САДЫР ЖАПАРОВ КАНДАЙ ПРЕЗИДЕНТ БОЛОТ?

2021-жылдын 28-январында Садыр Жапаров президент катары ант берип, кызматына киришти. Оор учурда өлкөнүн 6 жылдык тагдырын колго алды. Буга чейин Садыр мырзадан көп жолу маек алып, ал тууралуу кеңири жазганбыз. Бул жолу астрология, нумерология илимдери Кыргыздын жаңы президенти, анын адамдык жана лидерлик сапаттары тууралуу эмне дей турганына кызыгып көрдүк.

ЖААЧЫЛАР КАНДАЙ АДАМДАР?

Жаңы президент Жаачы жылдыз белгисинин алдында туулган. Илимге таянсак, Жаачылар Арстандар сыяктуу эле бийликти жакшы көрүшөт. Бир нерсе же бирөө үчүн күрөшүү Жаачылардын стихиясы. Садыр Жапаров соңку 10 жылда оор сыноолорго туш болуп, сынып калбай, адилеттик үчүн аягына чейин күрөшкөнү муну далилдеп тургансыйт. Жаачылардын дайыма так максаты жана стратегиясы бар. Пландарында адатта “А”, “Б”, “В” жана башка варианттары болот. Ошондуктан алар кандай шарт, кырдаалда калбасын анын жетекчилигиндеги иште сезилерлик жыйынтыктар болот. Жапаров кызматка киришүү аземинде "бул жолу элдин үмүтү уурдалбайт" деп убада берди. Жаачылар дайыма чынчылдыкка умтулушат.

Бул жылдыз белгисиндегилер өздөрү жокто чарбаны мыкты алып кете турган тың айымдарга баш кошууну самашат. Мыкты ата. Кызганчаак, ошол эле учурда чырдан алыс жүрүүнү самаган жандар. Башкарууну сүйгөн, орой сапаттары да бар.

Тоготпостук кылып көбүнчө ден соолугуна зыян келтирип алышат. Жаачылардын ооруга жакын органдары деп боору, өпкөсү, кол-буттары, ичегиси, бели эсептелет. Майда жаракат менен кырсыктарга жакын болушат. Бирок организми тез калыпка келүүсү менен таң калтырат.

Жаачы белгисинин астында туулган белгилүү дүйнөлүк саясатчы жана лидерлер: император Нерон, Аугусто Пиночет, Александр Суворов, Уинстон Черчилль, Иосиф Сталин, Леонид Брежнев, Александр Солженицын.

ЖААЧЫЛАР 6-ДЕКАБРДА ТУУЛСА...

Интеллекти бийик, өзүн жана башкаларды өстүрүүгө кызыкдар, адамзаттагы баалуулуктарды жогору баалаган адамдар. Күчтүү жана терең эмоциянын ээлери, жашоодо ички туюмга таянып иш кылышат. Чынчыл, адилеттүү, бирөөгө көз каранды болууну сүйбөгөн, жаны жай таппай күйүп-бышып жүргөн, ишмер, прогрессивдүү болушат.

Мыкты баарлашуучу, айланасындагыларга чын жүрөктөн мамиле жасашат. Тубаса ишендире билүү касиетине ээ, адамдарды өзүнө тарта алышат. Жашоого оптимисттик көз караш менен карашат. Садыр Жапаровду абактан алып чыгып, такка отургузууга анын көпчүлүктүн ишеничине киргени бир себеп болду. Ант берүү аземинде президент "жаңы Кыргызстан — тарыхына сыймыктанган, бүгүнкү жашоо-турмушуна канааттанган, ал эми келечегине оптимизм менен караган эркин жарандардын өлкөсү болуп калууга тийиш" деп белгилеп өттү. Активдүү келип, ар дайым өз көз карашын сакташат. Өздөрүнүн долбоорлоруна күйүп-бышып, бүт күчүн жумшап иштешет. Ар бир иштен максималдуу пайда өндүрүп калууга аракет кылышат. Экономикалык жагдайды алдын ала көрө билишет. Кандай компания же жамаат болбосун алардын келечегин жана потенциалын аныктай алат.

6-декабрда туулгандар чыгармачыл адамдар эмес, алар башкаруучулар, уюштуруучулар. Калыптанган нерселерди өзгөртө алышат. Кайра курууга эмне керек болсо аны көрө билүү касиети жогору.

Достуктагы жана сүйүүдөгү калпты сезе билишет. Абал оорлоп кеткиче күтпөй, көп жылдык жакшы мамилесине карабай алардан кол үзүүгө эрктери жетет. Бул маселеде таш боордук сапаты бар. Учурда Садыр Жапаровдун командасындагы негизги жан жөкөрлөрү анын саясаттагы жакын адамдары.

НУМЕРОЛОГИЯ БОЮНЧА САНЫ – 6

6 санын эсептеп чыгаруу: 06.12.1968=0+6+1+2+1+9+6+8=33.
33=3+3=6

Туулгандагы нумерологиялык коду 6 саны болгондордун жашоо принциби – айткан сөзгө, берген убадага туруктуулук. Алар оңой менен убада беришпейт, эгер убада берсе ага жоопкерчиликтүү мамиле кылышат жана кандай кыйынчылык болсо да сөзүнө турушат. Абийири алардын жүрүм-турумун, кылык-жоругун өмүр бою жетектейт. Алардын арасында табияттан берилген медицина, саясат, окутуучулукка болгон шыкты колдонуп, ошол тармакта билим алып, иштегендер көп. Аталган тармактардын кайсынысында болбосун алар так, абийирдүү иштешет, ушунусу менен көп нерсеге жетишишет.

АНТ БЕРГЕН КҮН – 28-ЯНВАРЬ КАДИМКИ ДАТА ЭМЕС
Бишкекте, 28-январда Жапаровдун инаугурациясы өттү. Бул бейшемби күнгө туш келди. Астрологдордун айтымына караганда, бейшемби – жаңы иштерди баштоого, маанилүү чечимдерди кабыл алууга эң ылайыктуу күн болчу. 28-январь күнүнүн символу – ийгилик, ички дүйнөнүн байлыгы. 28-январга Юпитер менен Венера планетасынын таасири чоң болду. Юпитер – астрологияда бактылуу планета катары эсептелет. 28-январда Ай Арстан топ жылдызында турган. Арстан болсо – падыша.

Ошентип Садыр Жапаровдун колдоочу планетасы Юпитер болсо, ал планета 28-январга чоң таасир этти дешет астрологдор. Садыр Жапаровдун туулган күнү – 6-декабрга Венеранын таасири бар деп жогоруда айттык. Демек, инаугурацияны өткөрүүгө абдан ийгиликтүү күн тандалган. Негизи Венера планетасы Садыр Жапаровдун камактан чыгып, президент болуп калуусуна колдоо көрсөттү.

28-январга Меркурий планетасы жана башка жылдыздардын тоскоолдуктары да бар. Эмне кылыш керек эле?

Бул күнү келечекке план түзүү керек. Бирок планды ишке ашырууга шашууга болбойт. Меркурий планетасынын таасири тоскоол болот. Пландарды февралдын аягына чейин ишке ашыруу сунушталбайт. Бирок аларды даярдоо сунушталат. Меркурий соода, документ, почта, унаа, сапар, иш сапары, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү артка тартат, тоскоолдук жаратат.

28-январь Айдын толгон мезгили болду. Бул жакынкы 2 аптада саясатта, каржы маселесинде болгон кемчиликтерди жана чыр-чатактарды ачыкка чыгарат. Жаратылыш, жер, каржылык, кыймылсыз мүлк жаатындагы алдоолор, афераларды жаап-жашырууга болбой калат. Аны ошол бойдон ачык калтырууга да болбойт. Андыктан жөнөкөй эмес туура чечим кабыл алып, туңгуюктан чыгуу керек. Иштөөнүн эски ыкмаларын жаңыга алмаштыруу керек.

Астролог Жанар Кадыралиев:
“АКЫЛДУУ ДУШМАНДАН ЭМЕС, АКМАК ДОСТОН КОРКУШУ КЕРЕК”

-Садыр Жапаров эгерде “акылдуу душмандан эмес, акмак достон корк” деген принципти карманса, президенттик мөөнөтүнүн аягына чейин мыкты иштейт. Венера планетасынын да таасири болгондуктан ак көңүлдүгү, боорукерлиги бар. Бирок ал бийликке өз кызыкчылыгы үчүн келген, ою таза эмес тарапташтары, кеңешчилери, досторунун айтканынан чыга албай калса, туура эмес чечимдерди чыгарып, катачылык кетирип алуусу ыктымал. Алар ачык көрүнбөгөн тоскоолдуктарды жаратып, алдыга жылууга коркунуч жаратат. Андыктан тегерегиндегилерди “чыпкадан” өткөрүүсү кажет. Каржы жаатында абайлабаса маселе жаралып, бийлигине көлөкө түшүрүп алышы мүмкүн.

Канымжан Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 948, 4-10-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан