Кезинде «Махабат аллеясы», «Сүйдүм сени», «Менин дүйнөм» аттуу ырлары менен таанылган ырчы Жаным Айзат эсиңизде чыгар. Сахнадан алыстап, учурда Германияда иштеп, жашап жаткан ал эмне үчүн ырчылыкты таштаганын, азыркы жашоосу тууралуу айтып берди.
– Айзат, саламатсызбы? Сизди сахнадан көрбөй калганыбызга көп болду. Учурда эмне менен алексиз?
– Саламатсыздарбы? Сахнадан алыстап, ырдабай калганыма 7-8 жыл болуптур. Буга чет өлкөдө окуп, иштеп жатканым себеп. Буга чейинки берген маегимде Германияда программист адистиги боюнча билим алып жатканымды айткам. Учурда билим алууну улантып, ушул кесибим менен иштеп жатам.– Көптөн бери сиз менен баарлаша элекпиз. Жаңылыктарыңызды четинен бөлүшө кетсеңиз.
– КМТУнун Кыргыз-Герман информатика факультетин бүтүрүп, окуумду Германиядан уланттым. 8 жылдан бери ушул мамлекетте жашап жатам. Учурда Дюссельдорф шаарында турам. "Fashion Digital Gmbh & Co.KG" компаниясынын IT бөлүмүндө иштейм.
Алгач Цвиккау шаарында жашап, ал жактагы университетте окудум. Бирок ал шаар жакпай, окуумду башка жактан аяктадым. Окуп жүргөндө башка студенттердей эле фирмаларда иштедим. Германиядагы фирмалар студенттерге атайын жумуш бөлүп беришет. Мен эки фирмадан практика өтүп, алардын биринде иштеп калгам. Мындан тышкары ар түрдүү IT долбоорлорго катышкам. Алардын бири аркылуу белгилүү “Peek und Cloppenburg” эл аралык интернет дүкөнүндө иштеп жатканыма 3 жыл болду.
– Программисттик кесиптин кандай түйшүгү бар? Кандай кыйынчылыктар, сыноолор болду?
– Германияга жаңы келгенде ырчылык менен дагы алектенчүмүн. Студенттерден түзүлгөн топ бар эле. Биз ошол жактан көбүнчө рок жанрындагы ырларды ырдачубуз. Чыгармачылыкка убакыт бөлүп, орус, англис тилдеринде ырдап жүрдүм. Эки жакка тең жетишкенге аракет кылдым. Бирок "ийгиликке жетүү үчүн кайсы бир нерседен баш тартууга туура келет" дегендей, программисттик кесипти тандап, ырчылыкты таштадым. Кыргызстанда жашап жүргөндө экөөнө тең жетишчүмүн. Анткени үй-бүлөм колдоо көрсөтүп турчу. Бул жакта билим алууга, иштегенге көбүрөөк убакыт кеткендиктен, бир кесипти мыкты өздөштүрүүнү туура көрдүм.
Бул жакка келгенде сыноолор да болду. Башында бөтөн жерге, бөлөк элге көнүп кетүү кыйын болду. Себеби эки өлкөнүн билим берүү жаатында асман менен жердей айырмасы болгондуктан окуу методикасына көнүү кыйын эле. Башында англис тилинде окуп, сүйлөчүмүн. Азыр немис тилинде эркин сүйлөп калдым. Бул жакта студенттер көп убактысын билим алууга бөлүшүп, китепканадан чыгышпайт. Эгер ооруп сабакка катышпай калсак, өтүлгөн лекциялардын электрондук версиясын социалдык тармактагы группага жүктөп коюшат. Мугалимдин артынан “зачёт коюп бериңиз” деп чуркамай таптакыр жок. Окуу көбүнчө онлайн өтүлөт. Студенттер экзамен учурунда күнү-түнү окуп даярданышат. Убактыларын пайдасыз нерселерге коротпойт, изденип, бир нерсеге жетишкенге аракет кылышат. Анан дагы Германиянын окуу жайларында коррупция деген түшүнүк жок. Ошон үчүн студенттер өз күчү менен окуп, сапаттуу билим алышат. Бизде мугалимдер текшерип, баарын көзөмөлдөп, студенттерди түрткүлөп турушат. Ушул сыяктуу бир топ айырмачылыктарды байкадым. Бул жактын элинин мүнөзү абдан катуу, адамгерчиликтүү эмес десем болот. Кээде бул жакты армияга окшоштурам.
– Иштеген жериңизде да тартип катуу болсо керек? Сыр болбосо, жумушуңуз тууралуу кененирээк айтып берсеңиз.
– Бул жакта жүргөнүмө 8 жыл болсо да толук көнүп, немистердей болуп калдым деп айта албайм. Себеби кыргыз менен немистин менталитети ар башка. Өз улутумдун менталитетин толук алмаштыра алган жокмун. Бирок бул жактын эрежелерине баш ийип, көнүп жашаганга аракет кылам.
Жумушум тууралуу айтсам, мисалы, Кыргызстанда кесиптештер достошуп, жолугушуп турушат го. Бул жакта андай эмес. Кесиптештер бири-бирине салкын мамиле кылышат.
Учурда мен иштеп жаткан фирманын Польшада, Австрияда мырзалар, айымдар жана балдар үчүн 5 онлайн дүкөнү бар. Ошолордун онлайн дүкөнүнүн сайттарын жасайм. Күнүнө 8 саат иштейм. Ооруп калсам өзүмдү кыйнап жумушка барбайм. Жетекчи үйдө калганга уруксат берет. Себеби “ооруңду башкаларга жугузасың, 3 күн үйдө бол” деген эрежелер бар. Ооруп жумушта иштей албайсың. Ал эми бизде мындай учурларда жетекчилик “ордуңа башканы алам” деп баштайт. Менин эмгек өргүүм 6 жума. Качан эс алууга чыгарымды өзүм чечем. Эгер 8 сааттан көп иштеп калсам, ошол ашыкча иштеген саатымды жазып коём. Эртеси эрте кетип же ашыкча иштеген сааттарды чогултуп, 8 саат болгондо бир күн жумушка барбай эс алсам болот.
– Сыр болбосо, маянаңыз канча?
– Маянам өзүмдүн керектөөмө жетиштүү. Буюрса, Кыргызстандан үй алайын деп чогултуп жатам. Германияга жаңы келгендеги апамды Европага алып келип, көп жерлерди көргөзүп, эс алдырайын деген кыялым 2019-жылы орундалды. Апама эки жума Европанын эң жакшы 6 шаарын көрсөттүм.
– Бош убактыңызды кандай өткөрөсүз?
– Кыргыз жарандарынын “Kyrgyz club-Germany” деген бирикмеси бар. Атайын майрамдарда иш-чараларды уюштурушуп, кыргыз жарандарын чогултуп турушат. Курбу кыздарым менен жолукканы барам. Көбүнчө спорт менен алектенем. Германияда спортту аябай баалашат, сүйүшөт. Спорт менен алектенбеген адамды жолуктуруу кыйын. Ал эми ырчылык хоббим болуп калды.
– Мекенге кайтуу, үй-бүлө куруу планыңыз болсо керек?
– Албетте. Турмушка чыгып, үй-бүлө курууну көп ойлоном. Биз көптөгөн пландарды түзөбүз. Бирок ошолордун баары орундалабы, бир Кудай билет. Азырынча карьерама көбүрөөк убакыт бөлүшүм керек. Анткени Кыргызстанга барганда IT компания ачуу тилегим бар.
– Кыялыңыздагы мырза тууралуу айта кетсеңиз...
– Ак көңүл, кең пейил, адамгерчиликтүү мырзаларды баалайм. Мурда өң-келбетине көбүрөөк маани берчүмүн. Азыр адамдык сапаттарына көбүрөөк көңүл бурам.
– Тилегиңизге жетиңиз. Маегиңизге рахмат!
Гүлдана Мамадали кызы