Дайыр Исмадияров тасма талаасына бет алды. Эми аны актёр катары да тааный баштайт экенбиз. Ырчы менен ушул жана башка бир топ темада маек курдук.
– Арыбаңыз, Дайыр! Тасмага тартылып жатканыңыз маалым. Ошол тууралуу айтып берсеңиз.
– Бар болгула. Жаңы жылдан кийин актриса, режиссёр Шайыр Касымалиева чалып, “Тик-Токтогу видеолоруңду көрдүм, актёрдук чеберчилигиң жакшы экен, киного тартылып көрбөйсүңбү” деп калды. Сунушуна толкунданып, сүйүнүп макул болдум. Тасмага тартылуу кыялым болчу. Бул үй-бүлөдөгү көйгөйлөрдү чагылдырган кыска метраждуу тасма. Кино тартылып бүттү. Бүткөндөн кийин Шайыр эже “Сени кандай аткарат болду экен деп коркуп жаткам. Сенден мыкты актёр чыгат. Буюрса, толук метраждуу тасмаларга да тартам” деди. Шайыр эженин мактоосун угуп сүйүнүп калдым. Киного тартылган аябай жакты. Актёрлук менен ырчылыкты чогуу алып кетүү ниетим бар.
– Дагы кайсы тармакта өзүңүздү сынап көргүңүз келет?
– Мен бир тармактуу жашай албасам керек, зеригип кетем. Өзүмдү көп тармактан сынагым келет. Кээде “30дан ашып калдың, жашың өтүп калды” деп комментарий жазышат. Кандай ойлонсоң ошондой жашайсың. 100гө чейин жашайм десең, 30 жаш жашоонун башталышы болот. Кыргыздар эрте карып алабыз, ошого түшүнбөйм. Менин келечегим алдыда, 10 гүлүмдүн бир гүлү ачыла элек. Кыялдарым көп.
– Вайн да тартып жүрөсүз?
– Бул аракетим пандемиядан башталган. Адам кайгырса иммунитети түшөт экен. Элге маанай тартуулайын деп вайн тарта баштагам, жакшы кабыл алышты. “Ыйлап отурдум эле, маанайымды көтөрдүңүз” деген комментарийлер жазылды. Буларды көрүп максатыма жеттим деп түшүнүп, улантып кеттим. Азыр “куудул катары концерт койсоң, барам” деп жазгандар бар. Көбүнчө кичинекей баланын маскасын кийип тарткан видеолорум жакшы кабыл алынды.
– Ал балага Куму деген ат коюп алыптырсыз...
– Мындай видеолорумду көрүп эл өзү кичинекей Дайыр, Данчо, Дони деп ат коё башташты. Бир күнү катталуучуларыма ат тандап берүүлөрүн сунуштадым. Анан чогуу Куму деп коюп койдук. Туугандарымдын арасында атым Кумарбек. Эркелетип Куму дешет. Кичинекей кезимде Куму болуп жүрүп, ырдагандан кийин Дайыр болуп кеткем. Мунун себеби мындай. Мен төрөлгөндө апам атама “буга чейин балдарыңдын атын сен койдуң. Бул балага атты мен коёюн” десе, атам макул болуптур. Апам Кумарбек деп ат койсо, атам барып күбөлүккө Дайырбек деп жаздырып келиптир. Апам жини келип “сен Дайыр дей бер, мен Кумарбек дейм. Туугандардын баарын Куму деп айткыла деп үгүттөйм” деген экен. Ошентип кичинекейимде Кумарбек болуп жүрдүм. 1-класска барганда мугалим “Исмадияров Дайырбек” десе унчукпай отура бериптирмин. Азыркы балдар тың, фамилияларын билишет. Мен фамилиямды билчү эмесмин. Атым Дайыр экенин да билбейм. Мугалим бир жолу апама барып “бул балаңыздын акыл-эси жайындабы? Же өзүнүн атын билбейби? Дайыр деп чакырсаң карабайт, эки жакты карап отура берет” дептир.
