БИР БҮРКҮМ. АЭРОПОРТТУН ЭКС-ЖЕТЕКЧИСИ КАРМАЛДЫ...

  • “Манас” аэропортунун мурдагы жетекчиси Эмир Чукуев кармалып, 2 айга камакка алынды.
  • Кочкор районунда мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды.
  • Бишкек-Москва багыты боюнча авиакаттамдардын саны көбөйтүлдү, 2 авиакомпаниянын учактары жумасына 6 жолудан учуп турушат.
  • Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
  • Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылы 96,7 миллиард сом салык жана төлөм жыйноону пландоодо.
  • Айжан Садыркулова Эсеп палатасынын жетекчиси болуп дайындалды.
  • 2020-жылы өлкөдө 2700дөн ашык өрт кырсыгы катталган.
  • Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовго коррупция боюнча дагы айып тагылды.
  • “Манас” аэропортунун жетекчиси Бактыбек Сыдыков кызматтан бошотулуп, ордуна парламенттин мурдагы депутаты Бакыт Шаршеев дайындалды.
  • Бишкек шаардык сотунун имаратына 10-февралга караган түнү ууру киргенин милиция маалымдады.
  • Жогорку Сот экс-депутат Карганбек Самаковду 10 жылга эркинен ажыраткан мурдагы инстанциялардын өкүмүн жокко чыгарды.
  • 2020-жылы Жалал-Абад облусунда 28 921 ымыркай төрөлгөнү расмий маалымдалды.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 949, 11-17-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан