Өзүн бир топ тармактарда сынап келген модель, ырчы, обончу, дизайнер-модельер Лира Seven колун сураган мырзага турмушка чыгууга макулдугун бергенин билдирди. Ырчыга байланышканыбызда буларга токтолду:
– Буга чейин 34 жашымда “Манастын 2-версиясын төрөп бергим келет” деп айткан элем. Оозума сала бергендей эле болот окшойт. Колумду сурап жүргөн жигитке макулдугумду бердим. Аны менен эжем аркылуу таанышкам. Алгачкы бир жыл телефон аркылуу сүйлөшүп жүрдүк. Буюрса, үйлөнүү-үлпөт тоюбузду жай мезгилине пландап жатабыз.
Учурда Москва шаарында IT тармагы боюнча билим алып жатам. Ошондой эле Москвага да ателье ачууну көздөп жүрөм. Бул тармакты өнүктүрүү негизги пландарымдын бири.