Президенттин инаугурациясынан кийин жаңы өкмөт түзүлөт. Бул тууралуу 26-январда жаңы шайланган президент Садыр Жапаров өзүнүн интернет баракчасы аркылуу билдирди. Жарандарды “коррупцияга каршы күрөш” деген ураанга жамынып алып чагымчылдык кылбоого чакырды.
– 28-январь – ант берүү күнүнөн кийин расмий ишке киришкенимден тарта реформалар башталат. Жаңы өкмөт түзүлөт. Өкмөттүн жаңы түзүмү болот. Апрель айында жаңы Конституция кабыл алынып, жаңы мыйзамдар иштей баштайт. Май-июнь айларына барып саясий процесстер бүтөт. Ошондон кийин гана коррупционерлерди мыйзам чегинде жок кылабыз. Ал эми бүгүн эле ар кайсы аймактарга жетип барып, коррупция менен күрөшүүчүмүн деп эл арасына бүлүк салып, чагымчылдык кылып жүргөндөрдү токтоткула! Мыйзамдуу өлкөдө жашашыбыз керек. 30 жыл чыдаган, эми 6 ай чыдагыла,- деди Жапаров.
Президенттин ант берүү аземи Бишкекте Улуттук филармонияда өтөт. Ага конок катары экс-президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков чакырылганы, сырттан да коноктор келери белгилүү болду.
Президенттик шайлоо 10-январда өтүп, анда Садыр Жапаров шайлоого катышкандардын дээрлик 80 пайызынын добушун алып жеңип чыккан.
Жумабай Акимов