ЖЫЛДЫЗ БЕЛГИНИН СТИХИЯСЫ БОЮНЧА ШАЙКЕШТИК

Астрология илими кызыктуулугу менен өзүнө тартат. Бул жаатты изилдеген астрологдор адамдардын ортосундагы мамиле, шайкештик, кулк-мүнөзгө карап түгөй табуу сыяктуу маселелерди жеңилдетүүгө аракет жасашат. Эгер астрология илими кызыгууну жаратса, жылдыз белгилердин стихиясына жараша түгөйлөрдүн шайкештиги тууралуу төмөнкү материалдан окуп алыңыз.

Жылдыз белгиңиз кайсы стихияга кирерин аныктап алыңыз

Астрологдор жылдыз белгилерди стихиясына карап 4кө бөлүшөт. Алар: От, Аба, Жер жана Суу.

От стихиясына кирген жылдыз белгилери: Кой, Арстан, Жаачы

Аба стихиясындагы жылдыз белгилер: Эгиздер, Тараза, Суу куяр

Жер стихиясындагы жылдыз белгилер: Букачар, Бийкеч, Текечер

Суу стихиясындагы жылдыз белгилер: Бөйөн, Чаян, Балык.

ОТ СТИХИЯСЫ

От стихиясына кирген жылдыз белгилердин алдында төрөлгөндөр жалпы жонунан активдүү, энергияга бай, өз алдынчалуулукту жактырган, эркин адамдар келишет. Ишине так, жоопкерчиликтүү болушат. Алар бирөөнүн берген кеңештерин жактыра беришпейт, угуп коюшат, бирок чечим чыгарууга келгенде өз пикиринен тайбаган адамдар. Алдыга максат коюшса, ага жетүү үчүн бардык тоскоолдуктарды жеңип өтүүгө бүт күчүн жумшашат. Эгер иши оңунан чыкпай жатса оңтоюн таап кетүүгө да жөндөмдүү келишет.
От стихиясындагылар бир учурда бир нече ишти баштап алып жүргөндөрдөн эмес. Алар оюн бир гана нерсеге топтобосо иш кыла алышпайт. Убакытты туура пайдалануу үчүн алар жөндөмүнө жараша ишин бөлүштүрүп алып, бирин бүткөн соң гана экинчи маселе тууралуу ойлонуп башташат.
Мамиле куруу жаатына келсек, аты айтып тургандай эле оттой күйүп-жанып турушат. Чыныгы романтиктер, башын жоготуп сүйгөндөр, айтор, ысык адамдар ушул стихиянын өкүлдөрүнөн чыгат. Өз сүйүүсү үчүн эрдиктерди жасашат, алар ишенимдүү жана түгөйүнө дайыма кам көрүшөт. От стихиясындагыларды тандагандар аларга ар дайым комплименттерди айтып, колдоп, сүрөп туруулары керек. Анткени алар көңүл чордонунда болууну жактырышат.
От стихиясына кирген жылдыздар ортосундагы болжолдуу шайкештик: Кой+Арстан, Арстан+Жаачы, Жаачы+Кой. Түгөйлөрдүн экөө тең От болсо ушундай союздар ийгиликтүү чыгат дешет.
Ал эми Оттор түгөй тандоодо Аба стихиясындагылардан тандаса ийгиликтүү болот.

АБА СТИХИЯСЫ
Абанын таасири алдында туулгандар баарлашуу үчүн абдан кызыктуу, ар тараптуу, өз ара мамиле түзүүгө ыңгайлуу адамдар келишет. Алар бир учурда бир нече жумушту аткара алышат жана кырдаалга тез көнүүгө жөндөмдүү болушат. Аба стихиясындагылар конфликтти жактыра беришпейт. Алар буга энергия коротуунун ордуна компромисске келип, маселенин кийинки этабына өтө берүү оң дешет. Бир учурда бир нече сферада иш алып бара алышат. Абалар бир орунга турбаган кыймылдуу адамдар болушат.
Түгөй тандоого келгенде сүйүктүүсүнөн уникалдуулукту талап кылышат. Ошондуктан Аба стихиясындагы адамды тандоодо анын талаптарына жооп бериш үчүн ар тараптуу болуп, мамиледе улам жаңы ыкмаларды өздөштүрүп турушуңуз керек. Булар үчүн үй-бүлө маселеси маанилүү. Анткен менен акылдан адаштырган сүйүүгө туш болуп калышса, сезимдери үчүн үй-бүлөнү таштап коюулары да мүмкүн. Бирок астрологдордун айтымында, көпчүлүгү үй-бүлөсүнө кайра кайтып келишет. “Өтө кызыл бат оңот” деген сөз аба таасири алдында туулгандарга куп жарашчудай.
Аба стихиясына кирген жылдыздар ортосундагы болжолдуу шайкештик: Эгиздер+Тараза, Тараза+Суу куяр, Суу куяр+Эгиздер.
Башта айтылгандай Аба стихиясынын алдында туулгандар Оттор менен жакшы шайкештикте болушат. Алар болжолдуу төмөнкүдөй:

Кой+Суу куяр

Кой+Эгиздер

Арстан+Тараза

Арстан+Эгиздер

Жаачы+Суу куяр

Жаачы+Тараза.