– Жашоодо эмнеге өкүнөсүз?
– Билесиздер, мен кичинемден эле соода кылам. Учурунда соода тармагында ишимди улантуу же ырчы болуу деген тандоо болгон. Кээде ошондо соодага кетсем, азыр чоң бизнесмен болуп калат белем деп ойлоном. Өкүнөм дебейм, бирок көп ойлоном. Бирок ушуга да шүгүр. Чыгармачылыктан күйөрмандарымды таптым, ийгиликтерге жеттим, көп мамлекеттерди көрдүм, улуу инсандар менен тааныштым. Легендага айланган чыгармачыл адамдар менен бир туугандай жүрүүнүн өзү чоң сыймык.
– Жакында Кудайберген Кутуевдин “Эсиңдеби?” ырын ырдап чыктыңыз...
– Жыл сайын “Ретро дискотека” тартылат эмеспи. Быйыл Аваз Акимов менен Данияр Эрматов Расул Маматкуловдун “Жанарым” жана Кудайберген Кутуевдин “Эсиңдеби?” ырын сунуштап калышты. “Жанарымды” тандап, жаздырып баштагам. Бир маалда эле бирөө (ред.: мурунку аялы Жанараны айтып) эсиме келип кетти. Анан ал ырды жаздырууну токтотуп, “Эсиңдеби?” ырын ырдап калдым.
– Шоу-бизнесте кимге атаандашасыз?
– Көп ырчылар маектеринде “эч кимге атаандашпайм” деп жооп беришет го. Албетте, бири-бирибизге атаандашабыз. Мен азыркы жаштарга атаандашам, “жаңы чыгып жатканда ушинтип тытынчу элем, азыр деле тытынып койсом болбойбу?” деп өзүмө суроо берем. Мага да атаандашышат. Бир жолу Аваз Акимовго “жаңы клип тарттырдым, кандай болуптур, көрүп койчу” десем, “мен сизди көрө албайм” дейт. Бирок бетке айтты, азамат экен. Азыр ал популярдуу. Өткөндө “эми мен сени көрө албай жатам” десем, каткырды.
– Уулуңуз менен байланышып турасызбы?
– Балам башка мамлекетте болгондуктан 1 жылдан бери көрүшө элекмин. Уулум эс тарткандан баштап сүйлөшүп баштайын деп чечим чыгардым. Ал азыр көп нерсени түшүнбөйт да. Ойлосом, 5 жашыма чейинки жашоом эсимде жок. Азыр балам үч жарымда.
– Баары бир балага атанын колдоосу маанилүү да...
– Кыргызстанда болсо жума сайын алып кетип ойнотмокмун. Башка мамлекетте болгондуктан бара албай жатам. Телефон чала берсем, көнүп калып сагынабы деп да ойлойм. Бирок туулган күндөрүндө, майрамдарда белектерди жиберип турам.
– Уулуңуз бактылуу балалыкта чоңойсун. Маегиңизге рахмат!КЫСКА ЖООПТОР:
– Сизге жакпаган комментарий?
– “Жашың деле келип калды, токтолсоң боло!”
– Жаккан комментарий?
– “Дайырды көрсөм маанайым көтөрүлөт”.
– Өзүңүзгө жаккан сапатыңыз?
– Пунктуалдуулук.
– Эң чоң кыялыңыз?
– Алдыма 1 миллиард доллар түшүп калса деп кыялдана берем.
– Таң калтырган нерсе.
– Адамдагы эки жүздүүлүк.
– Бир тойдо эң көп канча акча алгансыз?
– Кыстырмаларды кошкондо 4 миң доллар.
– Эң кымбат кийим, аксессуар?
– Белекке келген 1800 доллар турган “Louis Vuitton” брендинин куру.
Перизат Музуратбекова