Президент Садыр Жапаров кызматка расмий киришери менен өкмөт алмашты. Министрлер кабинетин Улукбек Марипов жетектегени жатат. Жаңы өкмөт мурдагы өкмөттөн эмнеси менен айырмаланат?
УЛУКБЕК МАРИПОВ: “САЯСИЙ АМБИЦИЯМ ЖОК”
Премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов 1979-жылы Ош облусунун Ноокат районунда туулган. Парламенттин мурдагы депутаты, белгилүү дарыгер Асамидин Мариповдун уулу. Улукбек Марипов 2011-2016-жылдары президенттин жардамчысы, Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеген. 2016-жылдан бери Эсептөө палатасын жетектеп турган. Өкмөттү жетектөө планы тууралуу Марипов өзү “саясий амбициям жок, алдыга коюлган тапшырмаларды так аткарууга, экономикалык маселелерди чечүүгө бүт күчүмдү жумшайм” деп билдирди.
ӨКМӨТТҮК ОРГАНДАР КЫСКАРДЫ
Жаңы өкмөттүн негизги өзгөчөлүгү – өкмөттүк түзүмдүн жана вице-премьерлердин санынын кыскарышы болууда. Буга чейин өкмөт курамында 22 мекеме болсо, алардын айрымдары башка министрликтердин курамына кошулду. Мурда 3 вице-премьер болсо, мындан ары 1 вице-премьер калат.
Буга чейинки Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги мындан ары Саламаттыкты сактоо министрлиги менен бирге болот. Мамлекеттик бажы, Салык кызматтары Каржы министрлигине кошулушу мүмкүн экени айтылды. Мындан тышкары Транспорт министрлигине, Айыл чарба министрлигине бир катар агенттик, департаменттер кошулууда. Ошондой эле Коргоо министрлиги, Энергетика министрлиги кайра түзүлдү. Өкмөттүн жаңы түзүмү жана курамы төмөндөгүдөй болот:
Премьер-министр – Улукбек Марипов;
Биринчи вице-премьер-министр – Артём Новиков;
Өкмөттүк аппараттын жетекчиси, министр – Жеңиш Асанкулов;
Экономика жана финансы министри, вице-премьер-министр – Улукбек Карымшаков;
Тышкы иштер министри – Руслан Казакбаев;
Коргоо министри – Таалайбек Өмүралиев;
Айыл, суу чарба жана аймактык өнүктүрүү министри – Аскар Жаныбеков;
Энергетика жана өнөр жай министри – Кубанычбек Турдубаев;
Ички иштер министри – Улан Ниязбеков;
Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри – Гүлмира Абдралиева;
Өзгөчө кырдаалдар министри – Бообек Ажикеев;
Юстиция министри – Асел Чынбаева;
Маданият, маалымат жана спорт министри – Кайрат Иманалиев;
Билим берүү жана илим министри – Алмазбек Бейшеналиев;
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри – Алымкадыр Бейшеналиев;
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы – Камчыбек Ташиев.
“ТЕЗ АРАДА ЖЫЙЫНТЫК КӨРСӨТӨБҮЗ”
Коомчулукта өкмөттүн жаңы түзүмүн “эскилер” деп сындагандар болууда. Мисалы, энергетика жана өнөр жай министрлигине талапкер Кубанычбек Турдубаев “убагында аталган министрликти жетектеп турганда тармакты сазга батырган” деп сындалууда. Айта кетсек, Турдубаев 2014-2015-жылдары энергетика жана өнөр жай министри болуп турган. Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министрлигин жетектөөгө да адис эмес кадр баратат деген пикирлер айтылды. Улукбек Марипов өкмөт мүчөлөрүнүн менеджерлик сапатына басым жасалып жатканын, кыска убакытта жыйынтык көрсөтүшөрүн айтты.
– Өкмөттүк түзүмдөгү өзгөрүүлөр ири реформалардын башаты болот. Оптимизациянын натыйжасында бир эле энергетика тармагынан 2 миллиард сом үнөмдөө болуп жатат. Алдыда энергетикалык кризистин алдын алуу, коронавирус илдетинин 3-толкунуна даярдануу сыяктуу олуттуу маселелер турат. Элдин жашоосун сезилерлик жеңилдетебиз,- деди өкмөт башчылыкка талапкер.
Гезит басууга кетерде жаңы өкмөттү бекитүү маселеси Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралып жаткан.
Жумабай Акимов