Кайрат Примбердиев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “ЭКИНЧИ СӨГҮНГӨН КӨРСӨТҮҮЛӨРГӨ БАРБАЙМ”

Бул жолу маектешим, акыркы апталардын каарманы болгон Кайрат Примбердиев. Ал мындан ары сөгүнгөн көрсөтүүлөргө барбайт, ошондой эле күйдүм, сүйдүм ырлардан алыстап, коомдо болуп жаткан жашоонун чыныгы жүзүн ача турган ырларды ырдайт.

– Салам, Кайрат! Жаңылыктарыңдан баштасак маекти...

– Салам. Башкы жаңылыгым өзүмдүн репертуарымдагы ырларды олуттуу нукка бурайын деп жатам. Коомду тарбиялай турган, социалдык ырларды чыгарсам деп турам. Себеби акындар, жазуучулар, ырчылар коомдогу болуп жаткан көрүнүштү ачык-айкын айтышы керек. Биздин миссиябыз ушул. Акыркы убактарда ырчылар той жаатындагы ырларга басым жасап, коммерция болуп кетти. Бул бир аз көз боёмочулук болуп жаткан сыяктуу сезилет. Чындык башкача болуп жатса да “эй, бизде баары сонун, тойго келгиле” деген ырларды ырдай бергенибиз чындыкка төп келбей жатат. “Кайдыгер караба” деген ыр жаздырдым, жакында клиби чыгат. “Революция” деген ырдын аранжировкасын жасатып жатам. Ал “жүргүлө, Ак үйдү басып алабыз” деген ыр эмес. Көчөдө эмес, көкүрөктө төңкөрүш жасайлы деген мааниде. Өткөн жыл буга себеп болду, карантинде менин гана эмес, көбүнүн жан дүйнөсүндө төңкөрүш болду окшойт.

– Эл аралык сынактарда өз күчүңдү сынап көргүң келеби?

– Былтыр Британиянын бир нече долбооруна катышуу үчүн билдирме жөнөткөм. Бирок карантин башталып калды. Дагы бир долбоорго катышуу үчүн аракет кылып жатам, азыр жообу келе элек. “Голос” долбооруна жөнөткөндө 4 айдан кийин жооп беришкен. Ошол үчүн күтүүгө туура келет.

– Чуулгандуу окуяны кеп кыла кетпесек болбостур. Курал Чокоевдин автордук долбоорунда сөгүнүп, элдин талкуусунда калдың. Долбоор пландалып жатканда эле Куралдын жанында болгон белең?

– Жок, башында жок болчумун. Мени эфирге чакырышты. Эфир кандай болорун да айтышкан. “Биз сени шылдыңдайбыз, ошого чыдашың керек” дешти. Адам өзүнүн үстүнөн өзү күлө алса, анда башкалардын шылдыңына да чыдайт. Мен долбоорду ушундай түшүнгөм, ошондой эле болду. Мен “сөгүнбөшүм керек, “красавчик” болуп, чыдап туруп кетем” деп ойлоп баргам. Эфир бүтүп баратканда суранышты эле, образ үчүн сөгүнүп койдум. Так ошол жерин кесип таратышты. Эл ошол кесиндини көрүп мени жеткен ыпылас адам көрүп калды. Элдин оюна таасир бере албайм да, түшүндүрүп кайрылуу жасап жаттым. Ооба, моралдык, этикалык нормалар бузулду. Бирок бул коомдук телеканалдан кеткен жок. Телевизорду күйгүзө калсаң эле Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин сөгүнүп отурганы жарабайт. Жаман жаңылык бат тарайт. Бирөөлөр атайын кесип жүктөп койгондон улам тарап кетти. Видеолорду өчүрдүк, кечирим сурадык. Курал ушундай эксперимент жасайын деди, мен макул болдум. Бирок ийгиликсиз болуп калды.

– Эфирге Куралдын досу болгонуң үчүн эле бардыңбы?

– Досу болгонум үчүн бардым, досу болгонум үчүн Курал менен аягына чейин турдум (күлүп). Орто жолдон секирип качып кетүүнү туура эмес көрдүм. Дос жамандыкта да, жакшылыкта да бирге болушу керек.

– Сенден Эмгек сиңирген артист наамын алып салуу сунушу жөнөтүлгөндө кандай сезим болду?

– Албасын башынан эле билгем. Таразалап көрдүм, Маданият министрлиги наамды берген эмес да, демек, ала албайт болчу. Мыйзамды толук билчү эмесмин, бирок ошентип ойлодум. Президенттик аппаратка министрлик кат жолдоптур, алар наамды алууга мыйзамдык негиз жок деп айтышыптыр. Бул маселе ошондой болуп чечилди. Курал экөөбүз маданият министри менен жолукканда башка өңүттө, жаңы долбоорлор тууралуу сүйлөштүк.

– Сен үчүн наамдын жоопкерчилиги барбы?

– Жогоруда социалдык, коомдук темадагы ырларды ырдайын деп чечкенимди айтып өтпөдүмбү. Ошол да кандайдыр бир деңгээлде жоопкерчилик. Элдин пикирин түзгөн, жоопкерчилигин алган ырчылар болот окшойбуз. Наамга ээ болгондон кийин чындыкты ырдашыбыз керек деген жоопкерчилик бар. Бул мен үчүн ушундай жоопкерчилик.

– Материалдык жактан пайдасы барбы?

– Билишимче, мамлекеттик жумушта иштесем 2500 сом айлыгыма кошулмак. Пенсияга да кошулат, троллейбуска 50 пайыз арзандатуу берилет. Мурда көп жеңилдетүүлөр болчу экен, азыр аларды алып салышкан.

– Чырлуу окуядан кийин өзүңө кандай сабак алдың?

– Элибизге чын жүрөктөн ыраазы болдум, бизди жакшы көрүшөт экен. Эгерде бизди эл тааныбаса, чыгармачылыгыбызды сүйбөсө “ээ, бирөө ушундай нерсе кылып коюптур” деп өтүп кетмек. Биз менен иши да болмок эмес. “Кайрат, мен сизди сыйлайм, жакшы көрөм. Бирок болбогон нерселерди жөн эле коюңузчу” деп көп жазышты. Кээ бири ашата эле сөктү, бирок көбү жаны ачып, ушул кылыгыма кейип жазгандар болду. Эл бизди жакшы көргөнү үчүн ушундай жаман жоруктардан оолак болсун деп далалат кылды. Жакшы камчылашты, бул дагы чыгармачылыкка керек нерсе болчу. Урмат байке (ред.: Урмат Усенов) жолугуп, “азыр резонанс болуп кеткени жакшы болду, болбосо кийинки кадамыңар кандай болмок билбейм” дейт (күлүп). Бул окуя элибиздин моралдык-этикалык нормалардын сакталышына өтө кызыкдар экенин билдирет. Бирок медалдын экинчи тарабы бар. Ошол нерсеге чырылдаган элибиз эмне үчүн коррупционерлерге көз жумуп коюшат? Эмнеге түп көтөрүлө каршылык көрсөтпөйт? Алар элдин үмүтүн, эртеңки келечегин уурдап жатышат да. Ошолорго да ушундай ынтымак менен туруп, каршы чыкканда жакшы болмок. Жарандык коом бар экен бизде, демек, жанагындай көрүнүштөргө да бекем туруп, каршылык көрсөтөлү. Маргарет Тэтчердин сөзү бар, “эч кандай мамлекеттин акчасы деген жок, салык төлөөчүлөрдүн акчасы бар” деген. Сиз, мен, элдин баары салык төлөп жатабыз, биздин акчабызга коррупционерлер жыргап жатышат. Ушуга да каршылык көрсөтөлү. Биз болсо кемчилигибизди моюнга алдык, камчы жедик. Экинчи сөгүнгөн көрсөтүүлөргө барбайм. Бул окуядан ушундай сабак алдым.

Нуржамал Жийдебаева

 Кыстарылган видео 
“Экинчи сөгүнгөн көрсөтүүлөргө барбайм” Кайрат Примбердиев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Tyty1990
2021-02-01 12:08:21
Коомду тарбиялай турган ыр жаздырбай, өзүңдү оңдо биринчи
+7
Oceana
2021-02-01 12:13:53
Эми мындай көрсөтүүлөр болбойт дагы.
0
Eka.kg
2021-02-01 13:54:23
Эми мындай көрсөтүүлөр болбойт!
+6
erkeleim
2021-02-01 12:46:54
Мээн менен кара жерге кир. Чымын менен дос болсон бокко жетелейт, аары менен дос болсон гулго жетелейт. Ошондой достун барынан жогу
+9
nazira...
2021-02-01 21:00:25
Бирөө айтты эле "Шашпасын Курал менен Кайратты кайсы жерде көрсөм тойдобу, башка жердеби, акча берип болсун балдарга урдуртуп, сөккөн оозун кыйшайта койдурбасам" -деп. Туүра эле айткан экен. Күлүшкөн эле биз да кошулабыз дешип.Дагы эле өзүн билбей башкаларга асылат го, алар сага окшоп оозунан жаман сөздөр чыккан жокко, биринчи өзүнө жооп бер сен.
+5
Jazgul2026
2021-02-07 11:54:51
nazira...,туура
+1
Janyl98
2021-02-02 00:46:05
Эркексин Кайрат ишине ийгилик
-6
Mister-XXX
2021-02-02 01:12:36
Кайрат коррупционерлерге,чиновниктерге деле сенден ашыкча туп которуп чыгып жатышпайбы.Эл которулгон учун уч президент алмашты.Ушул созду эле карманып алдын.Эркекчилик кылып куноонорду моюнга алсанар боло.Курал дале болсо куноосун мойнуна ала элек.Күнөөсүн мойнуна алган да жигитчилик.
+3
Asmat84
2021-02-02 08:56:11
Кайрат сен башканы коюп сакалыңды алчы анан сүйлөшөбүз
+2
orun
2021-02-02 10:39:27
Asmat84,тек кой, эмне болуптур. Жапжакшынакай жарашып турат.
-1
radostmoya
2021-02-02 20:58:17
Теңирчилер чачыңды жайып, кое берип жүр деп албагыла)))

Коррупционерлерди ортого коюп беришсин, факт м.н кандай гана тепки жейт экен элден. Аларды бийлиги баш болуп, өздөрү калкалашат да. Элге жеткирбей.
0
Yahoo
2021-02-03 14:50:52
Мал кайтарып келип эле эфирге чыккандай болуп калыптрго)))Озу талантуу эле бала бирок журуш-турушу,суйлогону,кийингени колхоз колхоз)))))
+2
Jazgul2026
2021-02-07 11:53:27
Баарына сабак болду бул долбоор ойлонуп иш кылышат да эми
0
№ 947, 28-январь-3-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан