Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

КОЖОМКУЛДУН ЭРДИКТЕРИНЕН

№415 15-21-октябрь, 2010-жыл.


15-октябрь – даңазалуу Каба уулу Кожомкулдун каза болгон күнү. Суусамырдын визиттик карточкасы болгон айтылуу балбандын жаш кезинен эле жылкыларды куйруктан силкип токтотуп, кулундарды колтугуна кысып чакырым жерге көтөрүп, ат такаларды жалгыз колдоп кабыштыра ийип, чала кургаган тал-теректерди суусун чыгара кармап, көлөмү торпоктой болгон таштарды көтөргөн эрдиктери эл эсинде сакталуу. Андыктан биз Кожомкул алпты эскерип, таң калтырган эрдиктери тууралуу кеп козгомокчубуз.

АЙТА КЕТСЕК...
Эл арасында Кожомкул балбандын эрдиктери жөнүндө ар кандай сөздөр айтылып келет. Кээ бирлери көрүп айтса, кээ бирлери апыртып айтып жүрүшөт. Биз төмөндөгү маалыматтарды Кожомкул жөнүндө жарыяланган китептерден жана чөбөрөсү Орозалы Кожомкуловдун айткандарынын негизинде даярдадык.

КОЖОМКУЛ-БӨЛТҮ­РҮК
БЕТТЕШИ. Балбандар Кожомкул менен Бөлтүрүктүн беттешүүсү да тарыхта калган окуялардан. Окуя 1932-жылдын жай айларында болгон. Кара-Коого (азыркы Кочкор) Суусамырдан ат алмаштырып минип Кожомкул келсе, Бөлтүрүктү Ысык-Көлдөн араба менен алып келишет. Ошондо калың койдун арасында даңкайган ириктей болуп Кожомкул менен Бөлтүрүк көпчүлүктөн бөтөнчө бөлүнүп турган дешет. Күрөш башталарда күтүүсүздөн элдин арасынан Куйручук чыгып: “Токтогула! Элге тамаша керек болсо, силерге жан керек. Жашоо керек”,- дейт.
Ошентип, күрөш болбой калат. Анын ордуна Куйручук устаканадан жаңы жасалган эки таканы алдыртып, эки балбанга сунат. Кожомкул жаадай ийилген таканы бир колдоп катуу кыса бергенде така куурайдай бырт дей түшөт. Экинчисин Бөлтүрүк кысса, ал да чорт сынат. Анан суу талдын аяк-башын таарытып, экөөнө эки тутамдан сунат. Экөө тең талды кысканда, алар тарамыштай тарам-тарам болуп, суу тал кургап калат.

ЦИРК БАЛБАНЫ. Бул окуя Кожомкул Кара-Балтада жер бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жүргөндө болгон. Аны балбандын өзү мындайча эскерген: “Бир күнү цирк балбаны менен күрөштүрүү үчүн базарга алып барышты. Базардагы аянтка чыктык. Эл көп экен. Цирк балбаны жакын келип, кол алышпай эле моюнга чаап, колго чаап жатты. Эл ызы-чуу түшүп, кыйкырык. Мен да бир аз ызаланып калдым. Анан ал мурдагыдай чаап кетмекчи болгондо, колу колума уруна түшүп, шап кармадым да, ийинге салып жерге көтөрүп урарда орус балбан тарап аралашып, токтотуп калышкан.

ҮЙҮНӨ ЖЕТПЕЙ ЖАҢЫ
ӨТҮГҮНҮН ТАМАНЫ ТҮШҮП... Кожомкул Кара-Балтада эки ай иштегенден кийин айылына барып келүү үчүн суранат. Жаңы өтүк кийип, жолго чыгат. Жолдон Ак-Суу элинин болушу Мырзакмат тосуп: “Сиздин келе жатканыңызды угуп, тосуп чыктым. Эл Суусамыр жайлоосуна көчүп бара жатты эле. Жолго бир чоң таш түшүп, көч өтө албай, эки күндөн бери капчыгайга тыгылып, убараланып жатабыз”,- дейт. Ал тууралуу Кожомкул мындай деген: “Ташты карасам, жогору жагынан отуруп, анан тепсе болчудай экен. Көрпөчөмдү алдыма төшөнүп, эки колум менен жер таянып, “О, Алла” деп тептим эле, таш кулап, сууга түштү. Анан өйдө турдум. Баягы болуш ак куру менен бетимди аарчыса, кан. Жаңы өтүгүмдүн таманы да түшүп калыптыр...”

ЧОЛОК БАЛБАН МЕНЕН
КАРМАШ. Кеңеш бийлиги орногондон кийин кыргыз-казак кембагалдарынын салтанаты болот деп Кожомкулду Казакстанга алып барышат. Кожомкул эңишке Шолак балбан менен чыгат. Кыргыздар аны Чолок балбан дешет. Ушул кармашта Кожомкул атаандашынын колун кийин иштебей калгыдай кылып сындырып алганы белгилүү. Эңишип жатып колун ээрге такап, сындырып салат. Казактар арданып, балбанды сабамакчы болушат. Ошондо Чолок балбан элине: “Баатырга тийбегиле, аны мен баары бир жеңе албайм. Ал куугунтукка эмес, мактоого татыктуу”,- дейт.
Ошентип, эңишке түшкөн эки балбан ажырагыс достордон болуп калышкан. Андыктан Кожомкул анын колун сындырып койгонуна көп кейичү экен.

БАКАНДЫ ЖЕРГЕ 1 МЕТР
КИРГИЗЕ САЙГАНДА... Кожомкул Кетмен-Төбөдөгү базардан келе жатып суусап, жолдон бир боз үйгө кайрылып калат. Үйгө кирсе, бир абышка отурган болот. Ал оозун кыбыратып: “Кайдан келе жатасың? Кайсы элденсиң?”- дейт. “Күрүчбек элиненмин. Кетмен-Төбөдөн келатам”,- деп жооп берет. Анда абышка: “Түркмөн элинде аласам бар. Ой-ой!”- деп бир-эки кыйкырып коёт. Эч нерсе бербей турганына көзү жеткен Кожомкул түңүлүп, сыртка чыгат. Анан бир атты жетелеп жөнөйт. Бир аз узагандан кийин артынан 5-6 атчан кууп келатканын байкайт. Бирөө жакындап келип бакан менен чапмакчы болот. Бирок Кожомкул баканды анын колунан жулуп алып, коргонуп, тигилерди жолотпой жүрө берет. Белге чыгып, жанагы баканды жерге 1 метрче киргизе сайып, жолун улайт. Бир убакыттан кийин артына караса, жанагы кишилер баканды жерден жула алышпай тегеректеп турушканын көрөт.

КӨТӨРГӨН ТАШТАРЫ. Кожомкулдун көтөргөн, жылдырган, кулаткан таштары Суусамыр, Байрак, Жоо-Жүрөк, Кең-Суу жайлоолорунда, Кетмен-Төбө өрөөндөрүндө бар. Көтөргөн таштарынын салмактары, узун-туурасы ченелгендерине токтолсок.
22 жашында Суусамырдын Арамза деген төрүндө бийиктиги 1 метр 60 сантиметр, туурасы 1 метр 89 сантиметр ташты көтөрүп, жерге күч менен уруп киргизген. Салмагы 680 килограмм бул ташты эл “Кожомкулдун ташы” деп билет.
1906-жылы көтөргөн ташынын узундугу 1 метр 57 сантиметр, туурасы 1 метр 7 сантиметр болгон. Бул таш 1965-жылы ченелген. Ал эми 1924-жылы көтөргөн ташын Дене тарбия институтунун студенти Нургүл Эламиева 1961-жылы ченеген. Анын узуну 1 метр 47 сантиметр, туурасы 2 метр 3 сантиметр болгон. Ошондой эле дагы бир ташты Кожомкул айылындагы Чаргымбайдын күмбөзүнүн жанына ат мамы болсун деп орноткон. Анын салмагы 690 килограмм болгон.

ЖЕҢИШКЕ КАРАЙ
12 КАДАМ. Кайсы жыл экени белгисиз, 1-Май майрамында Чаекте Абдрахман менен Кожомкулду эңишке түшкүлө десе, экөө тең макул болбой коюшат. “Анда ат көтөргүлө” дешип, байтал алып келишет. Ошондо Абдрахман бээни көтөрүп 3 кадам басат. Кожомкул 12 кадам басып жерге коёт.

АЮУГА ТУРУШТУК
БЕРГЕНДЕ... Бул окуя Кожомкул Чүйдөн Суусамырга сапар алганда болгон. Караңгы түшүп кеткендиктен, балбан жолго түнөөгө аргасыз болот. От жагып коюп, уйкуга кирет. Анан бир убакта атынын кишенегенинен ойгонсо, аюу отко таш ыргытып жаткан болот. Бир убакта аюу ага чабуул жасайт. Ушул жерден айтып койчу нерсе, айрымдар “Кожомкул аюу менен күрөшүп жеңген” дешип, апыртып, жомок сыяктуу айтышат. Чынында, Кожомкул аюу менен күрөшкөн эмес, жөн гана ал кол салганда туруштук берип, мизин кайтарган.

ОШОНДОЙ ЭЛЕ... Күчкө толуп турган убагында салмагы 400 килограмм өгүздү жаракадан сууруп алган. Ал эми Чүйдөн Суусамырга бара жаткан жолдо аты баспай калып, Төө-Ашуудан атын көтөрүп өткөн.

ЭСТЕЛИК ЖӨНҮНДӨ
Бишкектеги Спорт Ордосунун алдында жайгашкан Кожомкулдун ат көтөргөн эстелигин көпчүлүк көрүп жүргөнү менен, ал тууралуу баары эле биле бербеши анык. Бул эстеликти “Кожомкул” фондунун жана “Байтур” корпорациясынын президенти Тынчтыкбек Конушбаев (сүрөттө) 2004-жылы 14-декабрда тургуздурган. Салтанаттуу ачылышына аттуу-баштуулардан ЖКнын спикери Абдыганы Эркебаев, Маданият жана спорт министри Өкмөтбек Алмакүчүков, жазуучу Асанбек Стамов өңдүү инсандар катышып, сөз сүйлөшкөн. Мындан тышкары балбандын туугандары, Суусамырдын тургундары да чакырылган.
Эстеликтин архитектору Сергей Байназаров болсо, скульптору – Базарбек Сыдыков. Бийиктиги – 14 метр, салмагы – 3 тонна. Ал Казакстандын Жезказганынан алынып келинген жезден жасалган. Эстеликти жасап тургузууга баш-аягы 3,5 миллион сом жумшалган. Корогон каражаттын баарын жогоруда аталган белгилүү жеке ишкер Тынчтыкбек Конушбаев өзү көтөргөн.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(2)
19.10.2010. 13:26 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
28-06-2010
Соӊку аракети:
27-04-2012 12:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
РФ Тюмень Ялуторовск
0
Сизге жеке эле Кыргыз жараны Тынчтыкбек Кушубековдун атынан ушундай эрдигиниз учун терен раазыбыз!!! Ар дайым бар болунуз!!!
16.12.2010. 06:10 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
16-12-2010
Соӊку аракети:
01-11-2011 00:16
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Тыныч Кадырбекович сиздин ишинизге ийгилик каалайм жана сиздин алдыга койгон максаттариныз ишке ашышын тилейм.Сиздин кылган эмгегиниз баари бир куну бааланарын кудайдан тилеп туралы.Канчалаган адамдарга жумуш ордун тузуп анан да Кожомкулга окшогон балбандардын атын чыгарган сиздей азаматтар Кыргызтанда кобойсун.Сизди терен урматтап Гуля.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: