БИШКЕККЕ 4 СААТКА МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ

Бишкекке убактылуу мөөнөткө жетекчи дайындоо иши адаттан тыш окуя менен коштолду. 8-февралда мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кызматтан кетип, ордуна өкмөт башчынын буйругу менен Эрмек Нургазиев дайындалды. 9-февраль күнү Нургазиев жамаатка тааныштырылып, ишин баштады. Бул кызматка президент Садыр Жапаровдун тегерегиндеги адамдардын колдоосу менен келгенин жашырган жок. Жарандык коом Нургазиевдин мэр болушуна каршылык билдирип, интернеттеги социалдык түйүндөрдө анын чуулгандуу окуялары тууралуу маалыматтар жайнап чыкты. “Мэр болууга татыктуу эмес” деген сындар жаады. Коомчулуктагы маанайдан уламбы, Эрмек Нургазиев ишке киришкенден 4 сааттан кийин кайра кызматтан бошотулду. Бул шаардын тарыхында эң кыска мөөнөткө иштеген жетекчи болуп калды.

– Албетте, таза, жаш, идеялуу кадрлар көп. Маектеше келсең жүзү жарык, иштемчил көрүнөт. Мурда-кийин бийликте иштебеген, коррупциялык иштерге аралашпаган деп тандаган кадрлардын артында да хулигандык, мүлк талаш иштери бар экен. Ошондуктан шаардын мэрлигине коюуга мүмкүн эмес,- деп жазды президент Садыр Жапаров өзүнүн жеке баракчасына.

Көп өтпөй өкмөт башчынын буйругу менен Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп Бактыбек Кудайбергенов дайындалды. Кудайбергенов буга чейин Ысык-Ата районунун акими, Чүй облусунун жетекчиси болуп иштеген.

10-февралда жаңы дайындалган шаар башчынын иштешин каалабаган ондогон адамдар мэриянын алдына митингге чыгышты. Алар кызматка татыктуу деп башка адамдын ысымын аташты.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 949, 11-17-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан