Муз үстүндө бийлеген кыргыз кызы КАРИНА

Орто-Токой суу сактагычына тоңгон муз үстүндө чимириле бийлеп, өз өнөрүн тартуулаган кыздын видеосун баарыбыз эле көрсөк керек. Бул интернет колдонуучуларынын купулуна толуп, бийчи кызга көптөгөн жылуу пикирлерди жазышкан. Бул жолку маектешибиз муз үстүндө бийлөө боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери жана 9 жашынан тарта көркөм муз тебүүнүн сырларын үйрөнүп келе жаткан Карина Ураимова болду.

СПОРТЧУ ТУУРАЛУУ

Аты-жөнү – Карина Ураимова

Туулган жылы – 1994-жыл, 12-май

Туулган жери – Новосибирск шаары, Орусия

Бою – 160 сантиметр

Салмагы – 49 килограмм

Кумири – Юна Ким

Жетишкендиктери – Казакстандын ачык чемпиондугунун коло медалчысы. Кыргызстан биринчилигинин күмүш медалчысы. Орусиянын кубогунда 6-орунду ээлеген.

– Карина, салам! Алгач өзүңүз жөнүндө сөз баштасак...

– Мен учурда муз үстүндө бийлөө боюнча Кыргыз Республикасынын машыктыруучусумун. Бул тармакта иштегениме 8 жылдын жүзү болду. Өзүм Новосибирск шаарында төрөлүп, ошол жакта чоңойгом. Атам кыргыз, апам монгол кызы. Москва дене тарбия университетинин көркөм муз тебүү боюнча адистигин бүтүргөм. Спорт менен алектенгениме жалпы 20 жылдан ашты.

– Бул кооз, анан да түйшүктүү спорттун түрү менен кантип табышып калгансыз?

– Бул спортко кокусунан келип калдым десем болот. Муз үстүндө бийлеген айымды теледен көрүп, ата-энемди кыйнап жатып ийримге жазылгам. Башында көркөм гимнастика менен 5 жыл машыктым. 9 жашта машыгып баштоо муз үстүндө бийлөө үчүн өтө кеч болсо да, көркөм гимнастикадагы ийкемдүүлүгүмө карап кабыл алышкан. Ошентип бир жылдын ичинде 4 жылдан бери машыгып жүргөн балдардын деңгээлине жетишкем. Эң алгачкы эле мелдешимде жеңишке жетип, алтын тагынгам. Бул мен үчүн аябай чоң мотивация болгон. Ата-энем, баарыбыз аябай кубанганбыз.

Башында Новосибирск облустук Муз үстүндө бийлөө федерациясынын атынан чыгып, 2009-2012-жылдары Кыргыз өлкөсүнүн атынан мелдештерге чыктым.

– Алгач машыгып баштаганда бир топ кыйынчылыктар болсо керек?

– Албетте. Орусияда атаандаштык күчтүү. Ошондуктан мен аябай машыгып өзүмдү толугу менен спортко арнап койгом. Башкача айтканда, көңүл ачуу жок, бир гана машыгуу жана окуу болчу. Мындан тышкары ата-энелердин колдоосу дагы абдан маанилүү. Ата-энем менин машыгып, ийгиликке жетишим үчүн акчасын аябастан каржылап, болгон күчүн жумшашты.

– Орто-Токой суу сактагычындагы укмуштуудай видеотасмаңыз интернет колдонуучулардын алкышына арзып, көптөгөн жылуу пикирлер айтылды.

– Суу сактагычтагы видеотасма боюнча мага күтүлбөгөн жерден сунуш келди. PIX travel компаниясы мага тоңгон көлдүн үстүндө дрон аркылуу кооз видео тартууну сунуштаганынан макул болдум. Анткени Кыргызстандын кооз жаратылышын чындап сүйөм. Тоолорубуз, андагы таза аба өзгөчө сонун. Жайы бою курбуларым менен тоого чыгып эс алам. Айрыкча альпинизмди жакшы көрөм.

Ошондой эле тоңгон көлдө муз үстүндө бийлеп көргүм келди. Себеби муз аянтчасында бийлөө менен көлдө кадимки муз үстүндө бийлөөнүн чоң айырмачылыктары бар. Биз Орто-Токойго барган күнү аба ырайы аябай суук болду. Болжол менен -25 градуска жетип, катуу шамал тынымсыз согуп жатты. Бирок ал жакка баруу мага суукка карабай чоң кубаныч тартуулады.

Эл биздин эмгегибизди баалап, видеону көпчүлүк жактыргандыгына чындап сүйүндүм. Инстаграм, Фейсбук колдонуучуларынын жылуу билдирүүлөрүн көп окудум. Бизде спорттун муз үстүндө бийлөө түрүн билгендердин саны көбөйгөндүгү мени өтө кубандырат.

– Муз үстүнө чыкканда кандай сезимдер болот?

– Муз үстүнө чыгып бийлеген учурда өзүмдү толук эркин сезип, бүт көйгөйлөрдү унутам. Коньки тепкенден ырахат алам. Көздөрүм жайнап, маанайым көтөрүлө түшөт.

– Машыктыруучу катары бул тармакта Кыргызстанда абал кандай? Эмнелерди айта аласыз?

– Мен 2012-жылдан тартып “Локомотив” спорт комплексинде иштеп келе жатам. Менин көптөгөн таланттуу жана эмгекчил окуучуларым бар. Биз балдарды үч жаштан кабыл алып баштайбыз. Анткени бул спорт эрте баштоону талап кылат. Бала канчалык эрте конькиге туруп баштаса, ошончолук жакшы болот. Андан сырткары муз тебүүнү үйрөнүүнү каалагандар, муз үстүндө бийлөөнү жакшы көргөн чоңдор үчүн сабактарды өткөрөм. “Локомотивде” муз тебүү аянтчасы декабрь айынан апрелге чейин гана иштегендиктен жайында ролик тебүүгө туура келет. Бул биздин машыгууларыбызды жана ден соолугубузду сактоону бир топ кыйындатат. Кесипкөй спортчулар машыгуу процессинде көп тыныгууга барбашы керек.

Айрыкча карантинден кийин чоңдордун спортко кызыгуусун байкадым. Пандемиядан кийин бардыгы спорт менен жигердүү алектене башташты. Коньки тебүү жана фитнеске кызыккандар көп.

Тилекке каршы, биздин мамлекет муз үстүндө бийлөөгө жетиштүү көңүл бурбайт. Өлкөдө мамлекеттик муз аянтчалары жок. Ал эми муз аянтчасын ижарага алуу үчүн баалар кымбат. Ушул сыяктуу көйгөйдөн улам ата-энелер баласын спорттун бул түрүнө жибере алышпайт.

Ошондой эле Казакстан, Орусиядагы ар кандай мелдештерге, турнирлерге барып турабыз. Спорт комитети акча бөлбөгөндүктөн, бардык чыгымдарды ата-энелер көтөрөт. Менин жаш спортчуларым мелдештерде мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, мекенине медалдарды жана кубокторду утуп келип жатышат.

– Сиздей сулууну жигиттер көз жаздымда калтырбаса керек. Негизи эле кандай мырзалар жагат?

– Мен мырзалардан баалаган сапаттар – боорукердик, кайраттуулук жана тамашакөйлүк. Эркек коомдо өзүн тарбиялуу алып жүрүшү керек деп эсептейм. Андан сырткары өзүн-өзү камсыздай алышы керек.

– Келечекке кандай максаттар бар?

– Токтоп калбастан өлкөбүздө спорттун бул түрүн дагы да болсо өнүктүрүп, өркүндөтсөм дейм. Максатым – даярдап жаткан спортчуларым дүйнөлүк аренага чыгып, Кыргызстандын желегин желбиретсе. Өлкөдө муз үстүндө бийлөө күрөш менен бирдей деңгээлге чыгып өнүгүшүн каалайт элем.

– Максаттарыңыз ишке ашып, аталган спортто кыргыз спортчулары ийгилик жарата берсин! Маегиңизге рахмат!

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Haanykeim
2021-02-08 14:16:13
Баракелде ийгилик ишиңе.
+1
№ 948, 4-10-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан