КОЙ (21.03-20.04)
Ойлогон ойду ишке ашырып алууга мүмкүнчүлүк чыгат. Иш-чараларда абайлап сүйлөңүз, болбосо какшык, сынга кабылып каласыз. Убадаларга ишенбей туруңуз, алар куру сөздөр. Документ, акчага байланыштуу иштерде жаныңызга ишенимдүү бирөөнү алып алыңыз. Тиричиликке керектүү буюм сатып алып кубанасыз.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Активдүүлүктүн арты менен пайдалуу сунуш же буюртма аласыз. Бардык ишти майда-чүйдөсүнө чейин ойлонуп анан киришүү оң. Алыс сапарга чыгуунун жыйынтыгы жакшы болот. Сиз чакырылган иш-чарадан пайда таппайсыз, убакыт коротуунун кереги жок. Майда жана маанилүү иштер колуңузду кармайт. Бүтүрүп койгонуңуз оң.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Апта баш жана тиш оору, каржылык чыгымдарга жакын апта. Тобокелчиликке барбаңыз! Үй же короону иреттөө, керексиздерден арылуу керектелет. Күтүүсүз мейман келип калышы мүмкүн. Ишенген адамыңыз бир маселеңизди чечүүгө көмөктөшөт. Бейтааныштардын айынан дос-тууганды таарынтып алуудан абайлаңыз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Урушкандар менен элдешүү кажет. Өспүрүм курактагы балдарыңыз менен да абайлап сүйлөшпөсөңүз арты өкүнүчкө алып барат. Идеяларды иштеп чыгып сунуштасаңыз, чогуу иштегендер кубаттайт. Сюрприз маанайыңызды көтөрмөкчү. Суукка урунбоо үчүн жылуу кийинүү сунушталат. Жалпысынан ден соолукка этият болуңуз.
АРСТАН (23.07-23.08)
Бирөөгө болушам деп башкаларга жаман көрүнүп калбаңыз. Алдоо же алдануудан, кызганычтан алыс болуңуз. Айлыгыңызды көбөйтүп берүү талабын коюп жетекчилик менен сүйлөшүүңүз ыктымал. Коомдук жайда бейтааныш адамдар менен урушуп, эмоцияга алдыруудан качыңыз. Ойдогудай буюм же кийим сатып алууңуз мүмкүн.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Акчаны көбөйтүүгө ыңгайлуу кырдаал жаралат. Жакын адамыңыздын бири сиздин колдоого муктаж болот. Кыймылсыз же кыймылдуу мүлк маселеси боюнча үйдөгүлөр менен акылдашасыз. Белгиленген жолугушуу сиз күткөндөй болбойт. Убакыт коротуу, убаралануу келип чыгат. Абалды позитив менен жөнгө салып кетүүгө болот.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Тагдырдын сизди сыноосу уланууда. Коё берилген мүмкүнчүлүк же кетирилген ката, ашыкча чыгым сизди жүгүрүп иштөөгө аргасыз кылат. Өнөкөт оорулар козголбошу үчүн күчтүү тамактардан, оор жумуштардан качуу керек. Көңүлүңүздө барктаган адам конокко келиши ыктымал. Сыйлап узатып, пайдалуу баарлашуу өткөрүңүз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Майда жагымсыздыктарга карабай өзүңүздү жакшы сезесиз. Сүйүктүүңүз менен баарлашуу психологиялык чыңалуудан арылтат. Жаңы идея менен иштесеңиз тапканыңыз көбөйөт. Балдардын, өзүңүздүн акыл-эс кампаңызды өстүрүү үчүн керектүү китеп окуп же чогуу тасма көрсөңүздөр жакшы. Алыстагы туугандардан кабар аласыз.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Тагдырдын бурулушуна даяр туруңуз. Чечимди өзүңүз кабыл алыңыз. Башкаларды уксаңыз жагымсыз жыйынтык келип чыгат. Жеке мамиледе бир маселени чечүү керектелет. Жумушта же коомдук унаада бир буюмуңуздун жоголуп кетишинин алдын алыңыз. Айрымдар банктан насыя же таанышынан акча алууга аргасыз болот.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Кандай кырдаал жаралса да ага батыраак реакция кылып, жол таап чыгып кетүү керек. Болбосо ишиңиз алга жылбайт. Бир өңчөй жашоодон жадап, ага өзгөртүү киргизүү жагы ойлондурат. Достордун камкордугуна ыраазы болосуз. Бирөөдөн урунууга алган буюмду убагында кайтарып бериңиз. Жок жерден чыгым болуп калышыңыз ыктымал.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жаңы иш, кошумча акча булагын издегендердин жолу болот. Энергия толук болушу үчүн жашылча-жемиш көбүрөөк жеп, уйку режимин сактоо сунушталат. Кереги тийчү жаңы адамдар менен таанышууңуз ыктымал. Туура эмес кылык-жорук жасап жиберип ушак сөзгө илинбөө кажет. Малды ит-куштан, уурулардан сактаңыз.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Бул ирет өзүңүздүкүн бербей көк беттенбей, элдин акылын уга билүү кажет. Ошондо максатка жетүү оңой болот. Канчалык ишиңиз көп болсо да балдарга камкордук, кылуу керек. Чыгашаларды кыскартып, чоң нерселерге акча топтой баштаңыз. Организмди тазалоого киришсеңиз жакшы. Унутулган досторго барыңыз, чер жазыңыз.