Алтын балалык
Балалыкты эстегенде ар кимибиз мыйыгыбыздан бир жылмайып алабыз. Анткени жашоодогу унутулгус окуялардын көпчүлүгү сөзсүз ошол күндөрдө камтылат. Ырчы Замир Арыкбаев да айылды сапырып, боз ала чаң болгон балалык күндөрүн эстеп, бизди күлдүрдү.
“КИЙИМИБИЗ АЙРЫЛГАНЧА ОЙНОЧУБУЗ”
– Мен Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айылында жарык дүйнөгө келгем. Бирок 5 жашка келгенде ошол эле райондогу Ак-Өлөң айылына көчүп келгенбиз. Ата-энем экөө тең мугалим. Беш бир тууганбыз. Мен ортончусумун. 3 эркек, 2 кыз элек. Эң улуу агам кайтыш болуп калды.
Кичинемде оюмду бербеген, ызакор жана тентек бала болчумун. Кышында суукка тоңуп муз тепкен күндөр такыр эстен кетпейт. Жарылган түтүктөн аккан суу талаага жайылып, музга айланчу. Анан байкем экөөбүз күндүн суугуна карабай чана жасап алып муз тебебиз. Муз үстүндө шымыбыздын тизелери айрылып, жарабай калганына карабай көгөрүп ойночубуз. А бут кийим болсо такыр эле түтпөйт. Апам “силерге эч кандай бут кийим чак келбейт экен” деп кирза өтүк алып берет. Анысы деле көпкө чыдабай, таманы түшүп калчу. Балабыз да, ата-энебизден канча уруш угуп, таяк жесек да, балдарды көрүп, алар менен кошо чанабызды сүйрөп жөнөп калар элек. Малга чөп салуу деген сыяктуу иштердин баарын унутуп, ойноп кетчүбүз.
“1-КЛАССТАН АТАМАН БОЛУП...”
– Мектепке барганда эле мени “сен бизге атаман болосуң” деп шайлап коюшту. Эмнеге шайлашканын деле билбейм. Боюм узун болсо керек, ошого шайлашкан го деп коём. Балдар менен кыйратып деле мушташып, согушкан эмесмин. Анан 2-класста бизге башка айылдан директордун баласы келди. Ал келери менен аны “конок” деп сыйладык окшойт, атамандыкты ага берип, мен 2-атаман болуп калдым.
Шоктугумдун айынан татынакай кыздарга тийишип көп уруш жедим. Алтургай ата-энелери үйгө чейин келип, “дагы ушундай кылсаң, милицияга берем” деп коркутуп кетишер эле. Аны угуп тынчып калам да, бир аз убакыт өткөн соң кайра баштайм. Түртүп кетип, чалып жиберип кыздарды жүдөтө берчүмүн. Мектеп учурунда сүйүүбүздү ошентип билдирсек керек. Жаккан кыздын чачын уйпалап, калем сабын тартып алып, буттан чалып дегендей... Ал кыздар ыйласа, жакшы иш кылып койгонсуп жымыңдап калчубуз.
9-классымдан баштап кыз жандап, кыздарга кат жаза баштадым. Бирок бир кызга кат жазсам макул болбой коюп, 11-класска чейин ага ашык болуп жүрдүм. Кийин окууну аяктап шаарга келгенде андан да татынакай кыздарга көзүм чалына баштады... Бирок алардын баары жалган сүйүү экен. Эгер чыныгы сүйүү болсо, азыркыга чейин эстемекмин да...
“КЫЗДАН ТАЯК ЖЕГЕНИМДИ ЭЧ КАЧАН УНУТПАЙМ”
– Жаш кыздар аз келгенсип, улуу кыздарга да көп тийишчүмүн. 11-класста бир толук кыз окучу. Мен 2-класс элем. Досум менен анын артынан түшүп алып, кечке “семиз, семиз” деп тийиштик. Бир маалда эле бурулуп бизди карай чуркады дейсиң. Досум башка жакка качып кетти. Кыз менин артымдан калбай келатат. Байкемдин үйү жакын болчу. Аныкына кире качып, эшиктин илгичин илгенге жетиштим. Кирсем, жеңем балдары менен чай ичип отуруптур. Билмексен болуп, “кандайсыңар, жакшысыңарбы?” деп тыпыйып отуруп алдым. Баягы эжекени аябай ызалантып койсок керек, эшикти жулкулдатып, илгичин үзүп, мени жеңемдин көзүнчө колундагы чоң таягы менен сабап кирсе болобу. Ошондо жеңем, “жаш бала да...” деп арачалап жатып аман алып калган. Болбосо ким билет?.. Ошентип, тентектигимдин азабын көп тарттым.
“АТАМ БИР СҮЙЛӨГӨН КИШИ”
– Үйдө тартип катуу. Анткени атам бир сүйлөгөн адам болгондуктан, бизди да аябай катуу кармачу. Ал эмес, тамак ичип столго отурганда тыптынч болуп, атам чай ичип сыртка чыгып кетсе кыжы-кужу боло түшүп, анан кайра кире калса унчукпай тизилип отуруп калчубуз. Атам ошону көрүп алып: “Атаңдын оозун урайындар, абышкага окшоп чай ичип отура бербей, чыгып мал карагыла!”- деп урушчу. Ошондуктан ар кимибиз өз ишибизди билип, аткарып койчубуз. Атам менен бир нерсени чечиш керек болгондо гана сүйлөшөбүз. А апам, тескерисинче, аябай ачык-айрым, биз менен жакшы сүйлөшөт. Учурда ата-энем айылда, аларга бат-баттан конокко барып турам.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg