АБДИЛ СЕГИЗБАЕВ “БЕЛИЗГЕЙТ” ОКУЯСЫ БОЮНЧА КАМАККА АЛЫНДЫ

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев “Белизгейт” окуясы боюнча кармалып, камакка алынды. Ал коопсуздук кызматын жетектеп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө. Тагыраагы, мындан 5 жыл мурун өлкөдө резонанс туудурган “Белизгейт” окуясы боюнча айыпталып жатат. Башкы прокуратуранын маалыматына таянсак, Сегизбаевдин үстүнөн экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов жана башкалар арызданышкан.

– Арызда депутаттар Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова жана Өмүрбек Текебаев Сегизбаев тарабынан эл алдында караланганы жана негизсиз айыпталганы белгиленген. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин жүрүшүндө Абдил Сегизбаев тарабынан аталган кылмыш иштери аткарылганы тууралуу далилдер алынды,- деп айтылат маалыматта.

Абдил Сегизбаев – Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү адамдарынын бири. “Ал УКМКны жетектеп турганда өлкөдө саясий куугунтук абдан күч алган, УКМК бийликке каршы сүйлөгөн саясатчыларды куугунтуктоо, кысым көрсөтүү менен гана алек болуп калган” деген пикир азыркыга чейин айтылат. “Белизгейт” да чуулгандуу иштердин бири.

2016-жылы Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болгон Сегизбаев парламент депутаттары Текебаевдин, Шыкмаматовдун жана Салянованын “Мегаком” чуусуна байланышы бар делген документтерди көрсөткөн. Белиз өлкөсүнөн келди делген күмөндүү документтин сүрөтү, божомолго негизделген маалыматтар президенттин маалымат кызматы тарабынан ЖМКларга таратылып, Атамбаев ал маалыматтарды териштирүү боюнча ал кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаевага тапшырма берген. Бул документти аталган 3 депутат “жасалма” деп жарыялап, бул жасалма иш аягына жетпей жокко чыгат дешкен. Сегизбаев айткан маалыматтар сот аркылуу далилденген жок.

Учурда “Белизгейт” окуясына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканы айтылды.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 947, 28-январь-3-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан