Кечээ жакында эле мончодон өспүрүм баланы эркек адам зордуктап жаткан видео тарап, кыргыз интернет тармагы уу-дуу болгон. ИИМ бул окуя боюнча ыкчам иликтөө жүргүзүп, акыры окуя Кыргызстандын аймагында эмес, Алтай Республикасында катталган деген маалымат таратты. Видео кыргыз интернет айдыңына тарагандан 2 апта өтпөй редакциябызга 19 жаштагы жигит кайрылып, аны көп жылдан бери 3 эркек зордуктап жүргөнүн айтууга батынганын билдирди. Ал 1 апта мурун милицияга арыз жазган.
“ЖАБЫРЛАНУУЧУНУН АРЫЗЫ КЕЛИП ТҮШТҮ”
Алгач эле окуя мыйзамдын негизинде иликтене баштадыбы деп, Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматына кайрылдык. Алар төмөнкүдөй маалымат беришти:
– 26-январь күнү Чаткал РИИБине 19 жаштагы эркек бала арыз менен кайрылып, 2011-жылдын жай айынан баштап 2012-жылдын кыш айына чейин бир тууган 2 бөлөсү, 2015-жылдын март айынан 2021-жылдын 15-январына чейин башка дагы бир эркек киши күч колдонуп зордуктап келгендигин, аталган жарандарга мыйзам чегинде чара көрүп берүүсүн суранган. Аталган факты Чаткал РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери уланууда.
“4-КЛАССТАН БАШТАП ЗОРДУКТАП БАШТАШКАН”
– Атым Нурлан (каармандын коопсуздугу үчүн аты өзгөртүлдү). 2001-жылы Чаткалда туулгам. Атам да, апам да чаткалдык болушат. Апам 2016-жылы каза болуп калган. Атам биринчи аялы менен Бишкекте жашайт. Окуя тууралуу айтсам, мага бул кордук 4-класста окуп жүргөнүмдө башталган. Ошол учурда (2011-жыл) апам бөлөлөрүмдүн үйүнө жөнөткөн. Мен короодо ойноп жатсам, 1990-жылы туулган бөлөм мени малинанын арасына ээрчитип кирди. Ал жерде ойнойбуз го деп түшүндүм. Бирок ал мага тийишип, шымымды чече баштады. Каршылык көрсөттүм, бирок күчүм жетпей койду. Ошол учурда бөлөм 10-11-класста окучу. Үстүмдөн баса калып өз ишин жасады. Кыйкырсам колу менен оозумду жапты. Эмне кылып жатканын түшүнгөн деле жокмун, ал “бирөөгө айтсаң өлтүрөм, балдарга салып берем” деп коркутту. Мен коркуп, ыйлап, муну эч кимге айтпаш керек экен дедим. Ал эч нерсе болбогондой малинанын арасынан чыгып, үйгө кирип кетти. Мен ооруксунган жеримди жалбырак менен аарчып, артынан чыктым. Ошол күнү түштөн кийин өз үйүмө кеттим. Корккондуктан апама эч нерсе айткан жокмун. Эч кимге айтпастан ичимде сактап жүрө бердим.
“КИЙИНКИ КОРДУКТУ ЭКИНЧИ БӨЛӨМДӨН КӨРДҮМ”
– Жаңы жылда апам кайра эле ошол бөлөлөрүмдүн үйүнө жөнөттү. Ал жерден Жаңы жылды белгиледик. Саат 12ден кийин ошол мени кордогон бөлөм “балдар менен отурам” деп сыртка чыгып кетти. Аркасынан эле 95-жылкы иниси чыкты. Таежем мага төшөк салып берип, жаттым. Бир кезде кичүү бөлөм кирип келип, менин жанымдагы ордуна жатты. Андан соң “менин жаныма келип жат” деди. Оюмда жаман нерсе жок видео көрөбүз го деп жанына барып жаттым. Телефондон видеолорду көрдүк. Андан соң жамбашымды кармалап, жыныстык мүчөсүн мага тийгизип тийише баштады. Ал дагы “үнүңдү чыгарба” деп коркутту. Ал жумушун бүтүргөндөн кийин “бирөөгө айтсаң өлөсүң, сенин жашооң эми менин колумда” деди. Эртеси үйгө кетип калдым. Бирок бул жолу да эч кимге айта алган жокмун. Ал ортодо эки бөлөм бир ай тыным алып, мени ар жерден зордуктап жүрүштү. Телефон номерлеримди алмаштырсам да таап алышат. Коркутуу жолу менен чакырып мени машинадан зордуктап жүрүштү. Иштерин бүткөндөн кийин үйгө алып келип таштап коюшат. Бирок экөө бир убакта эмес, эки башка маалда зордукташчу. Экөө бир-бирин билишчү эмес. Бир жолу менден шекшип сурашканда танып койдум. Балким, билишкен чыгар.
“ЭРКЕКТЕР БАР ЖЕРДЕ ЖҮРӨ АЛБАЙ КАЛДЫМ”
– 2015-жылы бүттү окшойт деп ойлодум. Мага жолобогула деп экөөнө тең айттым. Алар да макул дегендей кылышты. Бирок улуусу коркутуп кайра эле зордуктап жүрдү. Мен ошондо 8-классты бүтпөй эле шаарга качып кутулдум. Шаардан жаңы жашоо баштайын дегем, бирок менин тагдырым бузулган экен. Окуюн, иштейин десем эркектер бар, алардан качып калдым. Кыскасы, эркектер бар жерде жүрө албай калдым. Айылга келип-кетип эле жүрдүм. 2015-жылы Чаткалдагы кошунабыздын 2000-жылкы баласы сексуалдык ыдык көрсөтө баштады. Ал балага “эмнеге мен, эмне үчүн эркектерге жабышасың?” деген суроо бердим. Ал “видеолордон эркектер менен эркектерди көргөм, менде ушундай каалоо пайда болду” деди. Мен эркектерден корккондуктан кыздар менен көп жүрүп калгам. Эркектерге кошулчу эмесмин. Ошондон улам ал мени сексуалдык ориентациям башка (кумса) деп ойлогон окшойт. Ал дагы эң биринчи мектептин дааратканасынан зордуктап баштаган. Кийин бир жумада 2-3 жолу зордуктаган учурлары болду. Ал дагы мени коркутуп жүрдү. Жашоом бүтүп калгандай сезилди. Өлөйүн деп да аракет кылып көрдүм, бирок карындашымды ойлоп өлө алган жокмун. Акыркы жолу 2021-жылдын 15-январында болгондон кийин булардын үстүнөн арыз жазам деген ишенич пайда болду. Үчөөнүн тең үстүнөн арыз жаздым.
“МЕНИН ТАГДЫРЫМ БУЗУЛДУ”
– Мен азыр атамдын биринчи аялынын кыздарынын, эжелеримдин колундамын. Алар мени колдоп, коргооруна ишенип, баарын ачык айтып чыктым. Колдон келишинче менин таламымды талашып жатышат. Зордуктагандар бүгүнкүгө чейин “эмне себептен арыз жаздың?” деп коркутушууда. Экспертизага Ошко жөнөтүштү. Ал жерден текшерүүнүн жыйынтыгы менин кордук көргөндүгүмдү далилдеди. Арткы тешикте жарылган, айрылып кайра бүткөн издер бар дешти. Менин тагдырым бузулду, буга күнөөлүү бөлөлөрүм болду. Эркектерди көрсөм кыжырым келип, аларды жек көрө баштадым. Эркектердин жанына барсам өзүмдү жоготуп, башкача боло баштагам. Эркектер жок жерде аялдар менен тигүүчү жайда иштеп жүрдүм.
Зордукчулар менен аягына чейин күрөшүп, алар камалган соң чет өлкөгө кетүү кыялым бар. Кудай буюрса, мен дагы жакшы үй-бүлө күтөм. Мага түшүнүктүү жар туш болот деп үмүт кылам. Баарын кайра башынан баштоого даярмын. Бул окуяны жашырып деле койсом болмок, бирок өсүп келе жаткан муунга сабак болсун, бул өңдүү нерселер кайталанбасын деген ойдо айтып чыктым. Азыр заман өтө кооптуу болуп калды.
“АРЫЗЫҢДЫ АЛ ДЕГЕН КОРКУТУУЛАР БОЛУУДА”
Учурда кордук көргөн жигитке колдоо көрсөтүп жаткан эжеси Н.М. буларга токтолду:
– Иним Бишкекте бош эле жүрчү. Окутсак да “эркектер көп экен” деп окубай койгон. Ошондо деле маани бербептирбиз. Кечинде дүкөнгө жалгыз бара албайт. Мен Чаткалда кафе иштетем. Инимди Чаткалга чакыртып алдым. Өзү да бул балдардан өч алуу үчүн келген экен. Кафеде жүргөндө инимди үйгө жумшадым. Бир нерсени ала келчи деп телефон чалсам, көрсө, телефонун менин жаныма унутуп кетиптир. Иним болгондуктан телефонун карадым. Негизи бирөөнүн телефонун кызыгып деле карабайм. Бирок ошондо эмнегедир бир нерсе түрткү болду. Билдирүүлөр жакка кирдим. Мисалы, мен жаман көргөн адамымдын атын башкача жазып сактап коюшум мүмкүн. Ал дагы ошондой кылып сактап коюптур. Так айта албайм. Жаман ат менен жазылыптыр. Ал абонент менен 15-январда жазышкандарын окусам, “кел” деген каттар бар экен. Номерди өзүмдүн телефонумдан тере калсам, мен тааныган адамдын аты чыгып калды. Мен өзүмдү жоготуп, нес болуп калдым. Телефон колумдан түшүп, экраны сынып кетиптир. Көпкө чейин акылыма келе албай турдум. Иним келгенден кийин унчуккан жокмун. Андан кийин оюмду топтоп сурасам, баарын айтып берди. Башында бир эле адамдын кордугун айтып жаткан. Үйгө барганда иним кадимкидей өксүп ыйлады. Жакшылап сурасак 2 бөлөмдөн да кордук көрүп келгенин, баарын ошолор баштаганын айтты.
Эртеси күнү өзү милицияга барып арыз жазып келди. Бул окуядан соң мага да жалаа жабуу болуп жатат. Арызды кайтарып ал деп коркутушууда. “Баланын колунан келбейт эле, мунун аркасында башка адам бар” деп, мени кысымга алышууда.
Окуянын каарманы күнөөлөп жаткан тарап менен байланышып алардын пикирин угууга аракет кылдык. Экинчи тарап телефон аркылуу пикир билдирүүдөн баш тартышты. Окуя боюнча укук коргоо органдары кандай чара көрөрүнө көз кырыбызды салып турмакчыбыз.
Жолдубек Качкынбаев