ПРЕЗИДЕНТТИК АППАРАТТЫ ЖАНА ӨКМӨТТҮ 1 АДАМ ЖЕТЕКТЕЙТ

Баш мыйзамдын жаңы редакциясы даярдалып бүтүп, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилүү алдында турат. Бул тууралуу 26-январда Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирди.

Өлкө президенттик башкарууга кайтканы турат. Жаңы редакцияда президенттик аппараттын башчысы өкмөттү да жетектей турганы жазылган. Учурда көпчүлүктү “өкмөттү жетектөөчү адам ким болот?” деген суроо кызыктырууда. Тар чөйрөдө министрлер кабинетин Камчыбек Ташиев жетектейт деген сөздөр айтылып жатат. Референдумга чейин өкмөттү учурда премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артём Новиков жетектеп, жаңы Баш мыйзам кабыл алынган соң өкмөт кайра алмашат деген да жоромол бар.

Жаңы документте Жогорку Кеңешке 120 эмес, 90 депутат шайланат деп көрсөтүлөт. Буга чейин 45 депутат партиялык тизме менен, калган 45и бир мандаттуу округдардан шайланып келиши керек деген пикирлер айтылып жаткан. Талкуу чордонунда турган Баш мыйзамдын жаңы долбоору жакынкы күндөрү парламентте талкууланат.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 947, 28-январь-3-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан