Акыркы жылдары шоу-бизнес чөйрөсүндө жаңы ырларды угуп, жаңы жүздөрдү көп көрүп жүрөбүз. Алардын бири – “Жалаң кыздар жана мен” чыгармасы менен шоу-бизнес чөйрөсүнө аралашкан ырчы Нурхан Турганбеков.
Аты-жөнү – Нурхан Турганбеков
Туулган жылы – 1990-жыл, 9-июнь
Туулган жери – Нарын облусу, Кочкор району
Билими – Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин вокал бөлүмүн бүтүргөн
Ырлары – “Жөн эле”, “Сапсары”, “Кытыгылайт жүрөктү”, “Я молодой, ты молодая”, “Жубайыңды ыйлатпа”, “Мен эми сүйбөс болдум” жана башкалар
– Саламатсызбы, Нурхан мырза? Шоу-бизнесте жаңыдан таанылып келе жатасыз. Кепти чыгармачылык жолуңуздагы алгачкы кадамдарыңыздан баштасак.
– Саламатсыздарбы? Шоу-бизнес чөйрөсүнө 2016-жылы аралаша баштадым. Алгач сөзү Кыялбек Урманбетов, обону Съездбек Искеналиевге таандык “Жалаң кыздар жана мен” ырын ырдап чыккам. Ага чейин Орусияда 3 жыл иштеп, ал жактын тузун татып, жашоосун да көрүп келдим. Чыгармачылыкка чоң максаттарды коюп, аны ишке ашырууну эң биринчи планга койдум. Кыргызстанга келгенден кийин Бишкектеги кафелерде 7 жыл музыкант болуп иштедим. Андан кийин ырларды жаздырып, клиптерди тарттырып баштадым. Чыгармачылыкты баштоого үй-бүлөм колдоо көрсөткөн. Апам көп жардам берди.
– Ырчылык бала чактагы кыялыңызбы?
– Мектепте окуп жүргөн кезде эле ырчы болсом деп кыялданчумун. Партага чыга калып, классташтарыма ырдап берчүмүн. Адабият сабагынан ырларды жөн айтпай обон чыгара калып, ырдап айтып берчү элем. Манас да айтчумун. Музыка сабагынан берген мугалимибиз сынактарда, майрамдарда 4-5 таланттуу баланы тандап алып, даярдачу. Алардын арасында элем. Ошондон улам чыгармачылыкка кызыга баштагам.
– Ырларды өзүңүз тандайсызбы?
– Албетте, өзүмө жаккан чыгармаларды тандап аткарам. Дос-тааныштарым идеяларды айтышып, ырларды сунушташат. “Башкаларды ук, бирок чечимди өзүң чыгар” дегендей, өзүмдүн тандоом менен чечим кабыл алам. Негизи, ар бир ырчынын өзгөчөлүгү болот эмеспи. Мен ырларымдын аталышын өзгөчө койгонго аракет кылам. Ырларымдын арасында башка тилден которулгандары бар. Мисалы, “Я молодой” ырым армян тилинен которулган. Аны авторлордун уруксаты менен ырдап чыккам. Музыка тил тандабайт экен. Котормону маңыздуу, жеткире ырдоо – ырахат. Учурда продюсерим жок, өзүм эле иштейм. Буюрса, продюсер менен иштешүүнү пландап жатам.
– Чындыгында, ырларыңыздын аталыштары өзгөчө экен. “Молодой жигиттин” жүрөгүн кытыгылаган бирөө барбы?
– Ачыгын айтсам, жүрөгүмдүн ээсин издеп жүрөм. Студент кезде сүйлөшкөн кыздарым болгон. Ал учурда жакшы көрүп эле жүрчү экенмин. Азыр ойлосом, жигиттер үйлөнөргө жакын өзүнүн адамын издей баштайт тура. Мен ошол адамга жолуга элекмин. 2 жылдан бери издеп жүрөм (күлүп).
– Кандай кыздар кыялыңызда?
– Жөнөкөй кыздар жагат. Айылда чоңойгон баламын. Ошондуктан мендей жөнөкөй болсо деп кыялданам. Анан жылдыздуу, үй-бүлөмдү сыйлаган, чыгармачылыгымды колдогон, жашоодо ысык-суукка чыдап жашап кете турган кызга жолуккум келет.
– Үй-бүлөдө кандай уулсуз?
– Жашоодо адам баласы актёр деп ойлойм. Үйдө башка, көчөдө башка дегендей. Мисалы, улуу агаларга олуттуу мамиле кылганга туура келет. Достор менен тамашакөймүн. Үйдө беш бир туугандын кичүүсүмүн. Эркин жүргөндү жактырам. Өзүмдөгү баалаган сапаттарым – өжөрлүк, намыскөйлүк, сабырдуулук жана тактык.
– Ырчылыктан башка дагы эмне менен алектенесиз?
– Жигит болгондон кийин жашоодо көп кагылып, бышат экенсиң. Бир учурда окуп, жатаканада жашап, иштеп да калдым. Азыр жашоо өз нугунда бара жатат. Ырчылыктан сырткары сүрөт тартканга кызыгам. Окуучулук кезде эле сүрөттү жакшы тартчумун. Мугалимдерим “сүрөт искусство жаатына барышың керек” деп айтып калышчу. Андан тышкары спортко жакынмын. 1-класстан 11-класска чейин күрөш менен алектенгем. Чыгармачылыкты баштаганда спортту таштаганга туура келди.
– “Үйүм дагы, машинам дагы, айлыгым дагы сеники” деп ырдаганыңыздай эле, үйлөнгөндөн кийин ошонун баары жубайыңыздыкы болобу?
– Эң сонун суроо бердиңиз. Ар ким ар кандай ойлойт экен. Чыгармачылыкта да сөз кууйт экен. Бул негизинен жашоодон алынган ыр болчу. Жигиттер кыздар менен сүйлөшүп баштаганда “Айды, Күндү алып берем” дешет эмеспи. “Алганга чейин алтыным, алгандан кийин катыным” деп айтып калышат го, ошондой маанидеги тамаша иретиндеги ыр. Үйлөнгөндөн кийин бардыгы өз орду, чеги менен болот.
– Чыгармачылыкта кабылган сыноолор тууралуу айта кетсеңиз?
– Чыгармачылыктагы кыйынчылыктар жүрөктү өйүтөт экен. Сыноолор көп эле болду. Жаңы ырдап баштаганда концерт башталарда элден биринчи барып, эң аягында кетчүмүн. Концерттин аягында ырдап кеткенимде аябай ызаланчумун. Анан клиптин түйшүгү көп экен. Баарына жалгыз чуркайсың. Актёрлорду дагы өзүм табам. Тарта турган жерлерди издейм. Жалгыз иштеген кыйын экен. Бир клип бүткүчө чарчап кетем. Ушул жылы, буюрса, жакшы продюсер же менеджер менен иштешүү пландарым бар.
– Максаттарыңызга жетиңиз! Маегиңизге рахмат!
Гүлдана Мамадали кызы