Неслихан Атагүл ден соолугуна байланыштуу "Элчинин кызы" сериалынан кеткенден кийин долбоор өзгөрүүлөргө учурады. Бул тууралуу чет элдик басылмалардан маалым болууда. Сериалда Гедиздин ролун аткарган актёр Ураз Кайгылароглу дагы долбоордон кетет. Сериалдын сюжети кескин өзгөрүүдө. Туба Бүйүкүстүн менен Энгин Акюрек жаңы түгөй болуп, сценарий тез арада кайрадан жаңыланып жазылууда.
Бүйүкүстүн сериалды куткарууга макулдугун берди. Ал буга чейин Энгин менен "Булганган акча жана алдамчы сүйүү" сериалында башкы ролду ойногон. Адатта ал тартылып баштаган сериалга тартылчу эмес.
Бул долбоор үчүн “O3 Medya” телекомпаниясы актрисага 3 миллион түрк лирасын (болжол менен 400 миң доллар) төлөгөнү айтылууда. Ал эми ар бир тартылган серия үчүн Туба Бүйүкүстүн 200 миң түрк лирасын (27 миң доллар) табат. Мындан тышкары келишим боюнча сериалдын чет өлкөлөрдөгү сатууларынан түшкөн каражаттан үлүш алып турат. Айрым маалыматтарга караганда, анын өнөктөшү Энгин Акюрекке да ушундай сумма төлөнөт.
"Элчинин кызы" сериалынын кийинки сезону бир нече жылдан кийин белгилүү эки жылдыздын жолугушуусу менен башталат. Бул рейтингге жардам бере алабы же жокпу, алдын ала айтууга болбойт. Мунун баары Туба айым экранда көз ачып-жумганча пайда болушу үчүн жасалды. Актриса жакында бул сериалга тартыларын социалдык тармак аркылуу жарыялады. Ал биринчи эпизодуна тартылган. “Булганган акча жана алдамчы сүйүүдөн” бир нече жыл өткөндөн кийин кайрадан бир сериалга тартыла баштаган эки атактуунун аттарын жарнамалап, “Star TV” бул кырдаалды шоуго айлантууну пландаштырган.
Тасма жаратуучулары бул тууралуу:
"Элчинин кызы" сериалынын актёрдук курамына кирген Туба Бүйүкүстүн бүгүн кечинде эфирге чыга турган жаңы сериясында биринчи жолу көрүүчүлөр менен жолугушат. Сериалдан Энгин менен Тубанын катышуусундагы биринчи кызыктуу кадрларды көрө аласыздар. Анын ойной турган каарманы тууралуу бардык кызыктуу суроолорго жооп таба аласыз” деп билдирген.
Сериалдын аталышы өзгөрөбү же жокпу деген да суроо туулат. Элчинин кызы жок болгондуктан, Нара менен Санжардын сүйүүсү да жок. Мындан улам долбоордун аталышы өзгөрөбү? Бул кийин белгилүү болот. Тасма жаратуучулары азырынча так чечим чыгара элек.
Динара Абдыкадырова