ОРУСИЯНЫН ТРАГЕДИЯСЫ АТАЛГАН MORGENSHTERN

Моргенштерн! Бул ысымды укканыбызга аз эле болду. Акыркы 1-2 жыл аралыгында популярдуулугу арткан рэпердин ысымы учурда Орусиянын маалымат каражаттарынын дээрлик бардыгында байма-бай кайталанып келет. Бир карасаң Мамлекеттик Думада Орусия аймагында анын чыгармачылыгына тыюу салуу маселеси көтөрүлүп жаткан болот. Бир карасаң белгилүү рэперлер Моргенштернди плагиаттыкка күнөөлөп сотко арыз жазган болот. Бир карасаң “Форбстун” тизмесинде жүрөт. Ысымы ызы-чуу менен коштолгон Моргенштерн деген ким?

Аты-жөнү: Валеев Алишер Тагирович (кийин паспортун Алишер Моргенштерн деп өзгөртүп алган)

Туулган жылы: 1998-жыл, 17-февраль

Туулган жери: Башкортостан, Уфа шаары

Бою: 185 сантиметр

Жылдыз белгиси: Жолборс жылы, суу куяр жылдызы

Кесиби: блогер, рэпер, ырчы

Белгилүү ырлары: «Я съел деда», «Кадиллак» жана башка

Биринчи микрофон...

Мурда мукам үнү, таланты бар адам гана ырчы аталса, азыр техниканын, интернеттин жардамы менен ар экинчи адам “жылдызга” айлана алат. Дал ошондой “жылдыз” статусун кармап алгандардын бири Моргенштерн. Уфа шаарында жарыкка келген Алишердин атасы башкыр, апасы орус улутунан. Алишер 11 жашка чыкканда атасы каза болуп, апасы жалгыз колдоочу адамына айланган. Тентек, оюндагысын кылган бала болду. Ошол кезде Гуф, АК-47 аттуу рэперлер популярдуу болчу. Аларга таасирленген Алишер да ырчы болууну кыялдана баштаган. Анан эле бир күнү апасы кымбат баадагы сапаттуу микрофон белекке берип жатпайбы. 12 жаштагы баланын сүйүнүчүндө чек жок болчу. Ошол микрофон рэпердин үйүндө азыр да бар...

Моргенштерндин жаралуусу
Алгачкы “Выше облаков” аттуу ырын 12 жашында жазды. Досу экөө ал ырга алынын келишинче клип да тартышкан. Чындап чыгармачылыкка аралашуу үчүн каражат керек болчу. Муну түшүнгөн Алишер 16 жашынан иштеп баштаган, анын “эмгек китепчесинде” курьер, унаа жуугуч, жер алдындагы өтмөктөрдө ырдаган музыкант сыяктуу кесиптер бар.

2013-жылы Ютубда «Morgen­shtern» ата­лы­шындагы канал ачып, ага түрдүү видеороликтерди жүктөй баштайт. Бирок ал күткөн ийгиликтин карааны да жок эле. Ар кайсы тарапка чарпылган жигит рок тобун түздү, өзү жалгыз рэп аткаруучусу катары да чыгып көрдү, болбоду. Ал аз келгенсип аны университеттен окуудан чыгарып коюшту. Анан ал #ИзиРэп долбоорун тарта баштаган. Долбоордо орус сахнасынын Элджей, Ольга Бузова, Face, Фараон сыяктуу “жылдыздарын” туурап чыгып, музыкалык билими жок болсо да ар ким ырчы боло аларын айткан. 2018-жылдын башында Алишердин Ютуб каналына жазылгандардын саны миллионго жеткен. Демек, элге ар бир адамдын ичинде катылган терс сапаттарды, эпатаждуу образды көрсөтсө кабыл алынат. Ошентип элдин талабы менен биз азыр көргөн Моргенштерн жаралды.

20 жашта келген популярдуулук

Экинчи университетке тапшырган Алишер ал жактан да окуудан чыгып калган. Анын кашынын үстүндөгү 666 деген татуировканы көрдүңүз да? “Эч качан кеңседе отуруп иштеген адам болбойм” деген ал окуудан чыккандан кийин чекесине дал ушул сандарды тарттырып алган. 20 жашка чыкканда Алишердин 6 ырдан турган «Hate Me» кичи альбому жарык көргөн. Ал эми «До того как стал известен» аталган 2-альбомунун чыгышы менен интернет желеси Алишерди популярдуу блогер жана рэпер кылып койду.

“Ойгонушубуз керек”
Мурда теңине албаган жигит менен орус сахнасынын жылдыздары Тимати, Егор Крид, Клава Кока, Элджей сыяктуу ырчы, рэперлер ыр жаздырса, белгилүү алып баруучу Иван Ургант “Вечерний Ургантка”, Юрий Дудь “вДудь” берүүсүнө чакырды. Моргенштерн: “Экөө мени өз берүүсүнө чакырганы менин Орусиядагы чыгармачылыктын туу чокусуна чыкканымдан кабар берет. Эми алдыда батыш өлкөлөрү турат”,- деген ойдо. Ал эми интернет желесиндеги көпчүлүк “Юрий Дудь Орусияны трагедияга алып келчү окуялар тууралуу берүүлөрүн 3 саатка чейин созот. Моргенштерндин маегинен келечектеги Орусиянын трагедиясын көрсөк болот. Биз аны көрүп ойгонушубуз керек” деген пикирлерин жазышууда.

“Форбстун” тизмесинде
Моргенштерндин сүйлөгөнүн уксаңыз, 10 сөзүнүн жарымы сөгүнгөн сөздөр. Ырларында да "балит" сөздөр көп. Жүрүм-туруму да көзгө өөн учурайт, ичкенин, баңгизаттын түрүн чеккенин жашырбайт. Бирок ал жаштар арасында популярдуу, ырлары интернетте миллиондоп каралат, ошон үчүн чөнтөгүнө да миллиондогон акчалар түшөт. “Форбстун” чыгарган жыйынтыгы боюнча, ал 2020-жылдагы Ютубда эң көп каражат тапкан блогерлердин катарына кирди. Демек, Моргенштерн көпчүлүк ойлогондой жинди же кем акыл эмес. Болгону акча табуунун жолун билип алды.

Жаштардын ошондой адамды кумир тутушу эмнеден улам? Орустардын “Давай поженимся” берүүсүн сиз деле көрсөңүз керек. Бул берүүгө досуна шерик болуп Моргенштерн да барган. Алып баруучулардын бири Роза Сябитова башка берүүгө маек берип жатып Моргенштерн жөнүндө: “Мен аны мурда көрбөптүрмүн. Бирок бизге келгенде көрүп боорум ооруду. Билимсиз жаш бала экен. Биздин жаштардын аны кумир тутуп жатканы жакшы көрүнүш эмес. Ошол жаштардын жана Алишердин ата-энеси балдары үчүн уялышы керек. Бир сөз менен айтканда – ужас!”- деп ой бөлүштү.

Моргенштерн ой жүгүртөт...

  • “Мага ишенесиңерби, жокпу билбейм. Бирок силердин ордуңарда болсом, мага ишенбейт болчумун”.
  • “Эгер чыгармачылыгың адамдарда эмоция жарата алса, демек, жеңиш сеники. Ал негативдүү эмоциябы же позитивдүүбү, маанилүү эмес”.
  • “Музыканы жанрларга бөлгөн кишилер жиндилер. Музыка кулакка жагымдуу угулушу керек, болду”.
  • “Өзүмдү сүйөм, анткени мен гениймин!”
  • “Мени башкалардын музыкасын уурдап алдың деп күнөөлөй беришет. Ооба, уурдап алам. Ыр угуп жатканда кайсы бир жери жагып калса, колдоном. Угарман кимдикин кааласа уксун. Бири-бирине такыр окшошпогон чыгарма жаратыш кыйын”.
  • “Менин ырларымды уккан адамды жинди деп айтат элем. Бирок ошол жиндилер мага толтура акча алып келип жатышат”.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 947, 28-январь-3-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан