Маалыматка караганда, Өзил стамбулдук клуб менен 3,5 жылга келишим түзгөн. Ал бул клубда жылына 5 миллион евро иштеп табат.
Түрк тектүү немис футболчусу акыркы 7 жылдан бери лондондук “Арсеналда” ойноп келет. Ал командага жана күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирди. Футболчу “Арсенал” футболдук клубунда жалпы 254 оюн өткөрүп, 44 гол киргизип, 77 жолу голдук пас чыгарып берген.
Жумабай Акимов