Шуба кийип жүрүүнү жактырасызбы? Канча шубаңыз бар? Же кундуз тебетейди кыялданып жүрөсүзбү? Териси баалуу жаныбар – кундуздар тууралуу көп кызыктар бар. Окусаңыз кымбат аң тери кийиминен баш тартышыңыз да мүмкүн.
АГЫП КЕТПЕСИН ДЕП...
Дарыя, өзөндөрдө жашаган кундуздар суунун үстүндө чалкасынан калкып укташат, эс алышат. Алар балдарын же түгөйүн суунун агымы агызып кетпесин деп, колдорун кармашып алып укташат. Мындан тышкары балыр, суу өсүмдүктөрүн дагы якорь катары колдонушат. БООРУ АЧЫЙТ БЕКЕН ДЕП...
Кундуздун ургаачылары балдарын аябай бапестеп багышат. Эгерде өзүнө жырткыч же адам тарабынан коркунуч жаралып калса, боору ооруйт бекен деген үмүттө колундагы баласын көрсөтөт. Бирок кымбат баалуу аң-тери кийимин тигүүчүлөр буга карабай өлтүрө беришет.
АЙБАН БОЛСО ДА АТА-ЭНЕ
Кундуздар тандаган түгөйү менен өлгүчө чогуу өмүр сүрүшөт. Чоңойгон балдарын ийинден кууп салышпай, өз алдынча кетишкенче күтүшөт. Эгер балдары ийинден башка жакка ооп кетип, бирок кайтып келишсе, ата-энеси кайра кабыл ала беришет.
ТАШТЫ КУРАЛ КЫЛЫШАТ
Алар сууда 100 метр тереңдикке чейин сүзүп, 6 мүнөттөн ашык суу алдында жүрө алышат. Кундуздар эң мыкты суучулдар. Деңиз кирписи, деңиз таракчасы (гребешки), мидия сыяктуу моллюск түрлөрүн суудан таап чыгышат. Терген олжолорун суунун үстүнө алып чыгып, сууга чалкасынан калкып жатып алып жешет. Ал эми ракушкаларды көкүрөгүнө коюп алып таш менен чапкылап ичин ачышат.
АЯБАЙ КӨП ТАМАК ЖЕШЕТ
Тапкан олжосу чоң балык же башка суу жаныбары болуп калса гана жээкке сүйрөп чыгат. Ал эми майда-чүйдө тамактарын суунун үстүндө жей берет. Убактысынын баарын тамактанууга короткон жаныбар. Анткени алар сууда калкып, сүзүп жүрүү үчүн денесинин температурасын бир калыпта жылуу сактап жүрүүлөрү керек.
Гүлжан Асанкожоева