын айтып берди:
– Пилинг – (англ. peel – “тазалоо”, “кабыкты сыйруу”) терини эскирген үстүнкү катмарынан арылтуу. Бул Орто кылымда Байыркы Египетте терини тазалоонун бир ыкмасы катары пайда болгон. Ал эми Кыргызстанда бул кызмат 2000-жылдардан кийин пайда болду. Дененин пилинги теринин өлгөн клеткаларын, ошондой эле теринин кирлерин кетирүүнү камтыйт. Натыйжада ал жаңыланып, тери дем алып, клеткалар ачылып жумшарат жана жашарат. Пилингден кийин териге пайдалуу каражаттарды колдонуу абдан ыңгайлуу. Кыскасы, пилинг жасаганда адамдын эски, өлгөн клеткалары кетет. Бул кызмат көрсөтүү болуп эсептелет.ШАРТТАР
– Пилингге кирерден мурун душка түшүп, андан соң сөзсүз буу бөлмөсүнө (парга) кирип чыгуу зарыл. Анткени дене жумшарышы керек. Азыркы тапта өлкөдөгү мончолордо пардын 9 түрү бар. Булардын баарына уруксат берилет. Бирок жышуу процесси эффективдүү жүрүшү үчүн кургак парга кирүү сунушталат. Андан сырткары мончо шыпыргысы менен чабуу да сунушталат.
ЖАСОО ЖОЛДОРУ
– Пилинг 20 мүнөт жасалат. Буга жышыгыч (мочалка) жана самын керектелет. Зат алмашуу процесси буттан башталгандыктан пилингди да төмөндөн жогору карай баштайбыз. Алгач согончоктон моюнга чейин, жонун, андан соң адамды оодарып, алды жагын да ошол тартипте жышыгыч менен жышыйбыз. Денени жышууда атайын ыкмалар бар. Толук жышып бүткөн соң денени жылуу суу менен чайкайбыз. Экинчи этапта жышыгычты самындап, кайра бир сыйра жышып, чайкайбыз. Үчүнчү этапта дене жөн гана самын менен жуулат. Аягында кардардын башын самын менен жууп, массаж жасап беребиз. Пилингден соң дагы бир ирет парга кирип чыгуу сунушталат.
КӨҢҮЛ БУРЧУ НЕРСЕ
– Жалпы тазалыкты сактоо үчүн кардардын алдына жаңы клеёнка салуу зарыл. Пилингчи колдоно турган жышыгыч жаңы болушу шарт. Жышыгыч менен денеге жаккан түркүн курамдагы самынды үйдөн ала келүүгө уруксат берилет. Пилингчи кардардын денесинин жумшактыгына же катуулугуна жараша пилинг жасашы кажет. Эгер катуу жышып койсо тери сыйрылып кетиши мүмкүн. Ал эми түктүү адамдарга атайын скраб колдонулат.
Мончолордо пилингди аялдарга аялдар, же эркектерге эркектер жасайт деген түшүнүк жок. Кардардын каалоосуна жараша аял-эркек дебей жасай берет.
КАБЫЛ АЛУУ
– Пилингге жылдын төрт мезгилинде тең келсе болот. Айрым адамдар бир айда 4 ирет келишет. Кээ бирөөлөр жумасына 2 жолу келет. Бирок бир жумада же он күндө бир келгени жакшы. Негизинен ден соолукка зыяндуулугу жок. Жаш өзгөчөлүккө дагы чектөө жок. Кичинекей балдарга да жасай беребиз. Бирок кызматтын баасында бир аз айырма болушу мүмкүн.
Пилинг жасоону атайын үйрөтүп, сертификат беришпейт. Түркия, Кытай менен тажрыйба алмашуулар жүрөт. Мисалы, Стамбулдагы пилингдин өзгөчөлүгү – бетке да пилинг жасалат. Андан сырткары жышыгычты самындап жышышат. Болгон айырмасы ушул. Адам мончого келгенде аркасына колу жетпегендиктен толук кандуу жууна албайт. Анын үстүнө чарчап кетет. Ал эми пилинг алган адам эс алып, таза жуунуп кетет. Баасы 300 сомдон жогору.
ПИЛИНГДЕН КИЙИНКИ ПАЙДАЛУУ ПРОЦЕДУРАЛАР
– Пилингди алган соң денеге башка процедураларды жасаса эффективдүү болот. Мисалы, скраб, ар кандай чөптөрдүн тундурмасын, бал, туз, кофени сүйкөнүүнү сунуштайбыз. Анткени жышылган денедеги клеткалар ачылып, тери азыктанууга даярдалат. Эскерте кетчү нерсе, процедураларды жасоо үчүн кошумча акы төлөнөт. Биз сиздерге төмөнкү кеңири жайылган үч ыкма тууралуу айтып беребиз.ТУЗ МЕНЕН ПИЛИНГ