Гүлзат Байзакова, ырчы: “АПАМДЫ САГЫНГАНДА БУРКУРАП ЫЙЛАЙМ”

Бирде күлүп, бирде ыйлап Гүлзат айым жашоосуна көз чаптырып эстеп отурду. Ата-энесинен удаасынан айрылганын эстегенде кабыргасы кайышса, жаштыгын эстеп жадырап күлөт. Куюлуштура сүйлөп, сөз кадырын билген айым кызыктуу кеп куруп берди.

– Гүлзат айым, саламатсызбы? Өткөндө байланышсак карылар үйүндө концерт коюп жүрөбүз дедиңиз эле. Ал жакка көп барып турасыздарбы?

– Саламатчылык. “Достор” тобунун курамы, башка ырчы кыздар, Назира Жетигенова алып баруучу болуп карылар үйүнө, балдар үйүнө барып концерт коюп келдик. “Достор” тобунун элге көрүнбөгөн дагы бир мүчөсү – Айзада деген досубуз бар. Анын 2 буту баспайт. 2 колу менен жылат. Уулу 1-класста окуйт. Ал биздин ыраматылык Гүлбү Ороскул кызынан калган белегибиз. Ал буга чейин Айзадага жардам берип жүрчү экен. Кайрымдуулук фонддорунун биринин жетекчиси Азамат Байматов Айзадага чакан үй салып берген. Сиздердин гезит аркылуу Айзаданын тагдыры жарыяланганда окуп, жардам берген. Үй тапшырганда кубанып, куттуктап барганбыз. Азаматтан “бул жерди каяктан таптың?” десек, “айыл өкмөт берди” дейт. Ал эми пайдубалын куюп баштаганда кошуна-колоңдор келип сурап, Айзаданын абалын угуп “мен ташын түшүрүп берейин, мен фундаментин куюп берейин” деп жапа тырмак көмөк көрсөтүшүптүр.

– Азыркыга чейин сизге наам ыйгарыла элек экен...

– Нурак Абдырахмановго өлөрүнө жакын “Эл артисти” наамы берилди. Ага чейин “Эмгек сиңирген артист” болуп эле жүрдү. Карап көрсөң, ал наамды менин уулдарымдан кичүү балдар алып жатпайбы. Сыйлык бербесе да, элдин сүйүүсүнөн өткөн сыйлык барбы? Жашы өтүп бараткан агай-эжелердин көңүлүн көтөрүп баалап койсо...

Кээде тамадалар билбей мени “Эмгек сиңирген артист” деп чакырганда уялам. Анткени коноктордун арасында маданият өкүлдөрү да болуп калышы мүмкүн. “Бул атайын ушинтип айттырып жатат” деп ойлобосун деп “менин наамым жок, Гүлзат Байзакова деп эле чакырчы” дейм.

– Документ тапшырдыңыз беле?

– Көп жолу тапшыргам. Мени менен тапшыргандар алат да, мен эле калып калам. Башында жаман болгом. Азыр наам тууралуу ойлонбой деле калдым.

– Чыгармачыл адамдар балдарын ал чөйрөгө аралаштыргысы келбейт. Сиздин 2 уулуңуз тең музыкант.

– Кызымды аралаштыргым келбейт. Эркек балдар окуй берсин. Кыз балага оор. Гүлсүн Мамашовага “эже, эмнеге Марат Ибраевди мынча катып жүргөнсүз?” десем, “мен жашоодо көп сынгам. Баламдын ошондой болушун каалаган эмесмин” деди. Бирок эки таланттан жаралган Марат өзү эле ырдап кетти го. Ошол сыңары балдарга тоскоол болгон жокпуз. Кызым 3-класста окуйт. “Дизайнер болом. Сизге, атама кийим тигип берем” дейт.

– Чыгармачылыктан чыныгы дос күтүү мүкүнбү?

– “Достор” тобу түзүлгүчө 14-15 кыз шеринелеш болчубуз. Ошолордун ичинен көзүңдөн бири-бириңди түшүнгөн кыздар иргелип “Достор” тобу түзүлүп калды. Бирок бир мезгилде ар кимибиз өз турмушу менен алек болуп, чогулуп концерт бербей калбадыкпы. Ошол кезде оор болду. Анан Гүлбү Ороскул кызы менен Элмира Кайып кызы катарынан кетип калганы бизге оор жоготуу болду. Ошондуктан бул жылы чогулуп соопчулук иштен баштайлычы деп концерт коюп келдик.

Орловкадагы жетим балдар үйүнө бардык. Директордун сиңдиси каза болуп, ал ошол жакта экен. Бизди бир туугандай болуп балдар жетелешип чыгып тосуп алып залга киргизишти. Бир да чоң киши жок. Балдар биз менен чогуу ырдап, жыргап алышты. Концерт ортосунда бир келин келди. “Ой, ушундай жылдыздар келдиби?” дейт. Көрсө, балдар бири-бирин карап жашай беришет экен. Чоңдору өз иштери менен кете беришет тура. Балким, себеби бардыр. Кетип баратып “тагдырдын тайкы жолунда ата-энелери таштаганы аз келгенсип, силер да балдарды таштап салган турбайсыңарбы” дедим.

Сүйүнткөнү – 28 баланын ичинде 2 эле кыргыз кыз бар экен. “Кыргыздар баласын таштабаптыр” деп кубандым. Улутчул эмесмин, бирок өз улутума күйөм.

– “Достор” тобунун мурунку мүчөсү, Жаныш Бакиевдин аялы Орозгүл Токторбаеваны аэропорттон тосуп алган сүрөтүңүздөр катуу талкуу болду. Аны менен байланышып турасыздарбы?

– Ал буга чейин эле келип-кетип жүрөт. Апасы ооруп жатат. Биринчи жолу келип-кеткендей кабыл алышты окшойт. Декабрь айында келген, чогуу болгонбуз. Чыгармачылыкта дайыма биргебиз. Президенттин инисинин аялы болгуча эле чыгармачылыкта болчу. Кызы 19 жашка чыгып калды. Өзү адамгерчиликтүү, жакшы келин. Саясаттын запкысын ал тартпашы керек. Орозгүл Токторбаева деп ага чейин эле таанылып калган. Чыгармачыл адамдар саясатка кийлигишпейбиз да. Биз бир күнү президенттин үйүндө, эртеси карапайым адамдын алдына ырдайбыз.

– Жакшы кайненедей сезилесиз...

– Уул-келиним 2 жылдай биз менен чогуу жашады. Дароо эле менден башка 2 кайнененин колуна түшүп калды. Биз менен кайненем, ата-энем да жашачу. Мен болсо тойдон, концерттен кеч келем. Аны апам менен кайненем тарбиялап койду.

Бирөөнүн бапестеп чоңойткон кызы менин үйүмө келип оокат кылып жатса туура эмес мамиле кылсам болбойт да. Ата-энесинен өтүп жакшы көрө алам. Чартылдап бетке айткан мүнөзүм бар, ошол сапатымды балдарым туура түшүнөт. Бирөөнүн мыйзамына көнүш оңой эмес. Ошон үчүн келиниме убакыт бердим. 2 жыл бөлбөй турганым – туугандарды таанысын дедим. Үйгө туугандар келишсе, “апа, силерге бирөө келди” деп турбасын дедим. 2 жылдан кийин үйүн даярдап “кеткиле” десек, келиним “апа, кантип жашайбыз?” дейт (күлүп). 1 айга чейин “кеткибиз келбей жатат” деп өз үйүнө кетишет да, кайра келишет. Азыр чакырып келтире албайбыз.

– Неберенин таттуулугун сезип жатасызбы?

– Балалуу болгондо жаш экенбиз. Апам “окууңду таштаба” десе эле, 3 айлык баламды кайнене-кайнатама берип окуума кетип калгам. Ал кезде өзүм бала экенмин. Жакында уулум 3-балалуу болду. Баласын колго алып “апа, таш боор экенсиз, мына муну кантип берип койдуңуз?” деп коёт (күлүп). Кайнатам Камбарды өзү бакты. Сагынганда жолдошум баланы алып келет. Анда жатаканада жашачубуз. Бала келгенде бизге майрам. Бир окуяны эстеп кеттим. Бала жөрмөлөп калган. Идиш жууюн деп сыртка чыксам артымдан жөрмөлөп келет. Баланы жолдошумдун, халатымдын курларына босогого келгенде токтогудай байлап койсом кайнатам келип калыптыр. “Баламды аркандап салган турбайбы” деп таарынып халатымдын курун эмес, Ишендин (жолдошу) курун ортосунан кесип, бала кандай кийинип турса ошол боюнча үйүнө алып кетип калды. Ошол көрүнүш ал кишиге катуу тийиптир. Көрсө, небере таттуу болот турбайбы. Азыр неберелериме болушам. Неберенин таттуулугун билип “атам сенин куруңду кескенче бар турбайбы” деп калам.

– Удаасынан ата-энеңизден айрылып калдыңыз. Арты кайрылуу болсун!

– Апамды сагынганда жоолугун жыттап, көйнөгүнүн этегин өөп буркурап ыйлап алам (ыйлап). Кийимдерине аяр мамиле кылам. Апамдын сокур ичегиси жарылып кетип жөн жерден жоготуп алдык. Атам 1 жылдан кийин кете берди. Небересинин каза болгону аларды ал-күчтөн тайдырып койду.

Көр турмуш менен алышып ата-энеге маани бербей калабыз. Ошондуктан ата-энеңер тирүү кезинде байланышып телефон чалып, көңүлүн алып тургула. Мен барганга убакыт тапчу эмесмин. Алар октябрдан мартка чейин колубузга келишчү. Кайненемдер да келишчү.

Айылга барганда дарбазадан чыгып узатып калган карааны эле канча. Сагынганда кыйкырып ыйлап алам, түшүмө кирет. 1 жыл эч жакка чыккым келген жок. Айылга барганда эшиктин туткаларын “апам кармады эле” деп кечке кармап турам. Арман өтө чоң. Жок дегенде 2 жыл жашап берсе... Көзү ачык киши болчу. “Мени канжалатып сойдурбай эле кой, кантип сөөктү айылга жүктөп барасың?” деп таң аткыча тесме тартып отурду. Намазды кыйналып окуп жатты. Баары бир операция болду. 2 күндөн кийин кетип калды.

Апам байкуш 18 бала төрөдү. Аркы дүйнөгө кетип жатканда жанында башын жөлөгөн бирөөбүз болгон жокпуз. Ошончо баладан бирөөбүз жанында болбой калганыбызга өкүнөм. Жок дегенде акыркы сөзүн уксак эмне (ыйлап)?..

– Сабыр кылыңыз. Маегибизди жакшы нотада, жакшы жаңылыктарыңыз менен жыйынтыктайлы.

– Биз турган Ак-Өргөө, Ак-Ордо конуштарында жаш үй-бүлөлөр көп. Алар балдарын музыкалык мектепте окуткусу келет. Ал конушка 30 жыл болгону менен, тийиштүү шарттар жок. Мектепте 40-50дөн бала окуйт. Бала бакча, парк жок. Таланттардын чыгышына салым кошолу деп үйүбүзгө эле менчик музыкалык мектеп ачтык. Улуу балам фортепиано, үйлөмө аспаптардан, кичүү балам комуз, кыл кыяк, виолончель, Ишен агайыңар комуздан сабак берет. Мен, келиним вокалдан сабак беребиз.

– Ишиңиздерде ийгилик болсун! Маегиңизге рахмат!

Динара Абдыкадырова



 Кыстарылган видео 
“Элдин назарынан өткөн сыйлык барбы? “
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Aijamal_95
2021-02-08 15:14:56
Сонун маек болуптур эже коп жашан
0
sabyr86
2021-02-08 20:48:15
Эмгектери бааланбай келген ырчыларбыз коп,наамдарды сатып жиберишип баркы жок.Жаштар наамды баалабай кайтарып беребиз деп журушот.Супер инфо ушул достор тобунун ар бир мучосу менен маек кургулачы сураныч коптон бери кутуп журом.
0
sabyr86
2021-02-08 20:49:05
Гулбубу Ороскул кызынын кыздарынан дагы маек алгылачы
0
Bakbai
2021-02-10 10:10:52
Наамы бар жаштардын бироо да тен келе албайт эжеге
0
KG_CH
2021-02-14 21:40:07
Унунузго, талантынызга таазим
0
№ 948, 4-10-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан