Ар бир сериал “бардык персонаждар жана аталыштар ойдон чыгарылган. Ал эми дал келүүлөр кокустук” деп башталат. Бирок бул тасманы көрүп отуруп, мындай сөзгө такыр ишенгиң келбейт.
"ИРИС" (“I.R.I.S.”)
Тарткан өлкө – Түштүк Корея.
Тартылган шаарлар – Сеул (Түштүк Корея), Акита (Япония), Шанхай (Кытай), Будапешт (Венгрия).
Аталышы – Ирис бул – гүлдүн аталышы. Тасмада баш каарман Ким Хён Чжундун дал ушул гүлдүн түрүн жактырары да айтылган.
Жарык көргөн мөөнөтү – 2009-жыл.
Жанры – Боевик, триллер, романтика.
Режиссёру – Ким Гютхэ, Ян Юнхо.
Сценарийин жазгандар – Чо Гювон, Ким Хёнджун, Ким Джэын.
Башкы ролдордо – Ли Бён Хон, Ким Тхэ Хи, Чон Жун Хо, Ким Соён, Ким Ёнчхоль, Чхве Сынхён жана башкалар.
Бюджети – 17 миллион доллар.
Узактыгы – Ар бири 60 мүнөттөн болгон 20 сериядан турат.
КЫСКАЧА МАЗМУНУ
Ким Хён Чжун жана Чжин Са У жакын дос, кесиптеш жана ортолорунда ага-инидей мамиле бар. Экөө атайын кызматта жүрүп, көптөгөн сыноолорду башынан өткөрүшөт. Мына ошондо алар өмүр бою бири-бирине жардам берүүгө сөз беришет. Бирок бир күнү эки дос түрдүү шартта табышмактуу Сын Хи деген кызды жолуктуруп, экөө тең аны сүйүп калышат. Тилекке каршы, кыздын максаты башка, тактап айтканда, алар жөнүндө маалымат чогултуп жүргөн болот. Кийин эки дос Улуттук коопсуздук кызматынын милдетин аткарган "NSS" жашыруун тобуна кирген соң Сын Хинин аталган мекемеде агент экендигин билишет. Ошентип, тасманын уланышында миссиянын артынан миссия аткарылып, эки дос акырындык менен атаандашка, аягында душманга айланышат.
Ал эми алар жанын аябай тапшырмасын аткарган "NSS" уюму Түштүк жана Түндүк Кореяны кайраштырып, ортодо согушту чыгарууга аракет кылган дүйнөлүк “Ирис” деген уюмга баш иери аныкталат. Жыйынтыгында эки Кореяны уруштургусу келгендер жана аны болтурбоого аракет кылгандардын согушу аяктап, тынчтык менен бүтөт. Сериалдын эң акыркы мүнөттөрүндө Ким Хён Чжун сүйгөнү Сын Хиге шакек алып келе жатканда атылып өлтүрүлөт.
ТАРЫХ КАМТЫЛГАН ТАСМА
Сериал 1998-жылы белгилүү болгон “Шири” деген тасманын негизинде тартылган. Баары биригип 20 саатка созулган тасманын мазмуну эки Кореяны бириктирүү талашынан турат.
Тарыхка үңүлсөк, 1945-жылга чейин Корея Япониянын колониясы болуп, Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин жеңүүчү өлкөлөрдүн пайдасы үчүн, ал экиге бөлүнүп калган. Тактап айтканда, Түндүк Корея Советтер союзуна, ал эми Түштүк Корея Кошмо Штаттарга баш ийип калат. АКШ менен СССР бир улутка таандык өлкөнү бириктирүү үчүн келише албай, 1948-жылы толугу менен эки башка өкмөт куралат.
1950-жылы өз ара келишпестиктердин айынан Корей согушу башталып, ал үч жылга созулган. Бул согушта 3 миллионго жакын адам өлгөн. Эки өлкөнүн атаандаштыгы тымызын атомдук бомба жасоого түртүп, ал жагдай тасмада да көрсөтүлгөн.
2007-жылы Түштүк Кореянын президенти коңшу Кореяга барып, бул жолугушууда эки ажо БУУга Кореяны бириктирүү үчүн көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдиришкен. Ошентип, тасма “ойдон чыгарылган” деп аталса дагы, андагы көп урунттуу учурлар тарыхтын барактарынан алынган.
ИЙГИЛИГИНИН СЫРЫ
"Ирис” сериалы Түштүк Кореянын “КBS” деген медиа-компаниясы тарабынан каржыланган. Ал буга чейинки тартылып келген тасмалардын бардык бюджетинен ашып түшүп, “Кореянын эң кымбат тасмасы” деген наамга ээ болгон. 2009-жылы октябрда коомго көрсөтүлгөн тасма алгачкы аптада эле жогорку рейтингдерге жетип, телекөрсөтүүдөгү “менмин” деген кадыр-барктуу программаларды артта калтырган.
Ийгилигинин биринчи сыры анын каражатында болсо, экинчиси анын актёрдук курамында десек болот. Анткени башкы ролдорду аткарган Ли Бён Хон менен Ким Тхэ Хи бир гана Кореянын мегажылдыздары болбостон, аталган тасмадан кийин “Эң мыкты актёрдук шерик” деген сыйлыкты алышкан.
Ким Тхэ Хи
Өлкөнүн коопсуздугу үчүн ондогон адамды өлтүрүүдөн тайманбаган жана ошол эле мезгилде гүл өстүрүүнү жактырган агент Сын Хи (Ким Тхэ Хи) Түштүк Кореянын Улсан деген шаарында 1980-жылы 29-мартта туулган. Күйөрмандарына актриса жана модель катары таанымал.
Үч бир тууган, анын ичинен иниси Ли Вон да тасмага тартылып жүрөт. Актриса 2005-жылдан бери Түштүк Кореянын Швейцариядагы элчилигинде да кызмат кылып келет.
Чон Жун Хо
Чжин Са У деген агенттин ролун ойногон Чон Жун Хо Түштүк Кореянын Сеул шаарында, 1970-жылдын 1-октябрында туулган. Тасмада буйрукка баш ийип, кан досун өлтүрүүдөн баш тартпаган Чжин Са У чыныгы жашоодо да айтканынан кайтпаган киши. Анткени “1818” деген тасмада дебюттук ролун 17 жашында ойногон.
Рыноктук шартта өнүккөн Түштүк Кореяда өспүрүм курагынан ийгилик жаратуу калк арасында чоң кадыр-баркка жетишүү деп саналат.
Чхве Сынхён
Тасманын эң жаш актёру жана каардуу киллер 1987-жылы 4-ноябрда Түштүк Кореяда төрөлгөн. Ал Темпо деген чыгармачыл ысымы менен да белгилүү. Кино дүйнөсүнө чейин сахнаны багындырып, популярдуу “Big Bang” деген топтун ырчысы болгон.
Бош убактысында сууда сүзүү жана китеп окуу менен алек.
Ким Соён
Түндүк Кореянын агенти жана душманын өлтүрүүгө барып, бирок аны жактырып калган кыздын ролун жараткан Ким Соён 1980-жылы 2-ноябрда, Түштүк Кореянын борбору Сеулда төрөлгөн. Кино дүйнөсүнө 16 жашында баш бакканы менен, көбүнчө экинчи пландагы же эпизоддо гана роль жаратып келет.
СОҢКУ СӨЗ ОРДУНА
Жашоодо бардык кылмыш жазасыз калбаганы тасмада чагылдырылган. Бекеринен тасманын акыркы серияларында “колуң канга боёлсо, демек, сен дагы ошол тагдырды кайталайсың” деген фраза айтылбаган чыгар.
Эльвира Караева
koom@super.kg