Чын сырым
Аялзатынын бактысы эмнеде? Көп ырчыларга көмөгүн көрсөтүп, кандай кырдаал болбосун жөлөп-таяганга аракет жасаган маектешим Динара Эсенгулова бул суроого жооп берүү менен өзүнүн өмүр жолунан кеп салат.
– Динара эже, киндик кан тамган жериңиз Кыргызстандын кайсы кооз жери болду экен?
– Мен 1970-жылы Таластын Чат-Базар деген айылында жарык дүйнөгө келгем. Үй-бүлөдө алты бир туугандын бешинчисимин. 4 эркек, 2 кыз.
Ата-энем эсепчи болуп иштешчү. Эркектердин арасында өскөндүктөн, эркелик кылып жумуш кылбай ойноп жүрүп өстүм. Байкелерим чоңоюп өз алдынча түтүн булатып, эжем турмушка чыгып кеткен соң иним экөөбүзгө түйшүктүн баары түштү. Иним эркелигин карматып иш кылбайт. Бардык жумуш менин моюнумда, баягы эрке талтаң кезим унутулду.
Үй-бүлөбүз менен Таластан Кеминге көчүп келдик. Бир топ жылдан соң кайра Таласка, айылыбызга барып жашап калдык. Окуучулук күндөрүм да 2 мектепте калды.
– Алгачкы сүйүүңүздү сурайын, окуучулук кезде башталды беле?
– 6-класста Чат-Базар мектебине которулдум. Ошондо Тимур деген классташым менен катуу урушуп кеткен элем. Бири-бирибизге жинибиз келип жүрүп, экөөбүз ынак болуп кеттик. Ошентип сезимдер пайда болуп, 15 жашымда сүйүүгө кабылдым. Тим эле бири-бирибизсиз жашай албачудай болгон сезимдер, ай!..
Тимурдун атасынын улуту түрк, апасы орус кызы эле. Өзү орус тилинде сүйлөчү, кийин экөөбүз кыз-жигит болуп жүргөндө кыргыз тилинде сүйлөй баштады. Ата-энемдин “кызыбызды жогорку билимдүү кылабыз” деген кыялдарына карабай, мен “сүйдүм-күйдүм” деп Тимурдун колун кармадым. Турмуш жолуна эрте аттанганыма таарынса ичинен таарынышкандыр, бирок билгизишпеди. Тимур менен чогуу түтүн булатып, уулдуу болуп сүйүндүк. Кийин жолдошум аскерге кетти. Экөөбүздүн ортобуз алыстагандан алыстай берди. Чогуу 5 жыл жашаптырбыз, тагдыр жолубуз башка белем, ажыраштык. Уулум Элдарды алып Караколго, эжемдикине келе бердим.
– Кыйналган учурда сизге ким көмөк көргөздү?
– Албетте, ата-энем, бир туугандарым. Эжемдин үйүндө жүрүп баламды бакчага берип, өзүм Караколдогу музыкалык окуу жайга тапшырдым. Музыканы сүйүп, кыялданчу деле эмесмин. Бирок кичинемден эле музыкалык аспаптарда ойной алчумун. Эжем музыкант болгондуктан, үйүндөгү пианино, гитара сыяктуу музыкалык аспаптарда ойноор элем. Анын үстүнө тагдырымда тигинтип бурулуш болуп жатса. Өзүмдү алдап, алаксытып, бүт дитимди окууга багыштадым. Бош боло калсам эле кайгыга чөмүлүп, терең ойго кетем термелип. Анан минтип жүргөнүм болбостур деп музыкага сүңгүдүм. Окууну да ийгиликтүү аяктадым.
– Музыкага сүңгүсөңүз, кыйынчылыктар унутта калгандыр...
– Окууну бүтөрдө окутуучуларым “сенде талант бар, улантышың керек” деп көп айтышты. Мен болсо көгөрүп “ушул жерде эле иштеп калайын” дейм болбой. Анан дипломду колго алган соң ойлонуп, Бишкекти көздөй бет алдым. Эч жакка чыкпаган, өз алдымча жашап көрбөгөн жаным бир топ эле кыйналдым. Консерваторияга өз күчүм менен тапшырып, өтүп кеттим. Окуу жайдын жатаканасында жашоо кечирдим. Биринчи курстан баштап эле гитарага кызыккан жаштарга кошумча сабак берип иштеп да жүрдүм. Анда таянарым апам да дүйнөдөн кайтып кеткен эле. Бир туугандарымдан кечке эле сурай бербейин деп өзүм тырышып-тытындым. Каржылык жактан кыйынчылыктар баштан өттү.
Чынында, ошол кезде окуумду таштап салайын же которулайын деп башка окуу жайга которулмакчы болдум. Документтеримди алганы барсам, кафедра жетекчибиз аябай жемеледи. Ыйлап, көз жашымды аарчып алып кышкы сессияга даярданганым эсимде.
– Балаңызды өзүңүз менен кошо ала жүрдүңүз...
– Ооба, уулум дайыма жанымда болду. Өзүм окутуп, өзүм жалгыз тарбияладым. Атасы анча-мынчада жардам берип турчу. Элдар 16 жашында атасынын колуна, Германияга кетти. 3-4 жылда бир келип турат.
– Ырдап чыгайын, ырчы болоюн деген ойлор келди беле? Анан КТРге кантип келип калгансыз?
– Эми студенттик күндөр ачуу-таттуусу менен эсте калат экен. 3-курста окуп жүргөн кезим. Ал кезде жан дүйнөм уйгу-туйгу боло берчү. Ыр чыгарып салсам жеңилдеп калчудай болот. Бир курсташ кызым менен сүйлөшүп калсам, ал өзү жазган ырдын текстин берди. Анан ошол ырга обон жазгандан кийин өзүмө келгем. 2-3 обондуу ыр жараткан соң ырдайын деп ойлоп, ырымды радиолорго бердим.
