Абалы турукташып калганда ырчы социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды:
– Үч кызым үч башка ооруканада. Айлиним экөөбүз колубузду бекем кармашып, бири-бирибизге жардам берип жатабыз. Айымам, Элимамды сагындым. Айымкамдын колу, буту, бели сыздатып жатат. Ага эми чоң операция жасалганы турат. Элимамды көрүп биринчи жүрөгүм түшкөн. Бир бети көк ала, башы шишиген. Белим чыдатпай оорутуп жатса да кыйкыра албадым. Кыздарымды коркутуп аламбы деп корктум. Түптүн ооруканасынан Айлиндин бутун рентгенге тартып, чыгарып беришти. Тизеден өйдө балта менен чорт кескендей көрүнүш. Кызымдын буттары экенине ишенгим келген жок. Нес абалдан чыга албай жатам. Дуба кылалы, деди ырчы.
Анжелика айымдын жана кыздарынын тезирээк сакайып кетишине тилектешпиз.