Бири-бирин түшүнүп, бири-бирине 2 мүнөттөн ашык таарынбаган жубайлар болот экен. Вайнер Эмил Токтошев менен жубайы “биз таарынышпайбыз, бири-бирибизди кызганбайбыз” дешет. Биринен-бири ашып тамашакөй жубайлар кызыктуу маек курушту.
– Кандайсыздар? Эмил, алгач жубайыңызды тааныштыра кетсеңиз.
Эмил: – Жубайымдын аты-жөнү – Багдагүл Турсунбек кызы, Алайда туулуп, Ош шаарында чоңойгон. 1990-жылкы. Азыр 6 кафе иштетип жатабыз, жакында жетинчиси ачылат. Кафелерибиздин ишин жүргүзүп жаткан ушул киши.
– Жакшы. Экөөңүздөр кайдан таанышкансыздар?
Багдагүл: – Экөөбүз университетте окуп жүргөндө таанышканбыз. Мен биринчи курска барганда Эмил экинчи курста окучу. Ары-бери өткөндө тийише берчү. Башында аябай жаман көрчүмүн.
Эмил: – Мырк болчу деп кой (күлүп).
Багдагүл: – Аябай шок бала экен дечүмүн.
Эмил: – Ооба, тийише берчүмүн. Багдагүл мага бир көргөндө эле жаккан. Экөөбүз башында дос болуп жүрдүк. Ошондо 3000 сом карызга сурап, аны кийин бербей койгом. Бул “атамдан алдым, кайра качан бересиң?” десе, “2-3 күндө берем” деген бойдон “уктатып” кеткем. Анткени акчам жок болуп калган.
Багдагүл: – Башында дос болуп жүрүп, ишеничиме кирип алган да. Бербей койду. Дагы деле бере элек.– Кыз-жигит кезиңиздерди эстеп бериңиздерчи.
Багдагүл: – “Тамашоуго” дайыма чакырчу.
Эмил: – “Тамашоу” бекер болчу да. Көбүнчө жөө басчубуз. Ал да бекер да. Негизгиси, келинчегим материалдык байлыкка же таанымал болгонума карап турмушка чыккан эмес.
Багдагүл: – Ал кезде таанымал эмес элең го.
Эмил: – Студенттерге таанымал болчумун да.
– Кандай белектерди берчү эле?
Багдагүл: – Мамалак, гүл, күмүш билериктерди берчү. Шоколад алып берчү эмес. Кыздар шоколад жакшы көрөрүн билбейт эле (күлүп).
– Сиз белек берчү белеңиз?
Багдагүл: – Белек бергенминби, эстечи (бир аз ойлонушуп)? Бербептирмин.
– Баш кошкондон кийин деле белектер берилип жатабы?
Эмил: – Өткөндө туулган күнүңдө бердим го.
Багдагүл: – Туулган күндө берилиши керек да. Туулган күндөрдө гана куттуктап гүл, кымбат баалуу саат, алтын белек кылат, болду.
– Баш кошкон күнүңүздөр эсиңиздердеби?
Эмил: – Биз 4 жыл кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүп, 2013-жылы 19-октябрда баш коштук. Андан бери 7 жыл өтүптүр. Азыр 2 баланын ата-энесибиз.
– Азыр үйлөнүү сунушун өзгөчө киргизип калышпадыбы. Сиздерде кандай болгон?
Багдагүл: – Эмил романтик эмес.
Эмил: – Ооба, романтик эмесмин. Кээде романтика тартуулап койгон туурадыр, бирок ашыкча романтик болуунун кажети жок деп ойлойм. Ага кетирген акчаны керектүү нерсеге жумшаш керек. Миң роза алып беришет го. Анын эмне кереги бар? Ал акчага кызга керектүү буюм алып берип койгон оң.
– Бул оюңузга Багдагүл кошулабы?
Багдагүл: – 12 жылдан бери Эмил менен жүрүп көнүп калдым да. Анын бардык ойлоруна кошулам. Эмил крокодил учат десе, демек, учат (күлүп).
– Кээде романтик болуп коём дейт Эмил. Эмне кылат?
Багдагүл: – Балдарыма кымбат баалуу оюнчуктарды, буюмдарды алып келсе мен үчүн ошол романтика. Балдарың кубанса сен кошо кубанат экенсиң. Эмил көп романтик эмес, бирок аябай баласаак.
– Кандай ата-энесиздер?
Эмил: – 6 жана 4 жаштагы 2 балабыз бар. Мен көбүнчө эркелетем. Футбол ойногула деп футболго алып барам. Экөө тең аябай шок. Уруша берип эмне кыларыбызды билбей калдык. Катуу урушсак коркок болуп калат деп карманабыз. Бирок мен урушпайм. Ал ишти апасы кылат.
Багдагүл: – Кичине кой дебесе да болбойт. Бирок көп эркелетебиз. Биз көбүнчө жумушта болгондуктан балдарыбыз кечке чейин бала бакчада, андан кийин чоң ата-чоң энесиникинде же таене-таятасыныкында болушат. Бизди сагынып калышат.
Көп тыйбаганга аракет кылабыз. Тандоо укугун берип, өздөрү каалаган кийимдерди, оюнчуктарды алып беребиз. Өз оюн эркин айтып чоңойгон балдар болсун деп көп тыйбайбыз.
– Эмил кандай күйөө?
Багдагүл: – Майдачыл эмес, көп киришип, сүйлөнө бербейт. Көп учурда "эч нерсе болбойт" деп коёт. Бири-бирибизди түшүнөбүз. Ал бир жумушту аткара албай калса же кеч келсе, мен эч нерсе дебейм. Мен кээде жумуштан кеч келип тамагым убагында бышпай калат же үйүм жыйналбай калат. Эмил түшүнөт.
– Ушул эле суроо Эмилге болсун.
Эмил: – Багдагүл сонун жубай. Түндө кеч келсем да уктабай күтүп отурат. Балдарды жакшы карайт. Тамакты жакшы жасайт. Ишке тың. 2-3 эркек киши араң кылган чоң иштерди бүтүрүп жүрөт.
– Эмил үйдөгү жумуштарды жасайбы? Мисалы, мык кага алабы?
Багдагүл: – Мурда андай жумуштарды кыла алчу эмес. Кафе иштетип баштагандан бери андай жумуштар да колунан келип калды. Ар нерсе бузула берет, оңдоого туура келип, үйрөндү.
– Казан-аяк кээде кагышат да?
Багдагүл: – Мурда үйдө көп деле чогуу болбой, урушчу эмеспиз. 2 жылдан бери жумушубуз да, кызматкерлерибиз да көбөйдү. Жумуштун айынан кээде пикир келишпестиктер болот. Мен унчукпай жеңем.
– Жиниңер келгенде эмне кыласыңар?
Багдагүл: – Эмил эшиктерди катуу жаап чыгып кетип, 2 мүнөттөн кийин эч нерсе болбогондой кайра келе берет.
Эмил: – Мунун жини келип жатса, көңүл бурбай телефон чукулап отуруп алам. Ашканага кирип алып сүйлөнө берет. Бир маалда өзү токтойт.
– Кызганыч болуп турабы?
Эмил: – Кызганыч? Эмне ал? Чындыгында, бири-бирибизди түшүнөбүз. Келинчегим кайда жүрөт билем да. Жумушта жүрөт да, башка кайда жүрмөк эле?
Багдагүл: – Мен да кызганбайм. Ушунчалык ишенич бар окшойт. Кээде кызгандырайын деп бир нерселерди айтат. Мен “койчу, сени менден башка эч ким карабайт” деп тамашалайм.
– Багдагүлдө элди күлдүрө алган өнөр бар окшойт. Чогуу вайн тартууну ойлогон эмес белеңер?
Багдагүл: – Мен Эмилге караганда көп иштейм, Инстаграмга, видео тартууга убактым болбойт. Бирөөбүз эле артист болсок жетет.
Эмил: – Аялдары менен тарткан мага жакпайт, келинчегиме да жакпайт.
Багдагүл: – Бошобойт десең.
Эмил: – Бошобойт. Вайн эле эмес, тойлорго чогуу барбайбыз. Келинчегим да каалабайт, мага да жакпайт. Себеби ал жакка досторумдун аялдары да барат. Сүйлөшүп отуруп “мага жолдошум баланча алып берди” дейт. Же кандайдыр бир ушактар айтылат. Ошондон уруш чыгышы мүмкүн.
Багдагүл: – Үйдөн, жумуштан бошоп эки жакка чыга албайм. Тойго барып 6-7 саат убакытты кетиргенге караганда иштеп алган жакшы да. Иш болуп жатканда иштеш керек.
– Жолдошуңуз Дөөпараз деп таанылып калбадыбы. Муну кандай кабыл алдыңыз эле?
Багдагүл: – Биз ал атка көнүп калдык. Тасманы көргөм. Эмил жеткире аткарган. Ошондуктан бул образ аны менен калып калды. Балдарыма да “Дөөпараздын баласы” дешет. Алар капа болушпайт. Тескерисинче, “мени бала бакчадан Дөөпараздын баласы деди” деп сүйүнүп айтып келишет.
– Бактыңыздар түгөнбөсүн.
Перизат Музуратбекова