Телевидениеге барганым да кызык эле. “Мен ырдайм” десем, музыкалык редакторго жолуктурушту. Ырымды угуп көрүп, “башкы редакторго жолук” дешти. Ошентип, журналист Бөкөнбай Боркеев агайга жолуктум. Ал киши болсо “сен ырдап эмне кыласың? Консерваторияда окусаң, бизге келип иштебейсиңби?” деп калды. Болбой эле “ырдайт элем” деп кыйылып, анан КТРге жумушка киргем.
1997-жылдан баштап телевидение менен "ооруп", иштей баштадым. “Октаво”, “Музыкальная радуга”, "Музыкалык CD" деген берүүлөрдү даярдачумун. Кийин “Айкөл” жаштар бөлүмүндө иштеп, “Антракт” деген берүүнү орус тилинде алпарып жүрдүм. “Нота” деген программаны эфирге чыгарып жүрүп, 2004-жылы “Улуттук хит парад” берүүсүн ачканбыз. Алпаруучулукка Алексей Филатов келди, “мен алпарайын” деп. Анан кастинг өткөрүп, Нурзат Токтосунованы тандап алганбыз. Жакшы эле иштеп келатып, 2009-жылы сентябрда жабылып калды.
– Продюсерликти качан баштагансыз?
– 2006-жылы Султан менен иштешип калдым. Учурунда пикир келишпестиктер да болду, көп нерсе адамдын мүнөзүнөн экен. Кайрат Примбердиевди Султандын сунушу менен алгам. Өзүмдүн карамагымдагы ырчыларга гана эмес, шоу-бизнестеги көп эле ырчыларга колумдан келген жардамымды бердим десем болот. Арасында ар кандай мүнөздөгүлөрү бар экен. Бирөө рахматын айтат, экинчиси кылган эмгегиңди унутуп, аркаңдан жаман сөздөрдү айтып дегендей. Азыр эми Айдинге, Бегимайга, Зариге продюсерлик кылып келем.
– Кайсы бир жылы “ырчыларга продюсерлер бут тосууда” деген ызы-чуу чыкты эле...
– Кыргыз журтчулугу баары билет, ал чырды. Анда оштук ырчылар КТРдеги продюсерлерге каршы чыгышкан. Бирок ырчыларды бизге башка бирөө кайраган. Ошонун артынан “Бегимайдын үнү жок”, “Эсенгулова телевидениени пайдаланды” сыяктуу сөздөр айтылды. Бирок анын аркасында таптакыр башка маселе жатар эле. Ал адам өзү билет, эмне болгон маселе экенин. Ошол убакта биз аны менен теңтайлаша албайт болчубуз. Себеби бизден бир топ эле бийик тепкичте турган, колунан көп нерсе келчү адам болчу. Айрыкча ырчы кызды тарбиялоо кыйын эле экен, намысын сактап, беделин кармап туруу үчүн. Ал учурда Бегимай, болгону, 16 жашта эле. Мен ошол адам койгон талапты аткарып да, андайга жол да бере албайт болчумун.
– Түшүнүктүү. А өзүңүздүн колуңузду сураган адамдар болдубу?
– Ооба, колумду сурагандар болду. “Турмушка чыгыш керек” деген ойлор менде деле бар. Бирок эмнегедир колумду сурашса бир башкача болуп, күйөөгө чыгууга өзүм даяр эместей туюла берет.
– Мүмкүн, жолдошуңуз Тимурду катуу сүйгөндүктөн болсо керек?
– Балким. Ошондой учурларда эле эмне деп жооп береримди билбей, моюнумда бирөө муунтуп жаткансып кысылчумун. Мен өтө эле кечиримдүүмүн. Тимурду кечиргем. Азыр туулган күнүмдө, анан башка убакта чалып, абалымды сурап турат. Экөөбүздүн ортобузда достук сезим калды. Азыр ал үй-бүлөлүү.
– Эже, Бегимай ырдап жүргөн “бактымды башкадан көрө албадым, бырчалап өзүмдү көп алдадым...” деген саптары бар “Сезбедиң” ыры сиздин сүйүүңүз эмеспи?
– (Күлүп) Ал ырды Кундуз Качкынбаевага айтып жаздырганмын. Бирок маани-маңызы сен айткандай эле го. Ошол кездин бир үзүмү, менин сүйүүм ушул ырга катылган. Анан да Айдин Шердин, Бегимайдын аткаруусундагы сүйүү ырларынын мааниси менин жашоомдон алынган.
– Динара эже, аялзаты үчүн бакыт деген эмне?
– Биринчи кезекте үй-бүлө, балдарың. Жаштыгымданбы деп кээде ойлоп таразалап калам. Өкүнүчтүүсү, өткөн убак кайтып келбейт экен. Телевидениеге жаштыгымды, эмгегимди арнадым. Карьера, өзүм сүйгөн жумуш деп жүрсөң жүрө берет экенсиң. Бирок жеке жашоо сөзсүз керек деп толгоном.
Уулум Элдар азыр Германияда окуйт, 22 жашта. Көрө элегиме 3 жыл болду. Телефондон эле сүйлөшүп турабыз. Тили да бурулуп калган. Дүйнөгө көз карашы да башкача. Немистерден тактыкты жуктуруп алыптыр. Кебетеси деле өзгөрүп кеткен. Тилегеним, тагдыры бизди кайталабасын.
– Маегиңизге рахмат. Жаш таланттарга көрсөткөн мээнетиңиздин акыбети кайтсын. Уул үйлөп, келиндүү болуп сүйүнүңүз.
Бурул Исмаилова
star@super.kg