Таштанбек Кожогулов, биолог: “БИШКЕКТЕГИ БАК-ДАРАКТАР КАРООСУЗ, ООРУКЧАН”

Бишкекти каптаган ыш темасы быйыл бүтчүдөй эмес. Кыш келген сайын тургундарды тынчсыздандырган көк түтүн шаардагы бак-дарактын жетишсиздигинен, сапатсыздыгынан улам да тазаланбай жатышы мүмкүн дешет экологдор. Биолог Таштанбек Кожогулов ар дайым күйүп-бышып, көпчүлүк маани бербеген Бишкектеги бак-дарактардын абалын айтып алардын куурап, азайып кетишине тынчсызданып келет.

“БИШКЕКТЕГИ БАК-ДАРАКТАР ООРУКЧАН, ФОРМАСЫН АРАҢ КАРМАП ТУРАТ”

– Бак-дарактардын адам жана айлана-чөйрөгө кылган кызматы жогору. Мисалы, 1 дарак жылына 700 килограмм кычкылтек бөлүп чыгарат. Ошол эле учурда 100 000 метр куб абаны чыпкалап, абадан 80 килограмм зыяндуу затты тазалайт. Мындан тышкары шаардагы орчундуу меселелердин бири болгон ышты да сиңирип ала турган ушул бак-дарактар. Булардын эмгеги аябай чоң. Тилекке каршы, Бишкек шаарындагы бак-дарактардын көпчүлүгү оорукчан, сапатын жоготкон, өзүнүн формасын араң кармап турушат. Анткени эгемендүүлүк алгандан бери жетишерлик суу ичпей, сугат ишине такыр көңүл бурулбай калган. Сугарылбаса кантип өсүп жатат деген суроо жаралышы мүмкүн. Анткени булар да “куурап калбайын, өлбөйүн” деп аракет кылышат. Кыш мезгилиндеги нымды өзүнө кармап, жаан-чачындын арты менен өлбөстүн күнүн көрүүдө. Бул нерсеге мэрия кайдыгер.

Азыркы учурда шаардын балансында жеке бак-дарак өстүрүүчү питомниги жок. Көп көчөттөрдү тендер жарыялап башка өлкөлөрдөн алып келишет. Чынын айтканда, тендер ыкмасы бак-дарактар дүйнөсүнө такыр туура келбейт, тескерисинче, жашылдандыруу тармагын талкалай турган нерсе. Көчөттөрдү ар кайсы колдон, чет элден алган мэрия үчүн кирешелүү вариант. Бирок алардын сапаты жакшы эмес, оорукчан. Эгемендүүлүк алган жылдардан кийин ар жаз сайын миллионго жакын бак-дарактар отургузулуп келет. Бирок алары жылда куурап калат. Союз убагында мыйзам боюнча комиссия түзүлүп, жазда отургузулган көчөттөргө «өсүп турганы канча? Куурап, кароосуз калганы канча?» деп кой санагандай санак жүрчү. Бишкекте 30 жылдан бери андай иш жүрбөй калган.

«БИШКЕКТИ АДАМ СУКТАНГАНДАЙ ӨЗГӨРТСӨ БОЛОТ»

– Көчөт отургузуунун стандарттары болот. Андыктан мэрия чет мамлекеттерден алынып келинген сапатсыз көчөттөрдөн көрө, көчөт өстүргөн питомник түзүп, өзү даярдашы керек.

Мындан тышкары Бишкекте бак-дарактын тегерегин муунтуп, цементтеп же асфальттап коёбуз. Тамыр дем албаса, суу өтпөсө бактын куурап калышына шарт түзүлөт да. Шаарга пайда алып келе турган бактардын сонун түрлөрү бар. Мисалы, липа, каштан, чынар терек жана башка. Сырттан көчөт алып келгенди токтотуп, аталган бактардын көчөттөрүн өзүбүз өстүрүп, тигишибиз зарыл. Мисалы, көгүлтүр карагай деген карагайдын түрү бар. Аны өстүргөндөр адал жана арам деп экиге бөлүшөт. Адал карагайлар бутактан калемче кылып кесип алынып, белгилүү бир мезгилде атайын даярдалган жерге тигилет. Андан соң аны кадимкидей сугарып, азыктандырып, тамыр байлаганга чейин өстүрүшөт. Качан гана калемчелер тамыр байлаганда казып алып, тиешелүү жерге отургузушат. Булар – адал карагайлар. Аларды көрөм десеңер мэриянын, Ак үйдүн алдына барсаңар болот. Ал эми арам түрү – бул карагайдын уругун жерге сээп туруп өстүрүп алгандары. Аларды тиккенден кийин канчалык кам көрсөң дагы бутактарынын аралары ачык-ачык, дээрлик жылаңач болуп калышат. Мындай арам түрлөрү Башкы прокуратура жана түрктөр салып берген жаңы мечиттин алдында бар.

