ТИНА КАНДЕЛАКИ

Шакылдап сүйлөсө тилинен чаң чыккан ажарлуу алпаруучу Тина Канделакини таанысаңыз керек. Өспүрүмдөр аны “Самый умный” (“Эң акылдуу”) деген интеллектуалдык телеберүүдөн таанышса, башкалар Орусиянын Биринчи каналындагы “Две звезды” (“Эки жылдыз”) аттуу шоу-программадан улам билишет. Тинанын карьерасы ийгиликтүү болгону менен, жеке жашоосу тууралуу антип айта албайсың.

ТИНА ТУУРАЛУУ

  • Тина сологой.
  • Денесинин эки жеринде татуировка бар. Бири сол билегинде, экинчиси белинде.
  • 2006-жылы “ТЭФИ” сыйлыгынын «Мыкты ток-шоу алпаруучу» наамын алган.
  • 2006-жылы мода жана стиль тармагындагы белгилүү «Астра» сыйлыгынын «Эң стилдүү телеалпаруучу» наамына татыган.
  • 2006-жылы “Glamour” сыйлыгынын «Форма жана маани» деп аталган атайын сыйлыгына ээ болгон.
  • «Top 10 Sexy» сыйлыгынын «телевидение» категориясынын “Эң сексуалдуу телеалпаруучу айым” сыйлыгынын ээси.
  • 2007-жылы Атасынын кыздары” (“Папины дочки”) сериалында роль жараткан.
  • Жумасына үч жолу фитнеске катышат. Калориялуу тамакты такыр жебейт.

Толук аты-жөнү – Тинатин (Тина) Гивиевна Канделаки.
Туулган жылы – 1975-жыл, 10-ноябрь.
Салмагы – 52 килограмм.
Бою –167 сантиметр.
Туулган жери – Тбилиси шаары, Грузия.
Кесиби – Журналист, телеалпаруучу.
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок, 1 уул, 1 кыздын энеси.
Учурда – СТС телеканалынын "Самый умный" интеллектуалдык телеберүүсүнүн алпаруучусу.

ЖОЛДОШУ МЕНЕН АЖЫРАШТЫ
Тина быйыл 11 жылдан бери бирге түтүн булатып келген жолдошу, жеке ишкер Андрей Кондрахин менен расмий түрдө ажырашты. Албетте, көпчүлүккө себеби кызык.
“Бул убакытта бири-бирибизден тажадык, кызыгуубуз кетти окшойт. Ошондуктан өмүр жолун бирге улантуудан баш тарттык”,- дешет. Экөөнүн ортосунда Мелания аттуу кыз жана Леонтий деген уул бар. Балдар учурда энеси менен.

ЖҮРӨГҮ ДЕГДЕГЕН КЕСИП
Канделаки мектепти бүтүргөндө ата-энеси “келечекте дарыгер болушуң керек” деп Тбилисидеги медициналык институтка тапшыртат. Бул атасынан мурун апасынын каалоосу болчу, себеби ал кесиби боюнча врач эле. Сыягы, кызынын өзү баскан из менен басуусун каалаган көрүнөт. Бул кесипти акыл-эси менен тандаган болсо да, жүрөгү башканы дегдейт. Ал – журналистика эле.

КЕМЧИЛИГИ – ЭНЕ ТИЛИН БИЛБЕГЕНИ
Мектепти жакшы баа менен аяктаган Тина медициналык институтта да жакшы окуй баштайт. Ал алдыңкы студенттердин бири болуп окуган. Ооба, окуган, бирок көпкө эмес. Грузиянын “Меореархи” телеканалы телеалпаруучу издеп кастинг жарыялайт. Тина кастингге катышып өтүп кетет. Анын сырткы келбетин, сүйлөө стилин жактырышат. Бирок грузиялык телеканалда иштөө үчүн дагы бир талап бар эле. Ал – грузин тилин билүү. Тинатин орус тилдүү үй-бүлөдө чоңойгондуктанбы, эне тилин жакшы билчү эмес. “Үч айдын ичинде тил үйрөнөм” деп сөз берет. Бул үчүн жоопкерчиликти телеканалдын генералдык продюсери Серго Петадзе алат. Алпаруучулукка кызыгып кетип, окуусун таштап коёт. Кийинчерээк журналистика факультетине тапшырып, окуусун бүтүрөт.

“ЭМИ СЕНИ ЭР АЛБАЙТ”
Убакыттын өтүшү менен ал тез эле Грузияда атактуу телеалпаруучуга айланат. Эл аны ажарлуу, акылдуу жана таланттуу алпаруучу катары тааныйт. Бул Тинага жакканы менен, апасынын көңүлү тынчыбайт. Бир күнү Тина жумуштан келсе, апасы шолоктоп ыйлап жаткан болот. “Эмне болду?” деп сураганында: “Эми сен эл тааныган адамсың. Сендей элдин адамы болгон кыздарга эч бир жигит үйлөнгүсү келбейт. Сен эми эрсиз каласыңбы?!”- деп көз жаш төгөт. Ошондо апасын сооротуп: “Коркпоңуз, мен эрсиз калбайм, тескерисинче, кезекке тизилгендердин саны чексиз болот”,- деп жооп берет.

ЖЕРДЕШИНИН ЖАРДАМЫ МЕНЕН ТААНЫЛГАН
Албетте, мындай чырайлуу бийкечти мырзалар кантип карабай койсун?! Бирок грузин элинин менталитетинде үйдө отуруп тамак жасап, бала баккан аялзатын көпчүлүк мырзалар баалашат. Грузияны багындырган Канделакиге бул жат көрүнүш эле. Ошондуктан ал жерде калуу кызыксыз болот. Анан да карьерасын өстүрүү максатында Москвага бет алат.
Москвада курбу кызы жашачу. Башында ошонун үйүндө жашап, тажрыйбалуу кыз тез эле кесиби менен иш таап кетет. Алгач “М-радио” аттуу радиостанцияда иштейт. Андан соң актёр жана Грузиянын Эл артисти Станислав Садальский менен таанышып, ал жердештик кылып чоң жардамын көрсөтөт. Көптөгөн шоу-программаларды алпарып жүрүп, алардын көрүнүктүүсү СТС каналындагы “Детали” аттуу телеберүү болот. Андан соң 2003-жылы “Самый умный” интеллектуалдык балдар берүүсүн алпара баштайт. Бул берүү Тинаны Орусияда бир жыл ичинде чоң популярдуулукка жеткирет.

АЛГАЧКЫ СҮЙҮҮСҮ
Тина грузин кызы болгону менен, анын түшүнүгү грузин кызындай эмес. Мисалы, чогуу жашоо үчүн сөзсүз нике күбөлүк болушу керек дегенге такыр кошулбайт. Кызы Мелания боюнда болгондо гана Андрей менен мамилесин мыйзамдаштырат. Бул эл-журтка уят болбоо үчүн эмес, Орусиянын жарандыгын алып, сыртка чыгып саякаттоого жеңил болуш үчүн жасалган иш эле. Буга Андрей таарынбайт деле. Себеби Канделаки: “Мен башында Андрюханы сүйчү эмесмин, жакшы көрүү сезими гана болгон. Кош бойлуу болуп калганымды укканда ал көпчүлүк мырзалардай “аборт жасаталы” дебестен, “төрөйсүң” деген. Ким билет, 20 жаш курагымда ал “билгениңди кылып ал!” десе, мен боюмдан алдырып деле таштамакмын. Бирок ошондой катачылык кетиртпегени үчүн миң мертебе ыраазымын. Кызым ага куюп койгондой окшош. Төрөлгөндө Андрейге сүйөрүмдү айткам”,- дейт.

“СУТКАСЫНА ҮЧ СААТ УКТАЙМ”
Учурда ал “бир гана балдарым үчүн жашап келем. Алар үчүн тынбай иштейм, алар үчүн жашайм. Суткасына үч саат уктоо жетиштүү” дейт. Кечинде канчалык кеч жатса да, эртең менен алты жарымда ойгонуп алат. Кеч жатканынын себебин акыл-эс кампасын өстүрүү үчүн китепти көп окуп, интернетте көп отурганы менен түшүндүрөт.
“Мен дүйнөдө эмне болуп жатканынан дайым кабардар болуп турушум керек”,- дейт. Ал баласы үчүн жашайм десе, жакындары “сен карьера үчүн жаныңды бересиң” дешет. Мүмкүн, Канделаки баарынан карьераны алдыга койгону үчүн ажырашкандыр, ким билет? Бирок ал өз ишинен ырахат алуу менен өмүр сүрүп келет.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
selvita
2010-10-18 15:00:40
Суйомгоо современная грузинка Сломала всех тупых стреотипов
0
№ 415, 15-21-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан