2019-жылдын күзүндө Европанын футбол айдыңында жаңы жылдыз пайда болду. Ал көп клубдардын талашына түшүп, дале болсо футбол күйөрмандарынын кызыгуусун арттырып келүүдө. Европанын Чемпиондор Лигасындагы жана Германиянын Бундеслигасындагы оюндары менен көптөрдү таң калтырган 20 жаштагы Эрлинг Холанд деген ким? ЭРЛИНГ БРЁУТ ХОЛАНД
Туулган жылы, күнү – 2000-жыл, 21-июль
Туулган жери – Лидс шаары, Англия
Улуту – норвег
Клубу – “Боруссия Дортмунд”
Курама командасы – Норвегия
Бою – 194 сантиметр
Салмагы – 87 килограмм
Амплуасы – чабуулчу
Өткөргөн беттештери – 130
Киргизген голдору – 86
Жетишкендиктери –Австриянын чемпиону 2018-2019-жыл, Жаштар арасындагы Дүйнөлүк Чемпиондуктун мыкты бомбардири (2019-жыл), Golden Boy сыйлыгынын ээси (2020-жыл), Чемпиондор Лигасында алгачкы 10 беттеште 10дон ашык гол киргизген жалгыз футболчу.
15 ЖАШЫНДА КЕСИЛГЕН ТУШОО
Эрлинг 2000-жылы 21-июлда Англиянын Лидс шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөдө үч бир туугандын ортончусу. Атасы Альф-Инге Холанд мурдагы профессионал футболчу. Ал 1994-жылы Дүйнө Чемпиондугунда Норвегиянын улуттук курамасында ойноп, мындан сырткары “Ноттингем Форест”, “Лидс” жана “Манчестер Сити” клубдарынын намысын коргоп келген. Уулу төрөлгөндөн үч жылдан кийин, 30 жашында тизесинен алган жаракатына байланыштуу карьерасын токтотуп, үй-бүлөсүн алып өз мекени Норвегияга көчүп кетет. Эрлинг атасынын жолун жолдоп, Норвегиянын экинчи дивизиону болгон “Брюне” жаштар академиясына кирет. “Брюне” клубунда тарбияланып, карьерасын дал ошол жерден баштайт. Холанд чоңдордун футболуна аралашып, 15 жашында аталган клубда тушоосун кесет. Кийинчерээк ал Норвегиянын биринчи дивизиону “Молде”, андан соң Австриянын “Зальцбург” клубдарынын намысын коргойт.
Чемпиондор Лигасынын 2019-2020-жылдын сезонунда чагылгандай тездик менен популярдуулукка жетишип, 6 оюнда 8 гол жана жалпы 22 оюнда 28 гол жаратып көптөрдү таң калтырды. 2020-жылдын башында Германиянын алдыңкы клубдарынын бири болгон “Дортмунддук Боруссияга” өтүп, трансфердик баасы 30 миллион еврону түзгөн. “Боруссияга” келери менен алгачкы беттешинде экинчи таймда оюн талаасына чыгып, 3 гол жана 1 голдук пас чыгарып берүүгө жетишкен.БИР БЕТТЕШТЕ 9 ГОЛ
Эрлинг мындан 5 жыл мурун профессионалдык футболго келди. Ал жаштар арасындагы Дүйнө Чемпиондугунда мыкты оюн көрсөтүп, көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бура алды. 2019-жылы жайында өткөн жаштар арасындагы Дүйнө Чемпиондугунда ал бир эле беттешке катышып, мелдештин бомбардири аталган. Норвегиялыктар тайпалык этапта удаасынан баштапкы эки оюнда жеңилип, турнирдин акыркы оюнунда Гондурасты чоң эсепте утушкан. Беттеш 12:0 эсеби менен аяктап, 12 голдун 9ун Эрлинг Холанд киргизген.
ОЮН ТАЛААСЫНДАГЫ ЫКЧАМДЫК
Холанд боюнун узундугуна, оор салмагына карабастан оюн талаасында өзүн өтө жеңил алып жүрөт жана абдан тез чуркайт. “Боруссия Дортмунддун” чабуулчусу Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалында ылдамдыгын көрсөттү. Париждиктерге каршы беттеште оң канаттан 60 метрлик аралыкты 6,64 секундда чуркап өткөн. Бул аралыкта дүйнөлүк рекорд – 6,34 секунд.
АНГЛИЯЛЫК КЛУБДАРДЫН ТАЛАШЫНА ТҮШТҮ
Англиянын эки ири клубу “Манчестер Юнайтед” жана “Манчестер Сити” Эрлинг Холандды талашкан. Британиялык “Daily Mail” гезитинин маалыматына ылайык, “Боруссия Дортмунд” Холандды 65 миллион фунт стерлингге бериши мүмкүн. Мындан сырткары Эрлингге кызыккан башка клубдар да көп.
МЕССИ, РОНАЛДУ ЖАНА НЕЙМАРДАН КЫМБАТ
Эл аралык спорт изилдөө борбору (CIES Football Observatory) 2021-жылдын башында Европанын алдыңкы беш лигасында ойногон эң кымбат футболчулардын рейтингин жарыялады. Рейтингде “Дортмунддун Боруссиясынан” Эрлинг Холанд 2-орунду ээлеген (152 миллион евро).
Ал эми Барселонанын лидери Лионель Месси тизмеде 97-орунда. Анын баасы 54 миллион еврого бааланган. “Ювентустун” чабуулчусу Криштиану Роналду жана “ПСЖнын” чабуулчусу Неймар алгачкы жүздүккө кире алган эмес.
УЗУНДУККА СЕКИРҮҮ БОЮНЧА РЕКОРД КОЙГОН
“Боруссия Дортмунддун” чабуулчусу күйөрмандарын таң калтыруудан тажабай келет. Эрлинг алгач жеңил атлетика менен алектенип, 2006-жылы 22-январда 5 жашка чейинки балдар арасында узундукка секирүү боюнча дүйнөлүк рекорд койгон. Анда ал 1,63 метрлик аралыкты багындырган. Ушул убакка чейин эч ким бул рекордду жаңылай элек.
Холанд ата-энеси ага спорттун кайсы түрү болбосун машыгууга уруксат бергендигин айтат. Бирок ал өз күчүн футболдо сынап көрүүнү чечкен.ЗЛАТАН ИБРАГИМОВИЧТИ КУМИР ТУТАТ
Норвегиялык чабуулчу спорттук басылмаларга берген маегинде швециялык белгилүү футболчу Златан Ибрагимовичти кумир тутарын айткан: "Мен кичинекей кезимде көптөгөн футболчуларды көргөм, бирок Златан Ибрагимович мен үчүн мыктылардын эң мыктысы. Ал күчтүү футболчу. Анын басып өткөн жолу, ойногону укмуштуудай. Ал скандинавиялык жана кимдир бирөө анын ордун басышы керек". Холанддын легендарлуу швед футболчусуна таасирленүүсүн оңой эле түшүндүрүүгө болот. Анткени экөө тең скандинавиялык чабуулчу жана дене түзүлүшү чоң. Златандын бою 195 сантиметр болсо, Эрлингдики – 194 сантиметр.
Жумабай Акимов