Мен эл аралык форумдарга катышканда Алтай Республикасынан келген өкүлдөр менен көп эле пикир алышып жүрөм. Алардын климаты биздикиндей. Дарактардын көчөтүн алып келе турган болушса, биздин климаттык шартка көнүп кетеби, ушуну да эске алыш керек. Ал эми Европанын климаты биздин климатка туура келбейт. Европадан алып келинген кээ бир жакшы көчөттөр бар. Бирок алардын баары эле бул жактан жашап кете албайт, сөзсүз ооруйт.

Бишкек шаарын жашылдандыруу, сейил бактарды жана шаарда өскөн бак-дарактарды кооз, адам суктангандай мезгилдин талабына ылайык өзгөртсө болот. Бак-дарактарды көрктөндүрүү иш-чарасын шаар мэрине эле жүктөп койбош керек. Борбор калаадагы мекеме, ишкана, коомдук уюмдар жана шаар тургундары милдеттүү түрдө көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерине катышууга, аны коргоого салымын кошушу керек.

“БАКТАРДЫН ДА АДАМДАР СЫЯКТУУ УУРУ, КЫЛМЫШКЕР, КОРРУПЦИОНЕРЛЕРИ БОЛОТ”

– Бактардын тилин-дилин билип калганыма кээде өкүнөм. Мунун тузу оор болот экен. Алардын кыйналып жатканын сезген адам да кыйналат. Бактар да тирүү организм, алар да ыйлайт. Энергиясы өзүнө тартып турат. Бирок аларды түшүнгөн эч ким жок.

Дарактардын да адамдар сыяктуу эле ууру, кылмышкер, коррупционер бутактары болот. Ошолорду тазалап, жоготуп, бутап туруш керек. Анткени ууру, кылмышкери башка өсүп келе жаткан бутактарга күн көрсөтпөй, алардын тамак-ашын тартып алат. Ал өскөн соң жанынан дагы бир кылмышкери чыгат. Алар менен тытышып, талашып такыр өспөй калат. Биздин коррупционерлер элдин арасынан чыккандай эле ал бутактар да дарактын арасынан чыгат. Дарактар кальций, фосфор, магний жана азотту талап кылат. Булар жетишпесе супсак болот, өспөйт. Мен практикамда көрүп жүрөм. Тооктун, көгүчкөндүн кыгы бактар үчүн аябагандай жакшы болот.

«ЭМЕН БАКТАРЫ 1000 ЖЫЛ ЖАШАЙТ»

Бишкек шаарындагы эмен дарактарынын жалбырактары акыркы жылдары жай мезгилинин биринчи айында эле саргайып, көркүн жогото баштайт. Мурдагы жылы шаардык Жашылдандыруу мекемесине кайрылганыбызда: «Эмен дарактары саргайып жатканы чын. Бул маселе боюнча атайын иштер жүргүзүлүүдө. Анын жалбырактарынан атайын анализдер алынып, изилденүүгө жөнөтүлдү»,- дешкен. Кийинки жылы кайрылганыбызда «дарактар ооруп жатат. Биз аларга атайын дары чачып, сугарып, алдын алуу аракеттерин көрүп жатабыз. Бирок эмен сейил бактарын аралап жүргөн тургундар үчүн дары чачуу ыкмасы кооптуу болууда»,- деген жоопту айтышкан. Ал эми Кыргыз улуттук илимдер академиясынын химия жана фитотехнология институтунун адистери эмен дарактарын ийне саюу менен дарылоо ыкмасын жүргүзүп көрүшкөн. Аталган мекеменин адиси Жакшылык Дуйшеналиев «эмен дарактары ооруп жатат деген туура эмес, бул кадимки эле зыянкечтер» деп билдирген. Ал эми маектешибиз Таштанбек Кожогулов эрте саргайган эмен дарактары тууралуу буларды айтат:

– Мен Жашылдандыруу ишканасынын маалыматын көп эле жолу окуп-билип жүрөм. «Бишкектин бактары карыды, эмен дарактары курттап жатат, алар 80 эле жыл жашайт»,- деп айтып жүрүшөт. Бул туура эмес. Эмен бактары негизинен 1000 жыл жашайт. Азыр Украинада 650 жылдан бери жашап келе жаткан эмен дарактары бар. Биздеги эмен дарактарынын сапаты жакшы эле. Эң негизгиси, андагы курттарды жоготуш керек. Бул курттарды таштаган «минирующая моль» деген көпөлөктөр. Микроскоптон караганда курттар алтын сымал болуп көрүнөт. Дүйнөлүк практикада аларды жоготуу үчүн эмен дарагына ийне сайышат. Ошондой эле табият табигый жол менен өзүн-өзү зыянкечтерден тазаларын баарыңар эле билесиңер. Мисалы, көпөлөктөрдү же зыянкеч курттарды жей турган канаттуулар, чымчыктар бар. Алар, тилекке каршы, шаардан башка жактарга ооп кетишкен.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Erlan_95
2021-02-01 14:48:38
Аиии, карачы атугул бак-дарактын тилин тушунгон адам. Ушундайларды мерия байкап билимин жакшы акыга колдонсо жакшы болмок. А то шаардан качан кайсы дарак башына кулап тушот деп коркосун
+3
№ 947, 28-январь-3-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан