Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 26-январда УКМК тарабынан кармалып, камакка алынды. Расмий маалыматка таянсак, экс-премьер “коррупция” жана “мыйзамсыз баюу” кылмыштарына шектелүүдө.
Абылгазиев өкмөттү жетектеп турганда “Кумтөр” компаниясына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп берүүчү токтомго кол койгон деп айтылды. Тагыраагы, бул токтомго кол коюлган учурда аталган кендин аймагын кеңейтүүгө тыюу салган башка токтом күчүндө болгон.
Ошондой эле Абылгазиев мамлекеттик кызматта турганда өзүнүн активдерин мыйзамсыз көбөйткөн деп айыпталууда.
– Аларды мыйзамдаштырыш үчүн Бишкек шаарынан, Чүй жана Ысык-Көл облустарынан кымбат баалуу мүлк сатып алган жана элиталык көп кабат үйлөрдү куруу тармагына каржы салган. Кылмыш жообуна тартылбаш үчүн бул активдерди башка адамдарга жаздырып койгон,- деп билдирди УКМКнын маалымат кызматы.
53 жаштагы Мухаммедкалый Абылгазиев 2010-2016-жылдары Социалдык фондду жетектеген. 2016-жылдан бери вице-премьер-министр, президенттик аппараттын жетекчиси, премьер-министр кызматтарын аркалаган.
Жумабай Акимов