МУФТИЙ МАКСАТБЕК ТОКТОМУШЕВ КЫЗМАТТАН КЕТТИ

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жетекчиси – муфтий Максатбек Токтомушев 10-февралда кызматтан кетти. Мындай чечим муфтияттагы чуулгандуу окуядан кийин кабыл алынды. Токтомушев аталган мекемени 2014-жылдан бери жетектеп келген.

Айта кетсек, буга чейин "муфтияттын башкы эсепчиси УКМКнын кызматкерине пара берүүгө шектелип кармалды" деген маалымат жарыяланган. Муфтияттын маалымат кызматы бул окуя боюнча соттун чечиминен кийин комментарий берилерин билдирди.

Тарыхты карасак, Кыргызстандын муфтийлери көпчүлүк учурда чуулгандуу окуялардан кийин алмашат.

Конституциянын жаңы долбоору парламентке жетти

Келерки аптада Жогорку Кеңеште Конституциянын жаңы долбоору каралат. Бул тууралуу 10-февралда спикер Талант Мамытов билдирди:

– Баш мыйзамдын долбоору Конституциялык кеңешмеден келип түштү. Кийинки аптада бул маселени кароо сунушу айтылды. 17-февралда долбоорду карайбыз.

Бул арада Баш мыйзамдын жаңы долбоору коомдук талкууга илинди. Айрым эксперттер тарабынан "документте президенттин жоопкерчилиги тууралуу жазылбай калган" деген пикирлер айтылып жатат. Айта кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров “президенттик башкарууга кайтуу – бул биринчи кезекте бийликтин жоопкерчилик алышы, эл алдында керт башы менен жооп берүү” деп билдирип келген.

Конституциянын жаңы долбоорундагы өзгөртүүлөргө кийинки сандарда кененирээк токтолобуз.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 949, 11-17-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан