Гүлжигит Сатыбеков, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «АТА-ЭНЕМЕ БАШКА БАЛДАРЫНДАЙ ЭРКЕЛЕЙ АЛБАЙМ»
“Таене, жатамын десең жай кенен, ичемин десең чай кенен” деп Гүлжигит Сатыбеков мектеп курагында таенесине ыр жазган экен. “Таенеме арнап бир топ тамашалуу ырларды жазгам” дейт ырчы. Сөздү таенеси тууралуу баштаганыбыздын да жөнү бар. Ырчы 9 айлыгынан тарта таенесинин колунда тарбияланган. Андыктан “Апам жапкан нан” рубрикабызда каарманым Гүлжигит Сатыбековдун таенеси жана апасы тууралуу кеп кылабыз.
“ЫР ЖАЗЫП БЕРИП ТАЕНЕМДИН КӨҢҮЛҮН КӨТӨРЧҮМҮН”
– Мен ата-энем студент кезинде төрөлгөм. Ошондуктан 9 айлыгымда алар мени таенеме беришкен. Ошондон тарта кемпирдин тарбиясын алып чоңойдум. Ушул себептүү таенем экөөбүздүн эстей турчу учурубуз көп. Апама караганда таенемди жакшы билем. Таенем сөзгө чечен, кайраттуу, тартипти катуу кармаган адам болчу. Өзү 50 жылдай агартуу тармагында иштеди. Бала кезде музыка коюп бийлесем, таенем шыйракка таягы менен чаап калчу. “Секирбе, ал шайтандын иши. Андан көрө китеп оку же башка жумуш кыл” дечү. Таенем жөн жүргөндү жактырчу эмес. “Жөн турба, убактың бекер өтпөсүн, бир нерсе жаса” дей берер эле. Экөөбүз чогуу нан жаап, тамак жасачубуз. Ал мага кандай жасалышы керектигин айтып берип, мен жасачумун. Мисалы, камыр ачытканды, нан жапканды үйрөттү. Анда биз көмөч көмчүбүз. Бир көмөч нан экөөбүзгө 2-3 күнгө жетчү. Тамактангандан кийин чуркап барып муздак суу ичип алсам, “муздак суу ичпей, чай ич” дечү. Чайды коюу демдетип, ысык кылып иччү. Шашып-бушуп эптеп демдеп барсаң, “кайнатып, демдеп кел” деп кайра жиберет эле же ошол жерден чайнекти ыргытып салчу.
Мектеп курагымда уйкаштык издеп таенеме тамашалуу ырларды жазып, окуп берчүмүн. Күлүп, көңүлү көтөрүлүп калчу. Мисалы, бир жолу “таене, жатам десең жай кенен, ичем десең чай кенен” деп жазгам (күлүп). Азыр ушул саптар эсиме келди. Таенем мага китеп көп окутчу. Бүгүн окуп бүтпөй калсак, эртеси күнү “баланча эмне болду экен? Окуп берчи” деп каармандарга кабатыр болчу эле. Акыркы жолу “Бриллиант жылан” деген китепти окуп бердим.
“ТАЕНЕМДИН КАЗА БОЛГОНУНА ИШЕНГЕН ЖОКМУН”
– Таенем мага ар кандай лакаптарды айтып бере турган. “Бир кемпирдин такыр оозу тыйылбайт экен. Дайыма оозун кыбыратып эле жүрчү экен. Келини баласына “апаң тойбойт, улам эле жей берет” деп күндө эле айта берет. Бир күнү баласы апасына “сен такыр тойбой турган болдуң” деп ачуусу менен бир тийсе, апасы каза болуп калыптыр. Оозун ачса, оозунда бир өрүктүн кагы бар экен. Ошону бир ай соруп жүрө бериптир” деген лакапты көп айтчу. Буларды азыр ойлосом, “эртең сен үйлөнгөндө ушундай нерселер болбосун” деп айткан окшойт.
Таенем көп жыл ооруп, 80 жашында, мен 23 жашта каза болду. Каза болор күнү туугандарын чакыра баштады. Мени көрбөсүн дешти окшойт, туугандар “суу алып келчи” деп жөнөтүп коюшту. Келсем, өтүп кетиптир. Ыйлай албай койдум. Ары-бери чуркап эле нес абалда жүрө бердим. Бул кабарга ишенген жокмун. Таенеме эч нерсе кыла албай калдым. Ага жасай албаганымды апама кылганга аракеттенем. “Таенемди келиндүү кылам, неберелери менен ойнойт” деген ниеттерим бар эле. Келини менен неберелерин таенем көрбөсө да, апам көрүп жатат.
“ЭЧ КИМГЕ ТААРЫНБАЙМ. ЖАШООМО, АТА-ЭНЕМЕ, ТАЕНЕМЕ ЫРААЗЫМЫН”
– Кандай белектерди бердиңиз деп сурап калдыңыз, таенеме белек алып берүүгө жетишпей калдым. Апама белек берип турам. Бирок белекти эсептеп, милдет кылбаш керек. Ата-энеге баласынын жакшы жүргөнү, күндө чалып, абалын сурап турганы чоң белек. Баласы аман жүрсө, таза жүрсө, ата-энесине татыктуу бала болсо, ошол белек деп билем. Апамды Меккеге алып барам деген чоң кыялым бар. Ата-энем алты баланы тарбиялап өстүрүштү. Менден улуу агамды чоң ата-чоң энемдерге, мени таенемдерге беришкен. “Мени таенеме берип койду” деп таарынбайм, менин жашоо китебим ушундай жазылыптыр. Жашоодо өзүңдүн ата-энеңе эмне жетсин? Бирок бала тапкандыкы эмес, баккандыкы. Эч кимге таарынбайм, жашоомо, ата-энеме, таенеме ыраазымын. Атамды да, апамды да жакшы көрөм. Менин гүл бакчам да, тоом да, булагым да, ордом дагы ата-энем. Алыс өсүп калгандыктан башка бир туугандарымдай болуп ата-энеме эркелей албайм. Мен башкача, билдирбей эркелейм.
“АПАМ ЖАКШЫ ЫРДАЙТ. ЫРДАГАНЫН УГУП ЭС АЛАМ”
– Апам бир сырдуу, эмоциясын билдирбеген айым. Апам да мектепте мугалим болуп иштейт, Эл агартуунун отличниги. Азыр пенсияда болгонуна карабай иштеп жүрөт. Атам Салык кызматынын отличниги. Азыр да иштейт. Өнөр адамы болгондон кийин аймактарга чакыруулар көп болот эмеспи. Кудай ырыскыбызды ар жерге чачып коюптур, терип жеп жүрөбүз. Айылыма да мааракелерге чакырып калышат. Ошондо үйгө барам. Атайын деле эс алганы барып турам. Алар Бишкекке келип турушат. Дегеним, ата-энем менен бат-баттан көрүшүп, байланышып турабыз. Жаңы жылдан кийин апам менен карындашым биздикине келип жакшы эс алып кетишти. Азыр “Апакем”, “Ата-эне” деген ырларым бар. Мындан башка апама арналган көп ырларым сандыкта. Апам аябай жакшы ырдайт. Анын ырдаганын укканда эс алам. Ырдап жүрсүн деп апама “Апамдын ыры” деген ырымды жазып бергем, тар чөйрөдө ырдап жүрөт. Муну көрүп атам “апаңды эле жакшы көрөт окшойсуң, апаңа ыр жазып, мага жазбайт экенсиң” деп тамашалап калат. Биздин үйдө баары жакшы ырдашат. Чогулуп калганда баарыбыз ырдайбыз. Акыркы жолу 2017-жылы атам ажылыкка барып келгенде бардык бир туугандарым болуп чогулганбыз. Турмуш деп ар кайсы жакта жүрүп, чогулуу кыйын болуп калат экен. Бул тууралуу да “бир короонун базары элек, таркап кеттикпи?” деген саптар жазылган.
Ата-энем мени дайым колдоп турушат. Ата-эненин колдоосу – бул бата. Батасын берип, жакшы тилектерин айтышат. Ар бир концертиме келип көрүп кетишет. Салтка айланып калган концертимди бул жылы 5-6-февралда бергени жатам. Ата-энем келебиз деп камданып жатышат. Бул мен үчүн кубаныч.
Дүйнө аялзаты бар сулуу. Апа деген 3 тамгадан турган сөздүн ичинде чоң дүйнө бар. Апалар, аман болгула, жүзүңүздөрдөгү бырыштар жакшылыктын бырышы болсун, кадырлуу карылыкка жетиңиздер!
Перизат Музуратбекова
Кыстарылган видео
"Ата-энеме эркелей албайм" дейт Гүлжигит Сатыбеков
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Veneraakmatova
2021-02-01 10:59:41
Сонун интервью болуптур.
+2
oopapa
2021-02-02 01:01:34
Чыныгы талант. Чыныгы жылдыз.
+1
king_era
2021-02-03 17:29:11
Эрлан Андашев менен дует ырдап чыксаныз мыкты болмок!
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.