ЖЕР СТИХИЯСЫ

Бекемдик, ишенимдүүлүк, конкреттүүлүк, тактык. Мунун баары Жердин таасири алдында туулган адамдарда. Кыймылы жай болушу мүмкүн, бирок иштин майын чыгара жасашат. Алар жалданып иштеген компаниялардын иши алдыга жылат дешет астрологдор. Айтмакчы, чет өлкөдө жумуш издегендерди баарлашууга чакырганда кызматкердин жылдыз белгисин да сурап, аны маанилүү пункт катары белгилеген компаниялар да бар.
Чыдамкайлык жана көтөрүмдүүлүк көп тоскоолдуктарды жеңип өтүүгө жол ачат. Сезимдерге да туруктуу келгендиктен канчалык чоң кыянаттык болсо да кечирүүгө даяр болушат. Жеңил-желпи мамиле күтүшпөйт. Ошондой эле түгөйүнөн да ушул нерселердиталап кылышат. Үй-бүлө Жер стихиясындагылар үчүн абдан маанилүү. Уянын бакубат, тынчтыгы үчүн алар көптөгөн курмандыктарга бара алышат.
Жер стихиясына кирген жылдыздар ортосундагы болжолдуу шайкештик: Текечер+Букачар, Букачар+Бийкеч, Бийкеч+Текечер.
Ал эми Жер стихиясына кирген жылдыз белгилеринин алдында төрөлгөндөр түгөй тандоодо Суу стихиясындагылардан тандаса ийгиликтүү болот.

СУУ СТИХИЯСЫ
Суу стихиясына кирген жылдыз белгилер алдында туулган адамдар жогорку эмоционалдуулук, сезимталдуулук менен айырмаланышат. Айланасындагылар жасаган мамиле алар үчүн абдан маанилүү. Психикасы ийкемдүү келет. Ошондуктан алар кандай гана топко барбасын, аралашып кете алышат. Анткени, билесиз да, суу тегерек идиште тегерек, төрт бурчтук идиште төрт бурчтук формага келе алат. Башка жылдыз белгилерге салыштырмалуу Суулар өз ичинен түйшөлө бергендер. Алар толкуп-ташый турган болсо кооптуу. Ошондуктан ойго келбеген нерселерди жасап коё алышат. Мындан улам Суу стихиясындагылар тууралуу алдын ала бир нерсе божомолдош кыйын. Баса алардын бул мүнөзү айланасындагыларга көйгөй жаратышы мүмкүн. Сүйүү жаатына келсек, булар абдан күчтүү сезимдер менен сүйүшөт. Түгөйү ар дайым жанында болуусун, колдоп-коштоп, карыш жылбай чогуу жүрүшүн каалашат. Суу стихиясына кирген адамдарды тандагандар алардын каалоолорун кынтыксыз аткарып турушса жагат.
Суу стихиясына кирген жылдыздар ортосундагы болжолдуу шайкештик: Балык+Бөйөн, Бөйөн+Чаян, Чаян+Балык.
Башта айтылгандай, Суу стихиясынын алдында туулгандар Жер менен жакшы шайкештикте болушат. Алар болжолдуу төмөнкүдөй:

Текечер+Чаян

Текечер+Балык

Букачар+Бөйөн

Букачар+Балык

Бийкеч+Чаян

Бийкеч+Бөйөн

Жогорудагы мүнөздөмөлөр – астрологдор жылдыздарга карап берген божомолдор. Албетте, ар бир адам өз алдынча уникалдуу жана индивидуалдуу. Андыктан турмуштун жүгүн бирге артынчу адам табуу ар бир инсандын өз каалоо, тандоосунда.

Гүлжан Асанкожоева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Mubarak
2021-02-01 15:34:55
Мен аба жолдошум от.шайкеш екен.бирок коп талашып тартышабыз.бул жон Гана соз охшойт.
0
bayern-munchen
2021-02-01 15:57:19
Чаян от стихияга кирет деп жерден окуган элем
0
Hanbike9686
2021-02-01 20:18:09
Арстан Алай жазып дердиби
+1
№ 947, 28-январь-3-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан