Мезгил үнү
Буга чейин "Балыкчы шаарындагы оорукананын төрөт бөлүмүнүн акушер-гинекологу эки наристенин өлүмүнө себеп болду" деген маалымат тараган. Жабыр тарткан ата-энелердин бири тарабынан доо арыз аталган шаардын прокуратурасына келип түшкөн. Окуя үстүбүздөгү жылдын 24-февралында болуп өткөн. Арадан жарым жылдан ашык убакыт өтсө да, Чубактын кунундай чубалган иш аягына чыкпагандыктан, изилдөө үчүн атайын комиссия да түзүлгөн.
“БАЛАМДЫН ДЕНЕСИН ИЗИЛДӨӨГӨ БЕРБЕЙ КОЮШКАН”
Мамлекеттик деңгээлге чейин көтөрүлгөн маселенин чоо-жайына биз да салкын мамиле кыла алган жокпуз. Ошондон улам жабыр тарткан эне Асел Ибраевага кайрылдык.
– Төрөй албай кыйнала турган деле жашка жете элекмин. Болгону, 28 жаштамын. Өзүм үй-бүлөм менен Жети-Өгүз районунун Тамга айылында турам. Биринчи баламды операция жолу менен төрөгөм. Мындай жол менен төрөгөндөн кийин үч жылга чейин бойго бүтүрбөй, сактануу керек экен. Дарыгер айткан эрежелерди сактап жүрүп, экинчи балам боюма бүттү. Анан Жети-Өгүзгө каттоого турбай, жакшы карашса керек деп Балыкчынын ооруканасындагы төрөт бөлүмүнө кайрылууну чечтим. Анын үстүнө кайын журтум, өзүмдүн ата-энем дагы Балыкчыда турушчу.
Мени Тилек Айдаралиева деген дарыгер каттоого алды. Ай-күнүмө жеткиче ошол дарыгердин көзөмөлүндө болдум. Биринчи баламдагыдай бөйрөгүм оорубай, буттарым шишибей, өзүмдү аябай жакшы сезип жүрдүм. УЗИге түшсөм, баары жакшы экенин айтышты. Врачым “сен аябай жакшы жүрөсүң, операция жолу менен эмес, өзүң төрөйсүң” деп жатты.
Врачтын “мынчасында төрөйсүң” деп берген датасына бир жума калганда "бир көрүнүп кетейин, жат десе жатайын" деп Айдаралиевага келдим.
Колун жатынга катуу салып жиберди эле, ысык бирдеме куюлуп кетти. Мен суу кетти го деп ойлоп, эмне болгонун сурасам, кан кеткенин айтты. Врач сыртка чыгып кетип, 15 мүнөттөй жок болду. Сырттан дарыгерлерди, мээрман айымдарды ээрчитип келип, операция кылбаса болбой турганын айтып, эмне болгонун медициналык терминдер менен түшүндүрдү. Менин баамымда, ал колун катуу салып жиберип, тонду айрып алган. Күндүзгү саат 2де наркоз беришкен эле, түнкү саат 11лер чамасында ойгондум окшойт. Эсиме келген соң дарыгерди чакырып, эмне болгонун түшүндүрүп берүүсүн сурадым.
Ал: “Мен колумду салып текшерип жатсам, кан кетти. Андай кылбасам, жолдон кансырап балаң да, сен да өлмөк экенсиң. Балаң чарчап калганы менен, өзүңдү аман алып калдык”,- деди. Биринчим да кыз, ал азыр 4 жашта. Мунум дагы кыз экен.
Жолдошум баланын денесин медициналык текшерүүгө берип, эмне болгонун изилдейм деп чыкты. Врачтар макулдук бербей коюшту. Ошондон улам шектенип, Балыкчы шаардык прокуратурасына арыз менен кайрылдык. Анан бир тергөөчү ишти экинчи тергөөчүгө өткөрөт. Ошентип, иш созула берди. Биз эмнеге капабыз? Изилдөөгө макул болбой койгон дарыгерлер эми“денени союп изилдейли десек, өзүңөр алып кетип калбадыңарбы” деп күнөөнү кайра бизге оодарып жатышат.
“ТОНДУН ЖАТЫНГА ЖАБЫШЫП ӨСҮП КАЛГАНЫН БАЙКАШКАН ЭМЕС”
Бул ишти кылдат иликтеп чыгуу максатында Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Эне менен баланы коргоо улуттук борбору тарабынан түзүлгөн комиссия жакында эле окуя болгон жерде болуп кайтты. Иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу комиссиянын жетекчиси Айгүл Бообекова мындай дейт:
– 1982-жылы төрөлгөн Асел Ибраеванын бул төртүнчү ирет боюна бүтүшү. Биринчиси боюнан түшүп калыптыр. Экинчисин ден соолугунун начардыгына байланыштуу операция жолу менен төрөгөн. Үчүнчү баласы ичинен өспөй калган экен. Биз иликтөөгө алган – төртүнчүсү.
Эне төрөгөнгө чейин Балыкчыдагы жеке менчик УЗИден эки жолу текшерилген. 4-февралда өткөн УЗИнин жыйынтыгы менен Ибраева үстүбүздөгү жылдын 24-февралында врач Айдаралиеванын кабылдамасына барган.
Ибраеванын ошол күнгө чейин ден соолугу жакшы болгон. Ошентсе да көзөмөлдөгөн дарыгери Айдаралиевага келип жүргөн. Дарыгер биринчи баласын операция жолу менен төрөгөнүн эске алып, энени дагы бир жолу текшерүүнү чечет.
Ошол учурда жатындан кан ага баштаган. Операцияга чейинки диагноз боюнча, Ибраеванын кош бойлуулугу 38 жуманы түзгөн. Тон жатынга жабышып өсүп калган. Муну УЗИ аркылуу текшерген адис да, көзөмөлгө алган дарыгери да байкашпаптыр. Анткени эненин ден соолугу шек саноого эч кандай жол берген эмес. Эгер дарыгер тондун туура эмес жайгашканын билсе, андайга барбайт эле.
Ошентип, 24-февралда түшкү саат 15:34тө 3 килограмм 116 грамм салмактагы абалы оор кыз төрөлгөн. Операция учурунда туура эмес жайгашкан тон жатындын этине биригип өсүп кеткени билинген. Бул гистологиялык изилдөө менен да аныкталган. Ошого карабастан, операция ийгиликтүү аяктаган.
Эненин ден соолугуна кам көрүү, дарылоо жагын оорукана камсыз кылган. Наристе төрөлөрү менен дароо жандандыруу бөлүмүнө оор абалда алынып келген. Анткени бала эненин ичинен тумчугуп калган. Алгач бала, анан тон түшүш керек эмеспи. Баланын тумчугуп калышы тондун жатынга жабышып өсүп кетишине байланыштуу болгон. Дарыгерлердин ары-бери чуркап жардам бергенине карабастан, наристе чарчап калган.
Баланын денеси патолого-анатомиялык изилдөөгө берилген эмес. Төрөт бөлүмү оорукананын администрациясынын уруксаты жок эле сөөктү ата-энеге берип салган.
Сүйүн Кулматова
koom@super.kg