Келерки аптада Жогорку Кеңеште Конституциянын жаңы долбоору каралат. Бул тууралуу 10-февралда спикер Талант Мамытов билдирди:
– Баш мыйзамдын долбоору Конституциялык кеңешмеден келип түштү. Кийинки аптада бул маселени кароо сунушу айтылды. 17-февралда долбоорду карайбыз.
Бул арада Баш мыйзамдын жаңы долбоору коомдук талкууга илинди. Айрым эксперттер тарабынан "документте президенттин жоопкерчилиги тууралуу жазылбай калган" деген пикирлер айтылып жатат. Айта кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров “президенттик башкарууга кайтуу – бул биринчи кезекте бийликтин жоопкерчилик алышы, эл алдында керт башы менен жооп берүү” деп билдирип келген.
Конституциянын жаңы долбоорундагы өзгөртүүлөргө кийинки сандарда кененирээк токтолобуз.
Жумабай Акимов