Репортаж
Ылдамдык... Жөн гана ылдамдык эмес, чоң ылдамдыкта машина айдоону сүйүүчүлөр тууралуу уксаңыз керек. Адатта, саатына 50-70 чакырым ылдамдыкта айдоо нормалдуу болсо, булар саатына 170-180 чакырымды басып өтүп “кайф” алышат. Башкача айтканда, булар үчүн ылдамдык – адреналин. Бүгүн биз дрэг-рейсинг, стрит-рейсинг, жөнөкөйлөтүп айтканда, көчө жарыш, ылдамдыкты сүйүүчүлөр тууралуу маалымат берүүнү чечтик.
“Drag racing” – англис тилинен которгондо “экиден болуп бир сызыкта чоң ылдамдыкта жарышуу”, ал эми "street racing” – “көчөдө чоң ылдамдыкта жарышуу” дегенди түшүндүрөт.
ЖАРЫШУУ – “НАРКОМАНИЯ”
Каарманыбыз Эмил 8 жылдан бери ылдамдыкты сүйүүчүлөрдүн катарында. Эмил бул кызыгуусунун сырлары менен ой бөлүштү: “Жок дегенде эки жумада бир жолу шаар четине чыгып, машинанын моторун ысытып, чоң ылдамдыкта айдап адреналин албасам, тумчугуп кетем. Бул өзүнчө “наркомания”.
Эмил сыяктуу жаш “шумахерлер” көп эле.
Көпчүлүк учурда стрит-рейсинг жашыруун өткөрүлөт. Себеби чоң ылдамдыкта айдоо жол эрежелерин бузууга алып келет. Андыктан алар МАИ кызматкерлерине көрүнбөй мелдеш өткөрүүгө ашыгышат. Ошондуктан алар шаардын чет жагындагы асфальт жолдордо түнкү саат 12ден кийин чогулушат.
ЫРАХАТ БААРЫНАН ЖОГОРУБУ?
Эгер МАИ кызматкерлеринин келе жатканын угуп калышса, дароо из жашырып, таркап кетишет. Анткени алардын өздөрүнүн агенттери бар. “Кайсы жерде жарышпайлы, МАИ кызматкерлери билип, артыбыздан келе калышат. Биз дароо качып жок болобуз. Чынын айтканда, ырахат алуу үчүн кандай гана тоскоолдуктарга туш болбойбуз. Бирок ала турган ырахат ошого татыктуу, баарын жууп кетет”,- дейт Эмил мырза.
Албетте, мындан акчалай пайда таппайсың. Адреналин аласың. Ал эми адреналинди алуу арзанга турбайт. Мындай экстримге кызыккан жаштардын же ата-энеси, же өзүлөрү акчалуу болушат. “Эмне үчүн бул ырахат кымбат турат?” деген суроо туулбай койбойт, албетте.
Эмил: “Мисалы, БМВ үлгүсүндөгү машиналар менен жарышка чыгышса, алар бирдей эле ылдамдыкта жүрүшөт. Алардан алдыга озуп чыгуу үчүн машинаңдын бир жерин сөзсүз өзгөртүү керек болот. Анын кыймылдаткычын алмаштыруу оюңа келет. Муну башка жарышчы да ойлойт, анан ал барып, май моторго тез жетүүчү түтүктөрүн алмаштырат. Кийинкиде моторун жасатат. Мына ушинтип көп суммадагы акча билинбей эле кете берет”,- дейт.
Көчө жарышка кызыккандар техниканы түшүнүп, оңдоону билгендер болушат. Машинаны оңдоп-түзөтүүнү билген адам гана бул иште лидер боло алат. Жарышка чыгарда машинанын жүгү канчалык жеңил болсо, ошончолук ылдам жүрөт. Ошондуктан рулдагы эле отургучту калтырып, калган отургучтарды алып салган учурлар да бар. Кээде алар өз ара “ай, дааратканага барып жеңилдеп алдыңбы, ал да салмак...” деп тамашалашып калышат.
КАЙСЫ ЖЕРЛЕРДЕ УЮШТУРУЛАТ?
Эмил: “Бизде профессионалдык деңгээлде дрэг-рейсинг уюштура турган жер жок. Каражат болсо, Новопокровка, Байтик тараптагы жолду түзөтүп жасаса болчудай. Шарт боюнча, узундугу 700 метрлик даңгыр жол болуш керек. Анын 402 метри жарышка, калганы тормоз басып токтотууга керек. Жолдун эки тарабы бетон менен тосулушу зарыл. Анан ылдамдыкты эсептеген телеметрия да болушу шарт. Орто Азия боюнча талапка ылайык келген мындай жер казак туугандардын Алматы шаарында гана бар. Биз ал жакка барып жарышып турабыз”,- деген маалыматын берди.
ЫЛДАМДЫККА ЖАРАША АДРЕНАЛИН
“Багындырган эң чоң ылдамдыгың канча эле?” деп каарманыбыздан сураганыбызда, саатына 180 чакырым жүргөнүн айтты. Канчалык ылдамдык чоң болгон сайын, ошончолук адреналин күчөй турганын белгиледи. Муну ар бир ылдамдык сүйүүчү айгинелесе керек.
Бул кооптуу кызыгуунун залалы каарманыбыздын жашоосуна тийбей койгон эмес. Кайсы бир жарыштан кайтып келе жатканда автокырсыкка кабылган. Эмилдин машинасы 50 жолу чимирилип, аман калган. Ал окуяны бетиндеги тырыгы эске салып турат. Апасы дайыма “уулум, токтотсоңчу ушунуңду” деп өтүнүп келсе да: “Коркпоңуз, мен машинамды отургучунан баштап сактоочу курларга чейин коопсуз кылып жасаткам. Тынчсызданбаңыз”,- деп сооротуп коёт. Энесинин жүрөгү ооруп, уулу үчүн тынчсызданганын жакшы билет, бирок “бул менин жашоо образым да, мындай кызыгуудан кантип баш тартам?” дейт. Учурда анын 4 темир тулпары бар. Бири атайын жарыш үчүн, экинчиси шаар ичинде жүргөнгө, калганын мергенчиликке чыкканда колдонорун айтат.
“БАЙТИКТИН ЭЛИ ТАШ МЕНЕН КУБАЛАШАТ”
– Ылдамдыкты сүйгөндөр машинаны туура айдоону билүүлөрү керек. Каны кайнап турган жаш балдар көп. Көп учурда ошолор кырсыкка кабылышат. Бир жолу мен тааныган балдар Байтиктеги бир баланы уруп кетип, ал майып болуп, майыптардын арабасына отуруп калган. Ошондон болсо керек, Байтиктин тургундары азыр бизди таш менен уруп кубалашат. Негизи, ошол окуя баарыбызга сабак болуп калды. Эл бар жерде мынчалык катуу айдоонун такыр кереги жогун айтам. Тажрыйбам көп, андыктан үйрөнчүктөргө кеп-кеңешимди айтууга даярмын.
“ЖҮЗҮБҮЗДҮ КӨРСӨТКҮБҮЗ КЕЛБЕЙТ”
“Аптанын бул күндөрү эски аэропортко кеткен жолдордо же Новопокровкада жарыш болуп турат” деген маалыматты угуп, баарын өз көзүбүз менен көрүүнү максат кылып, түн ичинде ошол тарапка жол алдык. Ал күнү өлкөбүздө шайлоо өткөндүктөн, түндө жолдо коопсуздук кызматкерлери көп болду. Бизге жеткен маалымат боюнча, автожарыштар шайлоого карата токтотулуптур. Бирок Новопокровка тараптан кайтып келе жаткан жолдон бир нече машина токтоп, сырт жагында балдар сүйлөшүп турушканын көрдүк. Аларга кайрылып, жарышуу кайсы жерде болорун сурасак, ичинен бирөө “бүгүн болбойт” деген жообун узатты. Бизге көчө жарышка кызыккандар керек экенин, гезиттен келгенибизди айтканыбызда алар: “Жок, биз гезитке чыгууну каалабайбыз. Жүзүбүздү МАИ кызматкерлерине көргөзсөк, эртең ашыкча маселе жаралат. Анын кимге кереги бар?”- дешти. “Сүрөткө тартпайбыз, келгиле, сүйлөшөлү” десек да, “биз гонщик эмеспиз, МАИ кызматында штаттан тышкары иштейбиз” деп коюшту. Интервью берүүгө каршы болуп, өз айткандарынан кайтпай туруп алышкандыктан, кетүүгө туура келди.
СӨЗ СОҢУНДА
Аэропортко бара жаткан жолдун жээктерине тургузулган эстеликтерге көзүбүз түштү. Байкасак, баары жаш жигиттердин эстеликтери. Анан “сыягы, катуу ылдамдыкта кырсыкка кабылып каза тапкандар го” деген ой жаралды. Муну карап жүрөгүң ооруйт.
Бул кызыгуу канчалык, өздөрү айткандай, “кайф”, адреналин тартууласа да, ошончолук кооптуу экенин жаштарыбыз унутушпаса. Ал үчүн жакындары тынчсызданышат. Кээде жогоруда сөз болгондой эле, күнөөсүз бирөө кырсыкка кабылышы мүмкүн. Ошончолук ырахат тартуулап турса да, от менен ойноп жатканыңарды унутпасаңар деп сөзүбүздү бүтүргүбүз келет.
Бактыгүл Сокушова
koom@super.kg