– Бул буйрук Кыргыз Республикасынын “Фонограммалар жөнүндөгү” мыйзамын аткарууга жана керектөөчүлөрдүн (көрүүчүлөрдүн, угуучулардын) укуктарын коргоо жана музыкалык искусствону өнүктүрүү максатында, чыгармачылыкка ынтызар болгон аткаруучулардын дараметин өнүктүрүүгө, аларды калың катмарга таанытуу багытын көздөп ишке ашып жатат,- дейт буга чейин Маданият министрлигин жетектеген Нуржигит Кадырбеков.
Мыйзамдын 4-беренесинин 3-пунктуна ылайык, жандуу үн же фонограмма экени билет, афиша, жарнактарда жазылбаса, маданий-массалык иш-чараларда ырчылардын кызмат көрсөтүүсүнө жол берилбейт.