БИР БҮРКҮМ. ӨЛКӨГӨ БАКИЕВДИН ЖУБАЙЫ КЕЛДИ...

  • Бишкек мэриясы: “Мектеп окуучуларын бекер ташуу үчүн 10 автобус сатып алуу пландалууда”.
  • Финпол Орусияга авиабилеттерди негизсиз кымбаттатуу фактыларын текшерет.
  • Мекемелер аралык комиссия: “Коронавирустан каза тапкандар расмий жарыяланып жаткан маалыматтагыдан алда канча көп”.
  • 27-январда Бишкекте жарандык активисттер Жогорку Кеңештин депутаттарын таратуу талабы менен митингге чыгышты.
  • Пара талап кылуу кылмышына шектелип кармалган жарандык активист Улан Жураев сот чечими менен үй камагына чыгарылды.
  • Мурдагы вице-премьерлер Аида Исмаилова менен Алтынай Өмүрбекова Финполго суракка чакырылды.
  • 26-январга карата Токтогул суу сактагычында 10 миллиард 975 миллион метр куб суу калды.
  • Кыргызстанга Жаныш Бакиевдин жубайы Орозгүл Токторбаева келди.
  • Бишкекте кургак сүттү мыйзамсыз жасап сатуу менен алектенген жашыруун цех табылды.
  • Парламент депутаттары Ысык-Көлгө чет элдик жарандар үчүн казинолорду ачууга жол берчү мыйзам долбоорун сунушташты.
  • 2020-жылы өлкөдө 674 ата-эне бала багып алышканы маалымдалды.
  • 26-январга карата ооруканаларда коронавирус илдети менен 643 адам жатат.
  • Нурбек Сыдыгалиев Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп шайланды.
  • 2020-жылы өлкөдө 172 уюшкан кылмыштуу топ кармалганын ИИМ билдирди.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 947, 28-январь-3-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан